"Оскар - 2020": "Жокер" баарынан көп номинация алды

"Бир жолу Голливудда", "1917" и "Джокер" Сүрөттүн автордук укугу Sony/Entertainment One/Warner Bros
Image caption "Бир жолу Голливудда", "1917" жана "Жокер" - эң көп номинация алган фильмдер

Дүйшөмбүдө "Оскар - 2020" сыйлыгына көрсөтүлгөн номинанттарды жарыялашты. Тод Филлипстин "Жокери" эң көп номинацияны алды - 11, анын ичинде эң мыкты картина, эң мыкты режиссер жана эң мыкты актер (башкы ролдо Хоакин Феникс) номинациялар бар.

Мартин Скорсезенин "Ирланддык, Квентин Тарантинонун "Бир жолу Голливудда" жана Сэм Мендестин "1917" тасмалары экинчи орунга орток болушту - ар бири он номинациядан алды.

Башка талапкерлердин ичинде ""Үйлөнүү окуясы" (Netflix) жана Түштүк Корея тарткан "Мителер" да бар.

"Мителердин" алты номинациясы бар, анын ичинде "Мыкты фильм" жана "Чет элдик мыкты фильм", ал эми Пон Чжун Хо эң мыкты оригиналдуу сценарий, эң мыкты режиссура номинациясын алды.

Ошондой эле "Кролик Джоджо" жана ""Үйлөнүү окуясынын" алтыдан номинациясы бар. Эки фильмдеги тең аткарган ролу үчүн Скарлетт Йоханссон номинация алды, биринчиси - экинчи пландагы эң мыкты аял ролу, экинчиси - эң мыкты аял ролу.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Синтия Эривону "Гарриет" фильминдеги эң мыкты аял ролуна номинацияга көрсөтүштү

Өткөн жылы төрт актердук номинациянын үчөөн кара түстүү актерлер жеңип алган. Бул жолу бир гана Синтия Эриво "Гарриет" фильминдеги аткарган ролу үчүн эң мыкты башкы аял ролу номинациясын алды.

Сүрөттүн автордук укугу Netflix/20th Century Fox
Image caption Скарлетт Йоханссон башкы роль жана экинчи пландагы роль номинацияларын алды

Бул жылы номинанттардын арасында Академиянын сүймөнчүктөрү көп. Сэр Энтони Хопкинс төрт жолу номинация болду. Том Хэнкс эки жолу жеңди, бирок ал 2001-жылдан бери номинация ала элек. Аль Пачинонун энчисинде сегиз номинация бар.

Сүрөттүн автордук укугу Netflix
Image caption Энтони Хопкинс бешинчи жолу номинация алып жатса, а Джонатан Прайм - биринчи жолу

Номинанттардын тизмеси

Эң мыкты фильм

  • "Бир жолу Голливудда"
  • "Ирланддык"
  • "1917"
  • "Мителер"
  • "Үйлөнүү окуясы"
  • "Жокер"
  • "Кролик Джоджо"
  • "Форд Феррариге каршы"
  • "Кичинекей аялдар"

Эң мыкты режиссер

  • Квентин Тарантино ("Бир жолу Голливудда")
  • Мартин Скорсезе ("Ирланддык")
  • Сэм Мендес ("1917")
  • Тодд Филлипс ("Жокер")
  • Пон Чжун Хо ("Мителер")

Башкы ролдогу эң мыкты актер

  • Хоакин Феникс ("Жокер")
  • Адам Драйвер ("Үйлөнүү окуясы"
  • Леонардо ДиКаприо ("Бир жолу Голливудда")
  • Джонатан Прайс ("Эки папа")
  • Антонио Бандерас ("Күйүт жана даңк")

Башкы ролдогу эң мыкты актриса

  • Рене Зеллвегер ("Джуди")
  • Скарлетт Йоханссон ("Үйлөнүү окуясы"
  • Шарлиз Терон ("Жаңжал")
  • Сирша Ронан ("Кичинекей аялдар")
  • Синтия Эриво ("Гарриет")

Экинчи пландагы эң мыкты актер

  • Брэд Питт (Бир жолу Голливудда)
  • Аль Пачино ("Ирланддык")
  • Джо Пеши ("Ирланддык")
  • Том Хэнкс ("Катарлаш келген сонун күн")
  • Энтони Хопкинс ("Эки папа")

Экинчи пландагы эң мыкты актриса

  • Лора Дерн ("Үйлөнүү окуясы")
  • Скарлетт Йоханссон ("Кролик Джоджо")
  • Марго Робби ("Жаңжал")
  • Флоренс Пью ("Кичинекей аялдар")
  • Кэти Бейтс ("Ричард Джуэллдин иши")

Эң мыкты адаптицияланган сценарий

  • "Ирландык"
  • "Жокер"
  • "Кролик Джоджо"
  • "Эки папа"
  • "Кичинекей аялдар"

Эң мыкты оригиналдуу сценарий

  • "Бир жолу Голливудда"
  • "Үйлөнүү окуясы"
  • "Мителер"
  • "1917"
  • "Бычак ал"

Эң мыкты анимациялык фильм

  • "Ажыдаарды кантип үйрөтүү керек"
  • "Оюнчуктар окуясы-4"
  • "Мен өзүмдүн денемди жоготтум"
  • "Жоголгон бөлүк"
  • "Клаус"

Чет элдик тиодеги эң мыкты фильм

  • "Мителер" (Түштүк Корея)
  • "Күйүт жана даңк" (Испания)
  • "Куулгандар" (Франция)
  • "Бал өлкөсү" (Македония)
  • "Христовдун денеси" (Польша)

Тема боюнча башка макалалар