"Кылмыш экенин билген эмесмин": 16 жаштагы кызын турмушка берген киши соттолду

Кыргызстанда жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүү курч көйгөй бойдон кала берүүдө Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кыргызстанда жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүү курч көйгөй бойдон кала берүүдө

Кыргызстандын Ош облусунун тургуну жашы жете элек кызын күйөөгө бергени үчүн эки жарым жылга эркинен ажыратылды.

Кылмыш иши эки жыл мурун Москвада козголгон. Ошол жакта күйөөсү экөө иштеп жүрүп, кыз ооруканага түшүп калат. Ал мезгилде 17 жашка чыгып калган экен. Ата-энеси никеге жашы жете электе эле - 16 жашында күйөөгө узатканы ачыкка чыккан. Азыр 18ге толуп, тун уулун төрөдү.

Кыздын атасы "диний жөрөлгөгө шылтап, нике курагы боюнча мыйзамды бузган" деп айыпталды. Ал сотто күнөөсүн моюнуна алып, бирок кылмыш экенин билбегенин айткан. Кыз дагы сотто никеге өз ыктыяры менен барганын билдирген.

Сот тараптардын көрсөтмөлөрүн эске алып, өкүмүн жумшартып, шарттуу түрдө эки жарым жылга кести.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

2016-жылдагы мыйзам

Кыргызстандын укук коргоо органдары бул сыяктуу кылмыш иштерин мындан төрт жыл мурун эле козгоп баштады. Анткени 2016-жылы кабыл алынган мыйзамда жашы жете электерге нике кыюуга катуу тыюу салынып, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Мыйзам боюнча никеге уруксат берген кыздын ата-энеси дагы, нике кыйган имам дагы сот жообуна тартылат.

Жашы жете элек кыздарды турмушка берүү Кыргызстан үчүн олуттуу маселе бойдон кала берүүдө. ЮНИСЕФ жана расмий мекемелердин статистикасы боюнча 2018-жылы 15 жашка толо элек алты миң кыз, он сегизге толо элек 160 миңден ашуун кыз турмушка чыккан.

БУУнун эсебинде Евразия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан эрте никеге тургандар көрсөткүчү боюнча бешинчи орунда. Ал эми 15-19 жашында төрөгөндөр көрсөткүчү боюнча КМШ өлкөлөрүнөн Азербайжандан кийинки эле экинчи орунда турат. 18 жашка толо элек куракта турмушка чыккан кыздардын көбү жакыр бүлөлөрдөн. Аларды ала качып кетип же ата-энеси мажбурлап турмушка берген учурлар бар.

Жашы жете элек кыздарды турмушка берүү дүйнөнүн көп өлкөлөрүндөгү көйгөй.

Кыз ала качуу кылмыш экенине карабастан, мындай көрүнүш тыйылбай келүүдө. Адам укугун коргоо жаатында иш алып барган Freedom House уюмунун эсептөөсүндө, мындай абалга туш болгон кыздардын саны бир жылда сегиз миңден он эки миңге чейин жетет.

Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин иликтөөсүндө, күйөөгө чыгып кеткен кыздар мектепти таштап кетишет жана артка кайрылышпайт.

Мындай кыздардын ден соолугу дагы бузулат. Өспүрүм куракта төрөгөн кыздарды төрөттөн каза таап калуу коркунучу 20-24 жаштагыларга салыштырмалуу беш эсе көп.

Алар көп учурда физикалык, сексуалдык жана психологиялык зомбулукка кабылат. Балдарынын өмүрүн дагы тобокелге салышат. Маселен, Кыргызстандагы ымыркайлардын чарчап калуу көрсөткүчүн алсак, 20 жашка чейинки төрөгөндөрдүн көрсөткүчү 20-30 жаштагылардан эки эсе көп.

Мыйзам күчүнө киргенден бери эрте турмушка чыгуу көрсөткүчү төмөндөдү. Айталы, ЮНИСЕФ маалыматы боюнча 2014-жылдан бери үч эсе азайды.

Кыргызстан мындай көйгөй менен күрөшүп жаткан жалгыз өлкө эмес. БУУ маалыматына таянсак, 2015-жылы 3,5 млн бала, алардын көпчүлүгү кыздар 18 жашка чейин турмуш курган. Алардын 4,4 млн чамалуусу 15 жашка чейин эле никеге турган. Дүйнөдө күн сайын 37 миң бала никеге турат. (AbA)