Иран-АКШ: жаңжал согушка жетпейт

Ирандык телеканал көрсөткөн кадрлар: АКШ базаларына ракета атылган учур Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ирандык телеканал көрсөткөн кадрлар: АКШ базаларына ракета атылган учур

Иран менен АКШ кескин билдирүүлөр жана ракеталык соккулардан кийин генерал Сулейманинин өлүмүнө байланыштуу тутанган конфликттин бул фазасынан кетти, дейт Жакынкы Чыгыш боюнча адистер.

Ирактагы аскер базалары ракеталык соккуга алынгандан кийин АКШ тараптан аскердик жооп болушу мүмкүн деп көпчүлүк кооптонушкан. Кечээ президент Дональд Трамп кайрылуу жасап, Иранга каршы кошумча санкцияларды киргизүү тууралуу гана сөз кылды.

"Менимче, Иран артка чегинди. Бул кызыкдар тараптар үчүн, бүтүн дүйнө үчүн жакшы",-деди Трамп. Ирандын ракеталык соккуларынан эч ким жабыр тарткан жок жана базага тийгизген зыяны минималдуу, деп кабарлады АКШ президенти.

3-январда Багдадда АКШнын аба соккуларынан Ирандын аскер стратеги, "Кудс" элиталык атайын аскер бөлүгүнүн колбашчысы генерал Касем Сулеймани өлтүрүлгөн болчу. Буга жооп кылып Иран америкалыктардын Ирактагы эки аскер базасын ракеталык аткылоого алды.

Жакынкы Чыгыш боюнча Би-Би-Си редактору Жереми Боуэн президент Трамптын кайрылуусуна чейин эле бул ракеталык соккулардан кийин АКШ дагы, Иран дагы токтойт деп айткан. АКШ генерал Касем Сулеймани сыяктуу душманынан кутулганына, ирандыктар болсо көрсөтмө болсо дагы жооп катары сокку уруп, жүзүн сактап калганына ыраазы болот деген ал.

"Америкалыктар үчүн мындай соккуга жооп кылууга эч кандай негиз жок. Ирандын ансыз деле күчү бөлүндү болуп турат. Алар бүтүндөй аймактагы согуштун баарына катышууда жана бул жаңжалды андан ары күчөтүүгө барбайт",- дейт Кембридж университетинин Жакынкы Чыгыш жана аймактык жаңжалдар боюнча эксперти Лидия Уилсон.

АКШ жана Иран аскерлери түз согушка барбаганы менен жаңжал аймактагы Иранга ыктаган көп сандагы шиит куралдуу топтору менен америкалыктар ортосунда уланышы мүмкүн деген божомол бар. Мындай куралдуу топтордун экөө америкалыктарга каршы согуш баштай турганын жарыялады.

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи базаларга урулган сокку Кошмо Штаттар үчүн "алакан менен жаакка чапкандай эле" жана бул жетишсиз. Америкалыктарды аймактан таптакыр эле кууп салуу керек, деп айтты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф апта башындагы интервьюсунда Тегеран "бүтүндөй аймактагы жаалданган кишилерди көзөмөлдөй албай" турганын эскерткен эле.

Ирандын президенти Хасан Роухани шаршембидеги өкмөттө жасаган кайрылуусунда Кошмо Штаттарга негизги жоопту аймактын эли берет деди.

Бул жолку жаңжалдын жаалы басаңдаганы менен Иран жана АКШ ортосундагы келишпестик эч качан жок болуп кетпейт дейт эксперттер. (AbA)