АКШ-Кытай: Эки жылга созулган соода согушунан кийин мунаса табылды. Эмне өзгөрдү?

A Chinese factory worker examines products at the production line. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

АКШ менен Кытай бажы төлөмдөрүн көтөрүп, бири-бирин опузалаганга чейин жеткен. Эми эки тарап жаңы соода келишимине кол койгону турат.

Мунаса табылганына карабастан, соода согушу Кытай менен АКШнын алакасына гана эмес, дүйнөлүк экономикага терс таасир этти. Эки жылдын ичинде эмне өзгөрдү жана соода согушунун кесепети кандай болду?

Соода дефицитин азайтуу

Дональд Трамп АКШ-Кытай ортосундагы соода дефицитин азайтууну көздөгөн. Бул максатына жетүү үчүн АКШнын президенти Кытайдан импорттолгон товарларга бажы тарифтерин көтөрдү.

Соода согушу учурунда дефицит азайды, бирок ажырым көп кыскарды деп айтууга болбойт. 2019-жылдын ноябрь айына чейин соода дефицити өткөн жылга салыштырганда 60 миллиард долларга кыскарып, 360 миллиард долларды түздү.

Президент Трамптын тактикасынын кесепети дагы болду. Бажы тарифтери көтөрүлгөндүктөн эки тараптын соодасы 100 миллиард долларга кыскарды.

АКШ айыл чарба товарларынын Кытайга экспорту төмөндөдү

Президент Трамптын бажы төлөмдөрүн көтөргөнүнө жооп берип, Бээжин дагы АКШдан импорттолгон товарларга тарифтерди жогорулаткан. Бул кадам америкалык дыйкандарга терс таасир этти.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Соода согушунан улам АКШнын айыл чарба тармагы жабыркады

АКШнын Кытайга болгон айыл чарба товарларынын экспорту бир жылдын ичинде 25 миллиард доллардан жети миллиард долларга түштү. Бирок Кытайдын америкалык айыл чарба товарларына тарифтерди көтөргөнү АКШнын жалпы экономикасына таасир этпейт. АКШнын дыйкандары калктын бир гана пайызын түзөт жана алар өкмөт тараптан колдоо алышат. Тактап айтканда, соода согушунан жоготкон каражатты АКШнын өкмөтү толуктап берет.

Кытай АКШдагы инвестицияларын азайтты

АКШ Кытайдагы инвестицияларын кыскартпаганы менен кытайлык компаниялардын кошмо штаттарындагы инвестициялары кескин төмөндөдү.

Вашингтондо жайгашкан Америка ишкердик институтунун маалыматына ылайык, 2016-жылы Кытайдын АКШдагы инвестициялары 54 миллиард долларды түзсө, 2018-жылы 9,7 миллиардга түштү. Аналитикалык борбор 2019-жылдын биринчи алты айында кытайлык компаниялар АКШга 2.6 миллиард доллар гана инвестиция салганын белгилейт.

Кытай компаниялары соода согушу жана АКШнын кытайлык ишканаларды дыкат текшерүү саясатынан улам инвестиция салуудан баш тартып жатканын билдиришүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кытайдын экономикадагы өсүшү басаңдап калды

Кытай-АКШ соода согушунун глобалдык экономикага терс таасири

Соода согушунан улам АКШнын экономикасы 3 пайызга өсөт деген жоромолдор айтылууда. Адистер болсо соода согушунун кесепети жана бажы тарифтеринин жогорулаганы бир нече жыл бою сезилет дешүүдө.

Ал аңгыча олку-солку абалдан Кытайдын экономикасы дагы солгундады. Дүйнөлүк Банк 2020-жылы Кытайдын экономикасы алты гана пайызга өсөт деп жоромолдоду. Ошондо Кытай экономикасынын өсүшү 1990-жылдардагы деңгээлге түшкөн болот.

Дүйнөдөгү эң чоң эки экономиканын ортосундагы соода согушу глобалдык экономикага дагы кедергисин тийгизди. Учурда АКШ башка мамлекеттер менен дагы жаңы соода келишимин түзүүнү көздөп турат. Демек, алдыда башка мамлекеттер менен дагы пикир келишпестиктер болушу ыктымал.

Эл аралык валюта кору соода тармагындагы келишпестиктен улам 2019-жылдагы глобалдык экономиканын өсүшү 3 пайыз гана болот деп айтууда. Бул дүйнөлүк экономикалык кризистен кийинки эң төмөн көрсөткүч. (AT)

Тектеш темалар