Австралиядагы өрт: Жаан деп жалынган эл

Алтынбек Усенов: Жакын арада мен дагы Австралияны кыдыртайын деп ата-энемди күтүп жаттым эле. Эми кандай болот деп башым катып турат Сүрөттүн автордук укугу WILLIAM WEST
Image caption Алтынбек Усенов: Жакын арада мен дагы Австралияны кыдыртайын деп ата-энемди күтүп жаттым эле. Эми кандай болот деп башым катып турат

Австралия өз тарыхындагы эң чоң өрттү башынан кечирүүдө. Тилсиз жоо кеминде 20 кишинин өмүрүн алып, миллиардга жакын жан-жаныбарды жок кылганы айтылууда. Декабрдан бери карай эле 1400 чамалуу турак-жай күлгө айланган.

Так ушул өрт тутанган тушта өкмөт башчы Скотт Моррисон эмгек өргүүсүнө чыгып, Гаваиге кетти деген кабар элди кыжырдантты. Качан гана адамдар өрттөн курман боло баштаганда премьер-министр келип, элден кечирим сурады деген сындар айтылды.

Сүрөттүн автордук укугу Pool
Image caption Австарлиянын өкмөт башчысы Скотт Моррисон эмгек өргүүсүнөн чукул кайтып келүүгө аргасыз болду

Би-Би-Си Австралиянын Мельбурн шаарында бир нече жылдан бери эмгектенип жаткан кыргызстандык Алтынбек Усеновго байланышып, кенен маек курду.

Алтынбек Усенов: Учурда абал бираз жакшыраак деп айтсам болот. Себеби акыркы эки күндөн бери жаан жаап жатат. Бирок нөшөрлөгөн жаан эмес. Виктория штатында аба ырайы кескин өзгөрүп турат. Бүгүн мисалы чөл жактан шамал соксо, температура 40 градуска жетиши мүмкүн. Эртең шамал кайра океандан бери көздөй урса, температура заматта 24 градуска түшүп калат. Соңку эки күндөн бери жакшы. Бирок эксперттердин айтымына караганда, көйгөй толугу менен чечилди деп айтканга болбойт. Фейсбукта, ар кайсы коомдук медиада элдер өзүлөрүнүн кайгыларын бөлүшүп, колдоп жатышат. Баарыңыздарга ыракмат. Тилекке каршы отузга жакын адам каза болду деп уктум. Мен деле сандарды толук тактаган жокмун. Бирок угушума караганда, жарым миллиарддай жаныбар өлдү деп жатышат. Бул курт-кумурска, майда жандыктарды, жарганат, бакаларды эске албаганда да.

Сүрөттүн автордук укугу Fairfax Media
Image caption Алтынбек Усенов: Кечээ түтүн Жаңы Зеландияга да жетти деп жаңылыктардан уктук

Би-Би-Си: Элдин маанайы кандай? Азыркы кырдаалга чейинкиси менен салыштырып айтып берсеңиз.

Алтынбек Усенов: Мен билгенден бул өрт октябрдын ортолорунан бери басылбай жатат. Башында мынчалык чоң эмес эле. Менин оюмча жаңыдан жайыла баштаганда жакшы көңүл бурулбай калды окшойт. Анан шамалдын күчү менен тарап отуруп, ушул абалга келди. Уюлгуган түтүн топтолуп, асманда булуттай жылып, башка бир жерге жеткенде чагылган болуп жерге түшүп жатат. Бул өз кезегинде өрттүн күчөшүнө себеп болууда. Азыр эми элдин маанайы чөгүңкү. Мисалы мен бүгүн жумушка барсам, кесиптештер атайын өнөктүк уюштуруп, акча топтой баштаптыр. Көптөгөн уюмдар фейсбукта баракча ачып, жардам сурап жатышат. Негизи мурда эл тааныса, тааныбаса да жылмайып жүрөр эле. Азыр жүздөрүндө өзгөрүү байкалат. Ичинде баары бир жаман сезим, тынчсыздануу бар экени билинип турат.

Сүрөттүн автордук укугу Brett Hemmings
Image caption Алтынбек Усенов: Кудай жалгап акыркы эки күндөн бери жаан себелеп жатат. Баягы шатыратып жаап, өрттү өчүрүп кетсе кандай керемет болот эле...

Би-Би-Си: Бул өрт эмне себептен дүйнө элинин көңүлун бурду? Негизи ал жактагы токойлордо майда, чоң өрттөр жылда боло келген эмеспи?

Алтынбек Усенов: Менин билишимче, Австралияда жыл сайын эле мындай кичинекей өрттөр болуп турат. Өрт өзгөчө Виктория штатында көп чыгат. Токой көбүрөөк болгону үчүн го дейм. Тарыхты алып карасак, илгертен эле бул жактагы аборигендердин өзүлөрү жашаган жерлерди өрттөп салган салты болгон экен. Бул аркылуу жерди тазалап жатабыз деп ишенишкен. Кээ бир бак-дарактардын уругу ошондой өрткө карабай башка жакка жетип, ошол жерден өнүп чыкканы айтылат. Бул өзүнчө эле экологиялык жараян сыяктуу кабыл алынган окшойт. Мисалы, өрткө туруштук берип, күйүп кетпеген бак-дарактар бар. Көбүнчө эвкалипт дарактары кургайт, анан газ чыгарат деп айтып калышат. Ошондой убакта кишилер токойлорго барып, шишкебек бышырабыз деп кокусунан өрттөп алышы мүмкүн. Чагылган да өрткө себеп болгон учурлар болот.

