Белгилүү футбол жылдызы кантип таксист болуп калды?

Hakan Sukur Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Хакан Шүкүр 112 жолу Түркия курама командасы менен ойноп, 51 жолу гол киргизген

Европанын жана Түркиянын футбол жылдызы, легендага айланган Хакан Шүкүрдү күйөрмандар абдан жакшы билет.

Бирок анын азыр АКШда такси айдап, китеп сатып жан багып калганын көптөр билбесе керек. Германиянын Welt am Sonntag гезитине берген маегинде, 48 жаштагы Шүкүр 2008-жылы футболдон кеткенден бери кыйынчылыктарга туш болгонун билдирди. Түркиядагы мүлкү, банктагы эсептерин бийлик конфискациялаган.

Футболчу Түркиянын президенти Эрдоган менен кайым айтышкандан кийин, ага каршы коркутуулар болгонун айтты.

"Эч нерсем калган жок. Баарын Эрдоган тартып алды. Менин эркиндигим, иштөөгө укугум тебеленди",-деп айтты Шүкүр.

1992-жылдан 2007-жылга чейин Хакан Шүкүр 112 жолу Түркия курама командасы менен ойноп, 51 жолу гол киргизген. 2002-жылы Түркия Дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунду алганда, Шүкүр негизги оюнчулардын бири болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Шүкүр 2002-жылы өткөн Дүйнөлүк чемпионатта 11 секунддун ичинде гол киргизип, рекордду жаңылаган

Шүкүр Түркияда "Галатасарай" клубуна ойноп, түрк лигасынын бир сезондо эң көп гол киргизген рекорд койгон. Бул рекорд дагы деле жаңыра элек.

Футболдон кеткенден кийин Шүкүр саясатка аралашып, 2011-жылы Эрдогандын Ак партиясы менен депутат катары шайланган. Бирок анын бозгундагы динаятчы Гүлен менен байланышы бар деген айыптар үчүн Шүкүр өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Түркиянын президенти Эрдоган динаятчы Гүлен жана анын кыймылын 2016-жылы мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенди деп айыптап келүүдө. Гүлен мындлай дооматтарды кескин четке каккан.

Шүкүр дагы АКШда туруп, төңкөрүш аракетин сынга алганын айтат. 2017-жылы Түркиянын мамлекеттик медиасы аны "террордук Гүлен кыймылына тиешеси бар" деген кабар таратат.

"Менин төңкөрүш аракетиндеги ролумду эч ким түшүндүрө алган жок. Мен мыйзамды бузган эмесмин, чыккынчы же террорист эмесмин",-дейт Шүкүр.

Футболчу анын Түркиядагы мүлкү, банктагы эсептерин Түркиянын бийлиги конфискация кылаганын билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Месут Өзил учурда англиялык "Арсенал" футбол клубунун жарым коргоочусу

Бул Түркияда саясат менен футбол аралашкан биринчи окуя эмес. 2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Германия курама командасындагы теги түрк болгон эки белгилуү футболчу менен жолукканы чоң талкуу жараткан. Германиянын футболдук бирикмеси (DBF) улуттук курама команданын оюнчулары Месут Өзил менен Илкай Гүндоганды Эрдоганга жолукканы жана бирге сүрөткө түшкөнүн катуу сынга алган. Федерация эки футболчунун мындай мамилеси - Германияда кабыл алынган демократиялык баалуулуктарга болгон ишеними канчалык деген шек жаратат деп билдирген эле.

Жаш кезинде Эрдоган өзү дагы футболду жакшы ойногон. Саясатка келгенге чейин 1990-жылдары жарым профессионалдар арасындагы Стамбулдагы "Касымпаша" клубунда ойногон. (AT)

Тектеш темалар