"Бийликтин шал абалы": Казакстандын Масанчи айылында эмне болду?

Масанчи Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP

Ишембидеги Казакстандын түштүгүндөгү массалык мушташтан он киши каза таап, үйлөр жана унаалар өрттөлдү.

Бийлик бул окуяны жеке пикир келишпестиктен чыгып, "чагымчылардын" аракети менен тополоңго айланып кетти деп түшүндүрдү.

Өлкө президенти объективдүү иликтөө өткөрүп, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылды. Бирок эксперттер мындай абалдын келип чыгышын коррупция, жакырчылык жана мамлекеттик органдардын чабалдыгы менен байланыштырууда.

Чагымчылар күнөөлүүбү?

Маалымат министри Даурен Абаев окуянын кандай өнүккөнүн тергөөдө минутасына чейин аныктап чыгышат деп убада кылды.

Күбөлөрдүн айтымында, чыр-чатак Сортөбе жана Масанчи айылдарындагы массалык мушташка чейин эле башталган. Окуя болгон аймакка барган журналисттерге жергиликтүүлөр ушундай келишпестиктер тууралуу айтып беришкен.

ИИМ кызматкерлери мушташ Масанчи айылынан башталып, ага коңшулаш айылдарга жайылганын айтышты. Коңшу айылдардан бир нече жүз киши таш, арматура жана ок атуучу куралдар менен келишкен. Жыйынтыгы тополоңго алып келип, он киши каза тапты. Кырдаал көзөмөлдөн чыгып, жаалданган кишилер үйлөргө өрт коюшту. 25 жеке менчик турак жай, 30 коммерциялык объект жана 40 унаа күйдү.

Бийлик жеке келишпестикти этникалык жаңжалга айлантууга аракет кылды деп, чагымчыларды айыптады.

Дунгандар XIX кылымдын экинчи жарымында Кытайдан качып өтүшкөн. Тутунган дини ислам. Масанчи Казакстандагы дунган диаспорасы жыш отурукташкан айыл. 2009-жылдагы эл каттоо боюнча айылда 90 пайызы дунгандар, 5 пайыз казак жана беш пайыз орустар жашайт.

Сүрөттүн автордук укугу Tengrinews/Shokan Alkhabayev via REUTERS

Күч түзүмдөрү чекилик кетирдиби?

Казакстандагы дунгандар бирлигинин жетекчиси Хусей Дауров күч түзүмдөрүн айыптады. Анын пикиринде, эгерде ОМОН (милициянын атайын күчтөрү) жаңжал тууралуу кабарларга убагында чара көргөндө, кишилей жоготуулар болмок эмес.

«Алматыдан келген ОМОН саат 5:25 чамасында келип, дароо кырдаалды көзөмөлгө алды,-деди Дауров KazTag басылмасына. - Бирок алар дээрлик бир суткага кечигип келишти. Эгерде убагында жетип келгенде, мындай жоготуунун алдын алууга болот эле. Кудайга шүгүр, азыр ОМОН ар бир айылдагы кырдаалды көзөмөлдөп турат".

Казак бийлиги башынан эле «этникалык жаңжал» деген сөздү колдонбогонго аракет кылды. Бирок өлкөдө мындай мүнөздөгү чыр-чатактар сейрек көрүнүш деле эмес.

Өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында Усть-Каменогорск заводунда казак жана чечен жумушчулары ортосунда массалык мушташ чыккан. Жаңжалга бир адамдын өлүмү себеп болуп, аны чечендер өлтүрдү деп шек санашкан.

2006-жылы Актауда митингчилер чогулуп, акимдин кызматтан кетишин талап кылышкан. Кийин басылмалар бул митинг кавказдыктарга каршы маанайга өсүп кеткенин жазып чыгышкан. Жыйынтыгында лезгин, чечен, азербайжандарга таандык дүкөндөр талкаланган.

