Орусияда энелик капитал биринчи балага бериле баштайт

Путин Сүрөттүн автордук укугу Mikhail Metzel/TASS

Орус президенти Путин биринчи балага да энелик капитал берүүнү жана жакыр үй-бүлөнүн балдарына мамлекеттик колдоону күчөтүүнү убада кылды. 

Президенттин айтымында, ушул жылдын январь айынан баштап 466 миң рубль өлчөмүндөгү энелик капитал үй-бүлөдөгү экинчи балага эле эмес, биринчи төрөлгөн балага да бериле баштайт. Ал эми экинчи балага үй-бүлөлөр 150 миң рубль кошумча алышат.

Андан сырткары, кирешеси жан башына эки жашоо минимумунан ашпаган үй-бүлөлөр ай сайын беш жарым миң рублдан үчтөн беш жашка чейинки балдарга пособия алышмакчы.

Путин бул жөнүндө шаршембиде Федералдык жыйынга кайрылуу сөзүндө айта кетти.

"Биздин демографиялык келечегибизге түздөн түз коркунуч болгон курч маселе бар. Бул биздин жарандардын, үй-бүлөлөрдүн кирешесинин төмөн болуп жатканы",-деди президент.

Ал өкмөттү мамлекеттик бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү тез арада киргизүүнү өтүндү. Ошондой эле президенттин айтымында, жакыр үй-бүлөлөргө мамлекеттик төлөмдөр келерки жылы 11 миң рублга жетиши мүмкүн экенин билдирди:

«Эгер кайсы бир үй-бүлөлөр эки жашоо минимумуна жетпей жатканын көрсөк, дагы бир кадам жасап, келекри жылы ар бир балага 11 миңден төлөйбүз».

Президент өзүнүн жылдык кайрылуусунун биринчи бөлүгүн негизинен демография проблемалары менен үй-бүлөнү колдоо маселесине арнады. (КС)

Тектеш темалар