Өзбекстан 2019: Мирзиёев үч жылда бүт дүйнөнү таң калтырды

Шавкат Мирзиёев Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Көп жылдар бою дүйнөдөгү залим режим орногон жабык өлкө катары каралып келген Өзбекстан Мирзиёев бийликке келген үч жыл ичинде көп жагынан жакшы өзгөрүүлөр болгон мамлекет болуп таанылды.

Британияда чыгуучу The Economist апталыгы Өзбекстанды жылдын мамлекети деп атады.

Ислам Каримов өлгөндөн кийин бийликке келген Шавкат Мирзиёев үч жыл ичинде мамлекетти бүт бардык жагынан реформа кылууга киришти.

Кыязы, Өзбекстан өкмөтү бул арада аткарган иштери менен эң оболу Британиядагы The Economist журналын таң калтырган көрүнөт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Кайсы жетишкендиктери менен Өзбекстан дүйнөдөгү эки жүзгө жакын мамлекетти артта калтырды?

Би-Би-Си өзбек кызматынын журналисти Рустам Қобил The Economist журналынын Өзбекстан боюнча кабарчысы Жоанна Лиллис менен маектешти.

"Биз дүйнөдө жакшы жагына эң көп өзгөргөн мамлекеттерди атайбыз. Ошондой жакшы өзгөрүүлөрдү карап келгенде, Өзбекстан жылдын мамлекети деген наамга татыктуу деп табылды. Албетте, Өзбекстанды эч ким эч кынтыксыз деген жок. Кемчиликтер али көп",-деди Жоанна Лиллис.

Британдык эксперттин айтымында, Өзбекстан эң оболу кулчулукту жойду, өлкөнү жаманатты кылып келген көрүнүштөн арылта баштады.

Белгилүү болгондой, ар бир жылы бир миллиондон көп адам пахта талааларына мажбурланып айдалып турганы дүйнөлүк көз карашта заманбап кулчулук катары каралып келген.

Каракалпакстандагы "Жаслык" түрмөсү жабылды. Ислам Каримовдун тушунда ачылган бул абаккана ырайымсыз режими жана кыйноолору менен дүң болгон эле.

Муну менен катар Өзбекстан өзүнүн коңшулары менен бузулуп калган мамилени бүт оңдоп жакшыртып жатат.

Өзбекстандын калкы өзү дагы ушундай пикирлерге кошулабы?

"Кошуна мамлекеттер менен чек ара талаш-тартыштарын чечүүгө аракет жасалып, саясий-экономикалык алакалар жакшыра баштады. Мындан тышкары, акча алмаштыруу машакатсыз болуп калды. Сөз эркиндигинде жакшы өзгөрүштөр бар",-дейт Ташкенттин тургуну Жанузак Халил. (КС)