Өзбекстанда Олий Мажлиске биринчи жолу этникалык кыргыз депутат болду

Жаныбекова Надира Сүрөттүн автордук укугу Officiale

Ɵзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 22-декабрда Олий Мажлиске шайланган 125 депутаттын тизмесин жарыялады. Алардын ичинде улуттук парламентке биринчи жолу шайланган этникалык кыргыздардын бир өкүлү бар.

Жаныбекова Надира Абдусаломовна Өзбекстандын Сырдарыя областынын Янгиер шайлоо округунан шайланды. Ал 1973-жылы Ташкентте төрөлгөн, 1985-жылы Гулистан мамлекеттик университетинин мамлекет жана укук негиздери адистиги боюнча окуп бүтүргөн. Азыркы учурда ошол эле университетте улук окутуучу, Сырдарыя областындагы кыргыздардын улуттук маданий борборун жетектейт.

Жаныбекова Надира Өзбекстанда Олий Мажлиске шайланган биринчи кыргыз болуп калды. Ага чейин Өзбекстан эгемендик алгандан кийинки доордо бир да кыргыз улуттук парламентке депутат болгон эмес.

"Өзбекстан эгемен болгон 28 жылдын ичинде бир да этникалык кыргыз депутат болуп улуттук парламентке шайланган эмес. Өзбекстанда учурда жарым миллионго жакын этникалык кыргыздар жашайт. Ошондуктан депутаттыкка талапкерлердин тизмесине этникалык кыргыздардын үч өкүлү киргизилген эле",-деди ташкендик журналист Төлөнбай Курбанбаев.

Эски саясат

Ɵзбекстанда жекшембиде болгон парламенттик шайлоодо Ɵзбекстандын либерал-демократиялык партиясы алдыга чыгып, парламенттеги эң ири фракция болгон жатат. Шайлоо жарышына баардыгы беш саясий партиянын талапкерлери катышты, бирок алардын ичинде "Эрк", "Бирлик" сыяктуу эски оппозициялык партиялар болгон жок.

Шайлоодо электораттын активдүүлүгү БШКнын маалыматы боюнча 71% түздү. Шайлоочулар мыйзам чыгаруучу палатага 750 талапкердин ичинен тандап 128 депутат шайлашты.

"Байкоочулардын баамында бул жолку шайлоо мурдакыларга салыштырмалуу акыйкатка, реалдуу турмушка жакын болду. "Улуттук кайра жаралуу" партиясы буга чейин мынчалык орун алган эмес эле. Бул жолу алар экинчи орунга чыкты. Шайлоо толук аяктаганда алар биринчи орунга да чыгып калышы мүмкүн,-дейт ташкендик журналист Төлөнбай Курбанбаев.

Бул Өзбекстанда Мирзиёев президент болгондон кийинки биринчи парламенттик шайлоо. Мирзиёев саясий реформаларды жүргүзүүнү убада берген, бирок бул шайлоого мурункудай эле расмий каттоосу жок деген негизде "Эрк" жана "Бирлик" сыяктуу өлкөдөгү эң эски оппозициялык партиялардын, кийин бийликке атаандаш түзүлгөн саясий бирикмелердин катышуусуна уруксат беришкен жок.

Дал ушул себептүү эксперттер бул шайлоону демократиялык принциптерге ылайык келбейт деп баалап жатышат.

Жаңы эрежелер

Бул шайлоо июнда кабыл алынган жаңы шайлоо кодексинин негизинде өттү. Жаңы кодекс добуш берүү процессинин өзүн ачык-айкын гана кылбастан, БШКнын жана волонтерлордун ишин кыйла жеңилдетти. Мурда шайлоого даярдык көрүлүп жатканда шайлоо комиссиясынын кызматкерлери отуздан ашык документти карап чыгышы керек эле.

Шайлоо кодекси ошондой эле шайлоо комиссияларынын укуктарын кеңейтти, алар эми шайлоо мыйзамдарынын бузулганы жөнүндө арыз-даттанууларды карап, текшерип, үч күндүк мөөнөттө жообун берет. Шайлоого алты күн калганда түшкөн арыздарга шайлоо комиссиялары дароо жооп берүүгө тийиш.

Сүрөттүн автордук укугу GAZETA.UZ

Шайлоого байкоо жүргүзүүгө саясий партиялар менен катар жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү да катыша алат. Ошондой эле түрмөгө кесилген, бирок чоң кылмыш жасабаган адамдар дагы биринчи жолу добуш берүүгө катышты.

Мыйзам боюнча экзитпол өткөрүү болбойт. Ошондуктан шайлоодо жеңишке жеткен партиялар жөнүндө азырынча алдын ала маалымат жок. БШК добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыгын дүйшөмбүдө саат 14.00дө жарыялаган жатат.(КС)

Тектеш темалар