2020-жылы дүйнөдө күтүлгөн окуялар

Person jumping between 2019 and 2020 years Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

2020-жыл кирип келди. 1-январдан тарта жылдын жаңы барагы ачылып, тарых жазылып баштайт эмеспи. Келе жаткан жылы дүйнөдө кандай окуялар күтүлөт?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

АКШдагы шайлоо

АКШдагы президенттик шайлоодо ким жеңишке жетерин аныктоо абдан татаал. Учурда Республикачыл партиядан президент Трампка каршы импичмент жараяны жүрүп жатат. Ал эми демократтар болсо азырынча өз талапкерин тандай элек.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сенаттын лидери Митч МакКоннел 2020-жылдагы шайлоодо партиясы жеңишке жетет деп үмүттөнүп турат

Президенттик шайлоонун алдында, АКШда 3-ноябрда Сенатка шайлоо болот. Кошмо Штаттарында Сенатты башкаруу абдан маанилүү. Себеби Сенат мыйзамдык өзгөрүүлөр, бюджеттик маселелер сыяктуу манилүү чечимдерди кабыл алат.

Учурда Сенаттагы 100 орундун 53 Республикачылар ээлейт. Өкүлдөр палатасында болсо демократтар көпчүлүктү түзөт. Президенттик шайлоодо Трамп жеңип чыгып, Сенатта партиясы утулуп калса, ал өзүнүн саясатын жүргүзө албай калышы ыктымал.

"Араб жазы" кайтып келеби?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2020-жылы Араб дүйнөсүндө нааразылык акциялар уланабы?

2019-жылы Алжир, Судан, Ирак, Египет жана Ливанда бийликке каршы чоң демонстрациялар болду. Мындан улам айрым талдоочулар жаңы "Араб жазы" күч алып жатканы тууралуу сөз кылышты. "Араб жазы" термини 2011-жылы кабыл алынган. Анда Араб өлкөлөрүндө нааразылык акциялар болуп, бийлик алмашкан.

"2019-жылы нааразылык акциялар Алжир, Судан, Ирак жана Ливан сыяктуу өлкөлөрдө болду. 2011-жылы бул өлкөлөрдө демонстрациялар болгон эмес. Муну нааразылыктын жаңы башталышы десек болот",-деди саясат таанучу Далиа Гханем.

Анда 2020-жылы нааразылык акциялар уланабы деген суроо туулат.

"Өкмөткө каршы демонстрациялар башка дагы мамлекеттерге жайылат деген пикирдемин. 2011-жылга салыштырмалуу, азыркы нааразылык акциялар экономикалык көйгөйлөрдөн улам тутанды. Жумушсуздук, карыздардын жогорулаганы элди көчөгө чыгарды. 2011-жылы нааразылык акциялар намыстан улам чыкса, азыр демонстранттар ачкачылыктан улам көчөгө топтолду",-дейт изилдөөчү Искак Диван.

Башка планетадагы изилдөөлөр

Сүрөттүн автордук укугу European Space Agency
Image caption Cheops космостук телескоп 400-500 планетаны изилдейт

Ааламда көп планеталар бар экени чоң деле жаңылык эмес. 1990-жылдардан бери 4 миң жаңы планета табылган. Бирок 18-декабрда ишин баштайт делген Cheops космостук телескоп үч жылдын ичинде 400-500 планетаны дыкат изилдемекчи. Балким алыскы планетада суу же жандыктар табылат?

Бээжин өзгөчө көңүл бурган Тайвандагы шайлоо

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Цай Инвэнь Тайвандагы шайлоодо жеңишке жетери күтүлүүдө

Гонконгдогу бир нече айга созулган шайлоодон кийин, Кытай региондо туруктуулукту сактоону көздөп турат. Бирок Тайвандагы шайлоо Бээжиндин кыжырына тийиши ыктымал.

Кытай Тайванды өзүнүн бир бөлүгү катары санайт. 11-январда өтчү президенттик шайлоодо көз карандысыздыкты колдогон Цай Инвэнь кайрадан жеңишке жетет деп күтүлүүдө. Бул Кытайга дагы бир сокку болот.

Африка арстандай арылдаганда

Сүрөттүн автордук укугу Andrew Renneisen

2019-жылы май айында дүйнөдөгү эң чоң эркин соода келишими күчүнө кирди. Африка Континентинин эркин соода аймагына 54 мамлекет кирет.

Бул келишим 2020-жылы жемишин бере баштайт деген жоромолдор бар. Айталы, Африка мамлекеттери ортосундагы соода 20 пайызга жогорулап, ал эми Азия мамлекеттери менен соода 59 пайызга, Европа региону менен соода 69 пайызга өсмөкчү.

Эркин соода келишими бажы төлөмдөрдү кыскартат же толугу менен жок кылат, товар жүгүртүүдө жеңилдиктер болот.

Чыныгы эркин соода бүт салыктарды, соода тармагындагы тоскоолдуктарды жок кылат. Ошондой эле импортко болгон квоталар дагы жоюлат. Мындай абалда атаандаштык күчөп, товарлардын баасы төмөндөйт жана сапаты жогорулайт деп айтылууда.

Токиодогу Олимпиада оюндары

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 11 жаштагы британиялык скейтбордчу Скай Браун

Олимпиада оюндарында жаш спортчулар жаңылыктардын баш сабына чыккан учурлар көп катталган. 1936-жылы америкалык суучул Маржори Гестриң Берлин оюндарында 13 жашында эле алтын медаль тагынган. 11 жаштагы британиялык Скай Браун рекордду жаңыртууну көздөп турат. Ал Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды жана скейтборд боюнча Дүйнөлүк чемпионатта коло медаль алды.

Токиодогу Олимпиада оюндары 24-июлдан 9-августка чейин болот. Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы дүйнөлүк чемпион наамын алды, ал дагы оюндарда алтын медаль алууну көздөп турат.

Климат жана "Грета таасири"

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2020-жылы климатка көңүл буралы

Климаттын өзгөрүүсү Жер планетасынын бардык аймактарына таасир этүүдө. 2019-жылы климат маселесине байланыштуу жүрүштөр Лондон шаарынан баштап, Лагос, Майами жана Мексика сыяктуу ири шаарларда болду.

2019-жылы климат маселесине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бургандардын алдыңкы сабында 16 жаштагы швейциялык окуучу Грета Тунберг турду. Гретанын чакырыгын жактап миллиондогон кишилер нааразылык акцияларга катышты.

Грета саякаттоону жактыргандарга учак эмес, темир жолдорун пайдаланууга чакырып келет. Жаш активист климатты ойлоп, учакка отуруунун ордуна Нью-Йорк шаарына кеме менен барып, Бириккен Улуттар Уюмунда сөз сүйлөгөн.

Албетте, учак менен саякатто тез жана ыңгайлуу болгондуктан, элдин баары учактан баш тартат деп айтуу болбойт. Бирок талдоочулар 2020-жылы "Slow Travel" же "Шашпай саякаттоо" ыкмасы (темир жол, кеме) кеңири колдонулат деп жоромолдошууда.

5 миллиард киши интернет колдонобу?

Сүрөттүн автордук укугу Universal History Archive

Интернет колдонуучулардын саны жылдан-жылга өсүп жатат. 2020-жылы интернет колдонуучулардын саны 5 миллионго жетет деп жоромолдонууда. 2019-жылы интернет колдонуучулардын саны 367 миллионго өстү. Дүйнө калкынын 57 пайызында интернет байланышы бар.

Тектеш темалар