"Оскар - 2020": Түштүк Кореянын "Мите" аттуу тасмасы тарых жаратты

Паразиты Сүрөттүн автордук укугу Curzon

Түштүк Кореянын "Мите" аттуу тасмасы эң мыкты картина категориясында жеңишке жетип, "Оскар" сыйлыгынын 92 жылдык тарыхында бул категорияда сыйланган биринчи чет өлкөлүк көркөм тасма болду.

Хоакин Феникс "Жокер" тасмасындагы чебердиги үчүн башкы ролдогу эң мыкты актер катары "Оскар" алса, эң мыкты актриса катары Рене Зеллвегер ("Жуди") сыйланды. Брэд Питт ("Бир жолу Голливудда") менен Лора Дерн ("Үйлөнүү окуясы") экинчи пландагы эң мыкты актер наамын алышты.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Режиссер Пон Чжун Хо эң мыкты оригиналдуу сценарий, эң мыкты режиссерлук эмгек жана эң мыкты картина категорияларында "Оскар" алды

"Мите" тасмасы төрт "Оскар" алып тарых жаратты. Ал эми Сэр Сэм Мендестин "1917" тасмасы үч "Оскар" утуп алды

Буга чейин эле Биринчи дүйнөлүк согушту сүрөттөгөн "1917" тасмасы эң мыкты режиссерлук эмгек жана эң мыкты картина категорияларында жеңишке жетет деп күтүлүп жаткан. Бирок Пон Чжун Хо алдыга оозуп кетти.

Сүрөттүн автордук укугу PA Media
Image caption Хоакин Феникс, Рене Зеллвегер жана Брэд Питт

Түштүк Кореянын тасма бай жана кедей үй-бүлөнүн ортосундагы ажырымды сүрөттөгөн сатира. Тасманын продюсери Квак Син Айи кубанычын жашырган жок:

"Сөз таба албай жатам. Мындай болору түшүбүзгө дагы кирген эмес".

Эң көп "Оскар" алган тасмалар:

  • "Мите" - 4
  • "1917" - 3
  • "Форд Феррариге каршы" - 2
  • "Жокер" - 2
  • "Бир жолу Голливудда" - 2

Тектеш темалар