Иран полициясы: демонстранттарга ок чыгарылган эмес

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Тегерандын Азади аянтында демонстранттар "диктаторго өлүм" деп кыйкырып жатышты

Ирандын полициясы Тегерандагы өкмөткө каршы демонстрация учурунда "ок чыгарылган эмес" деп билдирди. Демонстранттар украин учагын атып түшүрүүгө күнөөлүү аскердик кызмат адамдарын жоопко тартууну талап кылышууда. Кыйраган учак бортундагы 176 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрүнүн баары каза тапты.

Коопсуздук кызматкерлерине "сабырдуу болуу" буйрук берилгенин полициянын башчысы маалымдады. Жекшемби күнү болгон нааразылык акцияларда тартылган видеолордун биринде, ок атылып, жарадар болгон аялды көтөрүп баратышканын көрсө болот.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Жекшембидеги каршылык акциялары

Полиция атайын күчтөрдү топтоп жатканына карабай, баш калаада каршылык акциялары токтобой жатат.

Видеокадрларга караганда, демонстранттар Тегерандагы Шахид-Бехешти университетинин кире беришиндеги тротуардагы америкалык жана израилдик желектердин тартылган сүрөтүн басып өткөндөн каратып туруп баш тартышкан.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Студенттер АКШнын жана Израилдин желектеринин үстүнөн басып өтүүдөн баш тартышты

Коомдук сайттагы материалдар каршылык акциясына чыккандар өкмөткө каршы ураандарды кыйкырып жатышат, мисалы "Америка душман деп бизге жалган айтышты, биздин душман бул жерде" деген сыяктуу ураандар да бар.

Азади аянтында чогулгандарды кууп таркатууга келген полиция күчтөрү менен кагылышуу болду.

Ишембиде студенттер Тегерандагы эки университетке чогулуп башташты. Алар адегенде авиакырсыкта курман болгондорду эскерип жаткан болчу, бирок кечинде полиция менен кагылышып, аларга каршы көздү бууган газ колдонулду.

"Кечирбейбиз"

Ирандык бир катар гезиттер демонстрация болгон жерден репортаж жарыялашып, алар "Шермендечилик", "Кечирбейбиз" деген заголовоктор менен жарык көрдү,

Ошол эле убакта башка маалымат каражаттары украин учагынын кыйрашына алып келген каталыкты мойнуна алган үчүн бийликти мактап жазышты.

Тегеранда жекшембиде америкалык аба соккулары убагында өлтүрүлгөн генерал Сулейманини колдогон, АКШ менен Британияга каршы демонстрациялар да болду.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Учак кырсыгында 176 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрүнүн баары каза тапты

Ирандын аскер жетекчилери 11-январда "Украина эл аралык аба жолдорунун" учагын атып түшүргөнүн акыры мойнуна алды. Расмий билдирүүдө учак аскердик операция аймагына жакын болгон үчүн аны душмандын объекти катары көрүп, абадан коргонуу күчтөрү капысынан атып түшүргөнү айтылат. Кыйраган учак бортундагы 176 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрүнүн баары каза тапты.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына "катастрофа адамдын жаңылыштыгынан улам болду, кырсык АКШ авантюризминен улам жаралган кризис учурунда" орун алды деп жазды.

Иран президенти Хасан Роухани "Боинг" учагынын кыйрашы боюнча күнөөлүүлөр жазага тартылат деп билдирди. "Мындай ката кайра кайталанбаш үчүн абадан коргонуу комплекстери кайра текшерилиши керек" деди Роухани.

Эл аралык реакция

АКШнын президенти Дональд Трамп жекшембиде Иранга болгон өзүнүн эскертүүсүн кайрадан кайталап, өкмөткө каршы демонстрацияга чыккандарды бийлик куугунтукка албашы керек деп билдирди.

Ал Твиттердеги баракчасына "Дүйнө силерди карап турат, андан да маанилүүсү силерге АКШ көз салып турат" деп жазды.

Британия өзүнүн Ирандагы элчисинин кармалышын айыптап, аны эл аралык укуктун одоно бузулушу деп атады.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Демонстранттар АКШнын жана Израилдин желектерин өрттөштү

Тышкы иштер министри Доминик Рааб британ элчиси Роб Макэр авиакырсыктын курмандыктарын эскерүү акциясына барган учурда кармалганын, бул жерге топтолгондордун арасында башка да британ жарандары болгонун билдирди.

Элчинин өзү болсо топтолгондор өкмөткө каршы ураан чакыра баштаган убакта ал жерден чыгып кеткенин, демонстрацияга катышпаганын айтууда. (КС)