Белгияда мыйзамсыз эвтаназия боюнча дарыгерлер соттолууда

Эжелери Тина эвтаназия сурап кайрылганда турмуштагы шериги менен ажырашып кеткенине кайгырып турган болчу деп жатышат. Сүрөттүн автордук укугу VRT
Image caption Эжелери Тина эвтаназия сурап кайрылганда турмуштагы шериги менен ажырашып кеткенине кайгырып турган болчу деп жатышат.

Белгияда эвтаназия өткөрүүнү өтүнүп кайрылган оорулууну мыйзамсыз ууландырган деген айыптоо менен үч дарыгер сот жообуна тартылууда.

38 жаштагы белгиялык Тина Нис 2010-жылы 27-апрелде өзүнүн үй-бүлөсүнүн көз алдында каза болду.

Анын бир тууган эжелери 2002-жылы Белгияда мыйзамдаштырылган эвтаназия бул мисалда мыйзамсыз аткарылды жана процедуранын өзү көп олуттуу эреже бузуулар менен болгон деп жатышат.

"Аны ооруп калган үй жаныбарына ийне сайып өлтүрүп койгондой эле өлтүрүп коюшту,-деп айтып беришти каза болгон аялдын эжелери фламан телекөрсөтүүсүнө 2016-жылы. -Биздин атабызды ийнени кармап тур деп өтүндү, анткени өзү менен кошо пластырь ала келгенди да унутуп коюптур. Сиңдибиз өлүп калганда анын жүрөгү токтоп калганын стетоскоп менен уккуңар келбейби деп биздин ата-энебизден сурап атышпайбы".

Клиника өз кезегинде Тина Нис Аспергер синдрому менен оорулуу болгондуктан эвтаназия жасоону өтүнүп кайрылганын айтышууда. Тина бала чагынан бери олуттуу психикалык оорулардан жабыркап келгенин, бир нече жолу өз жанын кыюуга аракет кылганын дарыгерлер билчү.

Ажырашуунун кесепетиби?

Бирок Тинанын эжелери - Лотте менен Софи - анын айыкпас оорулуу эмес экенин, эвтаназия жөнүндө дарыгерлерге кайрылган убакта шериги менен ажырашып кеткенине кайгырып турган деп жатышат.

Эжелеринин айтымында, Тина Нис өмүрүн акыркы он беш жылында доктурга көрүнгөн эмес экен.

Аспергер синдромун Тинадан ал өлөрдөн эки ай мурун табышкан, бирок ал бул оорудан айыгып кетүү үчүн дарыланган да эмес.

"Жакшы ниет"

Тина Нистин өлүмү боюнча сот жообуна тартылып жаткан дарыгерлердин аты-жөнү ачык айтылган жок.

Бирок алардын ичинде жан кыйган иньекция жасаган, Тинанын өзүн мурда дарылап жүргөн дарыгер менен психиатр бар экени белгилүү. Эгер сот мыйзам бузган деп тапса, алар чоң мөөнөткө түрмөгө кесилип кетиши мүмкүн.

Дарыгерлер өз кезегинде жакшы ниет менен бул ишке барышканын айтууда.

Ушул сыяктуу эле иш өткөн жылы Нидерланддардын сотунда каралды. Эвтаназия менен жашоосу бүткөн, деменция менен жабыркаган 74 жаштагы аял жөнүндө сөз болгон.

Анда сот оорулуунун толук макулдугун албай туруп эвтаназия өткөргөн деп айыпталып жаткан дарыгерди актаган чечим чыгарган. (КС)

Тектеш темалар