Елизавета II Гарри менен Мегандын жаңы жашоосуна батасын берди

Канзаада Гарри менен анын жубайынын күтүүсүз чечими королдук үй-бүлөнү кезектеги жаңыланууга алып келчүдөй Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Канзаада Гарри менен анын жубайынын күтүүсүз чечими королдук үй-бүлөнү кезектеги жаңыланууга алып келчүдөй

Британиянын королевасы Елизавета II Сассек герцогу менен герцогинясынын жаңыча жашоо баштоо жөнүндө каалоо-тилегин колдоого алды. Ɵткөн аптада канзаада Гарри менен анын жубайы королдук үй-бүлөнүн мүчөсү катары айрым милдеттеринен баш тартып, каржылык жагынан эркин болууну каалашканын жарыялашкан эле.

Королева дүйшөмбүдө Сандрингем сарайында королдук үй-бүлө мүчөлөрүн жыйнап, канзаада Гарри менен анын жубайы Мегандын келечегин талкуулашты. Алар каржылык жагынан көз каранды эмес болгусу келип жатканын билдиришкен эле.

"Биз алардын королдук үй-бүлөнүн толук кандуу мүчөсү болуп кала беришин каалай турганыбызга карабастан, алардын көз каранды болбой жашоо жана ошол эле убакта биздин үй-бүлөнүн бир бөлүгү болуп кала берүү жөнүндө каалоо-тилектерин биз сыйлайбыз жана түшүнөбүз",-деп айтылат билдирүүдө.

Королеванын айтымында, жолугушууда өткөөл мезгил жөнүндө айрым деңгээлде бүтүм болду, бул убакыт ичинде Сассек герцогу менен герцогинясы бир топ убактысын Канадада, бир тобун Британияда өткөрүшөт. Ɵткөөл мезгил канчага созулат - белгисиз.

"Менин үй-бүлөмдө бир топ татаал маселени чечүү керек болуп турат, алдыда али иш көп, бирок мен акыркы чечимди жакынкы күндөрү кабыл алууну өтүндүм",-деп айтылат королеванын билдирүүсүнүн аягында.

Сандрингем сарайындагы жолугушууга королева Елизавета II, анын небереси Гарриден башка Гарринин атасы канзаада Уельс жана бир тууган агасы канзаада Уильям катышты. Гарринин жубайы Меган бул сүйлөшүүгө телефон аркылуу катышат деп айтылган эле.

Королдук үй-бүлөнүн мүчөлөрү Гарри менен Мегандын королдук үй-бүлө мүчөсү катары милдеттерин аткаруудан баш тартып жатканына байланыштуу казынадан канча акча, кандай титул алышары, ошондой эле аларга уруксат берилген коммерциялык иштердин майда-бараты каралмак.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Гарри менен Меган королдук үй-бүлөнүн улуу мүчөлөрү болбой калышат

Жаңыланууларга ыңгайлашуу

Британдык монархиянын ийгиликтеринин сыры анын жаңыланууларга ыңгайлашып келгенинде деп жазат редакциялык макалада Times.

Гарри менен Меган Марклдын королдук үй-бүлөнүн айрым милдеттерин аткаруудан баш тартып жатышы - ушундай кезектеги жаңылануунун кабары. Эгер аны чечпей койсо кризиске өтүп кетет, аны чечүүнүн эң жакшы жолу Сассек герцогдору үчүн жана жалпы эле королдук үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн жаңы ролун аныктап алууда турат.

Чынында британдык коомдун төрүндө монархиялык өзүнчө бир мүчөнүн эмес, бүтүндөй үй-бүлөнүн идеясы салыштырмалуу алганда жаңы, ага жарым кылым боло элек, аны королеванын өзү ойлоп тапкан дейт газета. Ɵзүнүн бардык аракети менен королева бүт үй-бүлөнүн кадыр-баркын кармап келатат, бирок мындай стратегиянын айрым тобокелдиги да бар.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Бир адамдын моралдык сапаттарына курулган монархия эгер анын башына чабал адам келсе, анда бүт наркын жоготуп алышы мүмкүн, королдук үй-бүлөнүн тарыхында мындай нерсе болуп келген.

Бул проблеманын чечилиши андан качууда же чечкен түр көрсөтүп коюуда эмес, жаңы компромисске келүүдө турат.

Сассек герцогу жана герцогинясы өздөрү каржылык көз каранды эместикти каалап жатышканын билдиришкен, бул ого бетер жакшы, дейт басылма. Чынында королдук үй-бүлөнүн Елизавета экинчи менен анын жубайынан башка мүчөлөрү королдук милдеттерин аткарбай туруп эле иштеп акча табууга эмне үчүн болбосун деген суроо бар. Андан монархиянын бедели коомдун алдында түшүп кетпейт, керек болсо жаңы көрк бермек.(КС)

Тектеш темалар