Сүрөттүн автордук укугу SAEED KHAN
Image caption Австралия өз тарыхындагы эң чоң өрттү башынан кечирүүдө

Би-Би-Си: Ошол өртү өчпөй жаткан токойлорду тынч мезгилде аралап көргөнсүзбү?

Алтынбек Усенов: Сейил бактарга, токойлорго барабыз. Мен жашаган жерден 150-200 чакырым чыксаңыз эле жер-суунун баары токой. Токойлор аябай кооз, бийик-бийик бак-дарактар тимеле кулпуруп турат. Унаа айдап бара жатсаңыз көп жердеги көчө белгилеринде "Абайлагыла жаныбарлар бар" деп жазылып турат. Кенгуруну сүзүп алдым деген кишилерди өзүм деле далай кездештирдим.

Жакын арада мен дагы Австралияны кыдыртайын деп ата-энемди күтүп жаттым эле. Ошондой токойлорду, сонун жерлерди көрсөтсөм дегем. Эми кандай болот деп башым катып турат. Жолдордун көбүн жаап, элдерди ашыкча ары-бери чыкпаганга үндөп жатышат.

Би-Би-Си: Өрт сиз жашаган жерден алысыраак экен. Бирок ошол өрттүн таасири, түтүн, ыш, жыт сиздерге сезилип жатабы?

Алтынбек Усенов: Ооба, учурда биз шаардын аркы бөлүгүндө жашайбыз. Азыр ушул биз турган жерден жакынкы өрттөнүп жаткан токойдун ортосунда балким 350 чакырымга жакын аралык бар. Ошого карабастан азыр мына эшикте турсам, аябай түтүн басып, бууланып турат. Кечээ жаңылыктардан түтүн Жаңы Зеландияга да жетти деп уктук. Аба аябай кир деп, мамлекеттик ишканалар билдирүү таратууда . Сак болгула, колдон келсе беткап кийгиле деп айтышты.

Сүрөттүн автордук укугу Brett Hemmings
Image caption Өрт ушунчалык кубаттуу болгондуктан чөлкөмдөгү аба ырайына түздөн-түз таасир берип жатканы маалым

Би-Би-Си: Өрт кырсыгын телеканалдар, радио, гезит-журналдар кандай чагылдырып жатат?

Алтынбек Усенов: Биз үйдө көп деле телевизор көрбөйбүз. Бүгүн жумушка бара жатып, жаңылыктарды карадым. Өрт жөнүндө эч нерсе деле айткан жок. Таң калдым. Бирок көбүнчө фейсбукта, коомдук медиада, анан ооздон оозго өтүп, элдин баары эле учурда ушул нерсе менен баш катырып жатат.

Би-Би-Си: Жаңы жыл алдында токой өрттөрүнөн улам Австралиянын көп жашоочулары жаңы жылдык фейерверк, салюттардан баш тарталы, андан көрө ошону өрт өчүрүүгө жумшайлы деген чакырыктар менен чыкты эле. Бул канчалык масштабдуу болду?

Алтынбек Усенов: Ушул сиз айткан чакырыкты Сиднейде жашаган тургундар суранышыптыр. Бирок андай деле нерсе байкалган жок. Биз жашаган шаарда мисалы, салюттар атылды. Бул экономикасы бай өлкө болгондуктан, салютка кеткен акчасы көп деле таасир этпесе керек деп ойлоп койдум.

Би-Би-Си: Өрт алоолонуп өчпөй жаткан учурда жаан жааган экен. Ага өрт өчүрүүчүлөр, жалпы эле тургундар абдан сүйүнүп, бийлеп жатканын көрдүк.

Алтынбек Усенов: Кудай жалгап акыркы эки күндөн бери жаан себелеп жатат. Баягы шатыратып жаап, өрттү өчүрүп кетсе кандай керемет болот эле... Бирок тилекке каршы, андай болуп жааган жок. Сүйүндүм, акыры өрттөр өчсө экен, кишилер жоголбой үйүнө барса, жаныбарлар өлбөсө экен дедим. Бирок бул жакта 3-4 күндөн кийин кайра эле күн ысып, кайра эле зыяны тийиши мүмкүн деп жатышат. Өрт кайра күчөп кетиши мүмкүн деген дагы сөздөр бар.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Алтынбек Усенов

Би-Би-Си: Австралиянын жергиликтүү калкынын байыртан ошол жерди жердеп, абдан кызык дүйнө таанымы, табиятка болгон өзгөчө мамилеси бар экенин угуп жүрөбүз. Кыргыздарда адатта жаан жааса экен, жыл түшүмдүү болсо экен деп түлөө берип, табияттан, жараткандан суранышат эмеспи. Азыр ушул сыяктуу ырым-жырымдарды, аракеттерди сиз байкай алдыңызбы?

Алтынбек Усенов: Мен жашаган шаарда аборигендер аз. Алар өзүнчө бир айылдарда жашашат дешет. Балким, өз ара бир ырым-жырымдар болушу толук мүмкүн. Себеби алар ошондой ырым-жырым, жанагындай бир нерселерге ишенет деп далай уккам. Бирок өз көзүм менен көрө элекмин.

Тема боюнча башка макалалар