Ушул эле жылдын октябрында «Тенгиз» мунай кенинде түрк жана казак жумушчулары ортосунда мушташ болгон. Бир жылдан кийин Маятас кыштагында күрд жана казактар ортосунда чыр чыккан.

Сүрөттүн автордук укугу Tengrinews/Shokan Alkhabayev via REUTERS

Коррупциянын кандай тиешеси бар?

Мындай жаңжалдар Казакстандын аймагында улам кайталанып келүүдө. Бирок кишилердин өлүмүнө алып келген чатакташуу дал ушул Масанчиде орун алды.

«Мунун өзөгүндөгү маселе өлкөдөгү социалдык чыңалуунун өсүп жатканы,-дейт казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев. - Мындай чыңалуулар көп учурда ушундай чектен чыккан көрүнүштөр аркылуу ашып төгүлүүдө. Назарбаевдин башкаруусу маалында коомдун социалдык бугун чыгара турган бир дагы механизм түзүлгөн эмес. Бул конфликт мамлекеттик органдардын абсолюттук шал абалын жана чабалдыгын көрсөтөт".

Өлкө калкынын 65% казактар түзөт. Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, өлкөдө калктын 8,6 пайызы жакырчылыкта жашайт. Казакстандын статистика комитети болсо бул сандарды 4,7% деп көрсөтөт.

Сатпаевдин пикиринде, өлкөдө билим берүүнүн деңгээли дагы түшүп кетти. Жаштар ЖОЖду бүткөндөн кийин деле жумуш таба албай калууда. Кырдаалга ички миграциянын агымы дагы таасирин тийгизип жатат. Көптөр ири шаарларга агылып, бул жердеги соцалдык айырманы көрүп, калктын кыжырдануусу өстү.

Мындан тышкары казактардын көбү мурдатан эле элет жеринде жашап келген эмеспи. Эксперттер көп айыл аймактар жашоо деңгээли боюнча артта калганын белгилейт.

«Этникалык топтор негизинен шаарларда жашайт. Ал эми шаарда жашабагандар өзүнчө коомдошуп, бири-бирине жардам берип, жумушка дагы коллективдүү мамиле кылышат. Алар бири-бирин каржылык жактан колдоп турушат. Казактарда андай жок. Урбанизация казактар жашаган айылдарды талкалап жатат. Алар же көчүп кетиши керек, болбосо ошондой жашоосуна ыраазы болуп жашай бериши керек. Кишилер өтө начар социалдык саясаттын туткуну болуп калды",-деди эксперт.

Сүрөттүн автордук укугу Rufat Ergeshov
Image caption Казакстандын Кордай району Кыргызстан менен чек арада болгон үчүн көптөгөн дунгандар качып өтүштү

Качкындар

Казакстандын Кордай району Кыргызстан менен чек арада болгон үчүн көптөгөн дунгандар качып өтүштү. Негизинен балалуу аялдар качып өтүшкөн.

"Биз 8-февралга караган түнү коргонгонго аракет кылдык. Таң атпай Кыргызстан тарапка чыга баштадык. Чек арада таңкы жетиден кечки тогузга чейин кезекте турдук",-деди ысымын жашыруун калтырууну өтүнгөн казак жарандарынын бири. Чек арадан качып өткөн казакстандыктардын бир бөлүгү өлкөсүнө кайра кеткен.

"Биздеги маалыматка ылайык, кайра кайткандар 4454 адам. Аукатты, Сортөбе, Масанчи, Каракемер айылдарынын барынын кириш чыгыштарына тосмолор коюлуп, тартипти сактоо иштери жүрүп жатат. Облустун акими Аскар Мырзахметов келтирилген зыян эсептелип жаткан айтты. Элге мобилдик кызмат көрсөтүү топтору түзүлдү ",-деди Би-Би-Сиге Жамбыл облустук администрациясынын басма сөз кызматынын өкүлү. (AbA)

Тектеш темалар