"Мага эркектин каны керек, болбосо көрбөй калам". Шегрен синдрому менен ооруган аялдын окуясы

Джо Даниэлс Сүрөттүн автордук укугу NHS

39 жаштагы Джо Даниэлске эркектин каны керек, антпесе ал сокур болуп калат. Анын себеби сейрек учураган оору Шегрен синдромунда. Бирок Британияда эркек донорлор жетишпейт.

Шегрен синдромунун айынан Джонун көз жаш чыгарган бездери сезгенип, көздүн сыртындагы тунук кабыкчасына жара чыгууда.

Бул сиптомдор менен күрөшүү үчүн Джо көзүнө эркектин канынан жасалган атайын суюктукту тамызууда. Көрсө, эркектин канында темир көп, ошол себептүү ал суюктук дары жасаганга идеалдуу түрдө туура келет экен.

Аялдын организми кош бойлуу убакта антитела иштеп чыгарат, ошонун айынан анын каны башка бирөөгө куйганга жана алардан айрым препараттарды жасаганга жараксыз болуп калат. Джого керектүү суюктук дал ушундай препарат.

Бирок Британияда эркек болчу донорлор анча көп эмес. Ɵткөн жылы жаңы донорлордун 41% гана эркектер болду.

"Көөдөй караңгылыкта"

Джо Дэниэлстин көзү өтө тездик менен көрбөй баратканда, анын жашоосуна бүлүк түштү.

"Менин көзүм кычышып баштады, андан кийин кескин түрдө көрүүм начарлап, ооруй баштады,-дейт Джо.-Төрт аптадан кийин мен түнөргөн караңгылыкта калдым. Эң жаманы мунун баары Рождество алдында болду, дароо медициналык жардам ала албадым".

Керектүү дарыны көпкө издешти, стандарттуу терапиянын бир нече түрү Даниэлске жардам бербеди. Ошондо ал таптакыр көрбөй калам деп корко баштады.

Ошондо гана дарыгерлер ага эркектин канынан жасалган суюктук дарыны колдонуу керек деп чечишти.

"Суюктук дары жасоого эркектер кан тапшырган үчүн мен азыр көрүп калдым, мен сыяктуу адамдарга көзүнө ар бир саатта тамызып туруш керек. Эгер эркек донорлор жетишсиз болсо, мындай суюктук дары да жасалбай калат. Ошондо мен кайрадан көрбөй калам".

Негизинен көз жаш жана шилекей чыгарган бездердин сезгенип бузулган учурун Шегрен синдрому деп аташат.

Бул оору менен көбүнчө кырктан алтымыш жашка чейинки аялдар жабыркайт, кээ бир учурда муну менен башка курактагы аялдар жана эркектер ооруйт. Андан айыгуунун аргасы азыр табыла элек.

Британияда өткөн жылы эркек донорлор жетишпегени байкалды: ар бир жүз аял донорго жетимиш эркек донор туура келет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Британиянын Улуттук саламаттыкты сактоо агенттигинде эркек донорлордун жетишпей жатканын айтышууда

Эркектер кан тапшыргысы келбейби?

Улуттук саламаттык сактоо агенттиги бул жылы эркек донорлордун санын 26% көбөйтүүнү карап жатат.

"Быйыл бизге 68 миң эркек кан тапшырганы керек",-деди NHS кызматкери Майк Стреддер. -"Эркектердин каны терапиянын уникалдуу түрлөрүндө колдонулат, ошондуктан көп адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн керек. Бирок эркек донорлор өтө аз. Маселе донорлорду көбөйтүүдө эмес, керектүү гендердик баланска жетүүдө турат".

Англияда беш жыл ичинде донорлордун саны 25% азайып кеткен, анын ичинде аял донорлордун азайышы алты эле пайыз болгон.(КС)

Тектеш темалар