Украин учагын Иран атканын мойнуна алды

People stand near the wreckage after a Ukrainian plane carrying 176 passengers crashed near Imam Khomeini airport in Tehran on January 8, 2020 Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Учак кырсыгында 176 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрүнүн баары каза тапты

Ирандын аскер жетекчилери "Украина эл аралык аба жолдорунун" учагын атып түшүргөнүн мойнуна алды. Алардын айтымында, учак аскердик операция аймагына жакын болгон үчүн аны душмандын объекти катары көрүп, капысынан атып алган.

Бул билдирүү 11-январда мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу жасалды.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына "катастрофа адамдын жаңылыштыгынан улам болду, кырсык АКШ авантюризминен улам жаралган кризис учурунда" орун алды деп жазды.

Иран президенти Хасан Роухани "Боинг" учагынын кыйрашы боюнча күнөөлүүлөр жазага тартылат деп билдирди. "Мындай ката кайра кайталанбаш үчүн абадан коргонуу комплекстери кайра текшерилиши керек" деди Роухани.

Буга чейин Канаданын премьер-министри Трюдо Иран ката кетирип, абадан коргонуу системасы "Украина эл аралык аба жолдорунун" учагын атып түшүрдү деген эле. Бул пикирге Батыш мамлекеттеринин бир нече лидери кошулган.

Канаданын жана Британиянын лидерлери учак кырсыгынын себептерин дыкат иликтөөгө чакырды. Кырсыктан учак бортундагы 176 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрүнүн баары каза тапты.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Канаданын премьер-министри Трюдо Иран адашып, абадан коргонуу системасы "Украина эл аралык аба жолдорунун" учагын атып түшүрдү деген пикирин айтты

Тегеран буга чейин учакты абадан коргонуу системасы атып түшүрдү деген маалыматты четке кагып келген эле.

Жакында эле Ирандын жарандык авиация агенттиги баштапкы докладын жарыялап, кырсыкка кабылган учак аэропортко кайтып конууга аракет кылганын билдирген.

"Аэропорттон учуп чыкканда Батышты көздөй көтөрүлгөн учак маселе жаралганда артка кайтуу үчүн оң тарапка бурулган жана кырсыкка кабылганга чейин аба майданды көздөй кайткан",-деген эле агенттиктин жетекчиси Али Абедзаде ирандык Тасним агенттигине берген маегинде.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Украин учагы Иран АКШнын Ирактагы эки аскердик базасын ракеталык аткылоого алгандан бир нече сааттан кийин кырсыкка кабылган. АКШнын медиа агенттиктери кырсыктын ракеталык чабуулга дал келгенин эске алып, Иран ката кетирип, учакты атып түшүрүп алды деген жоромолдорду айтышкан.

Кырсык болгон жерден учактын кара кутусу табылды. Ирандын жарандык авиация уюмунун жетекчиси Али Абедзаде Тегеран муну Boeing компаниясына же америкалык тарапка бербей турганын айткан. Бирок Ирандын тышкы иштер министри Boeing компаниясы тергөө иштерине катышат деп маалымдады. Авиация боюнча эрежелерге ылайык, Иран тергөө иштеринин башында турууга укуктуу, бирок учакты өндүргөн компания дагы катышат.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги учактагы жүргүнчүлөрдүн арасында жети өлкөнүн жарандары болгонун маалымдады. Алардын 82си ирандыктар, 63 канадалык жана 11 украин жараны, он жүргүнчү Швециядан, төртөө Ооганстан жараны жана үч киши Британия менен Германиядан.

Кырсыкка кабылган Boeing 737-800 NG учагы 2016-жылдын 21-июнунда биринчи жолу абага көтөрүлгөн. 186 жүргүнчүгө ылайыкталган учак Тегеранга такай учуп турган. Дүйнө жүзү боюнча авиакомпанияларда Boeing 737-800 үлгүсүндөгү учактар өтө көп санда колдонулат. Мындай үлгүдөгү учактар эксплуатацияга берилгенден бери ушуну менен онунчу ирет кырсыкка кабылды дейт адистер. (AT)

Тектеш темалар