Коронавирус жаш балдарга жукпайбы?

Twins wearing masks on a shopping street in Beijing Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жаңы коронавирусту жуктурган жаш балдардын саны абдан аз, окумуштуулар анын себебин изилдеп жатышат

Кытайда 5-февралда төрөлгөнүнө отуз гана саат болгон ымыркай жаңы коронавирусту жуктуруп алганы жаңылыктардын баш сабында турду. Учурда вирус отуз мамлекетке тарап, кырк миңден ашуун киши инфекцияга кабылды, 900 адам көз жумду. Бирок, көз жумгандар менен оору жуктургандардын дээрлик көпчүлүгү Кытайдын аймагында.

Коронавируска кабылгандар арасында жаш балдардын саны абдан аз. Жакында эле Американын медицина ассоциациясынын журналы изилдөөсүн жарыялады. Эксперттер Ухань шаарындагы оорукананын бейтаптарын анализге алып, вируска негизинен 40-59 жаштагылар кабылганы аныкталган. Коронавирусту жуктурган кырк миңден ашуун кишинин 10 гана пайызы 39 жаштан ылдый.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жаш балдардын иммундук системасы коронавируска туруштук бере алабы?

Жаштар коронавируска туруштук бере алабы?

Окумуштуулар бул суроого жооп табуу үчүн ар түрдүү теорияларды айтышууда. Азырынча изилдөөчүлөр бир пикирге келе элек.

"Бизге түшүнүксүз себептерден улам жаш балдарга инфекцияны жукпайт же анын жеңил формасына гана кабылат",-деп айтты вирусология боюнча профессор Ийан Жоунз.

Ошондо жаш балдар коронавируска кабылган күнү дагы, аны жеңил көтөрөт. Көп учурда оорукана же дарыгерге дагы кайрылбайт.

Профессор Жоунздун пикирин колдогондордун бири Лондон коллеж университетинин саламаттыкты сактоо боюнча эксперти Натали МакДермотт.

"Тестиер жана өспүрүмдөрдүн иммундук системасы ар түрдүү вирус менен күрөшүүгө даяр. Алар вирусту жуктурган күнү дагы, симптомдорду көрсөтпөй эле, инфекцияны жеңил көтөрүшү ыктымал",-дейт ал.

Бул таң калычтуу деле көрүнүш эмес. Маселен, 2003-жылы Кытайда "Дем алуу органдарынын синдрому" же SARS вирусунун жайылганы 800 кишинин өмүрүн алган. Ошондо дагы вируска кабылган жаш балдардын саны он гана пайызды түзгөн.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кытай жаңы жылында балдар мектепке барбай, үйдө болгону үчүн жаш балдар инфекцияны жуктурган жокпу?

Кытай жаңы жылы жаш балдарды коргоп калдыбы?

МакДермотт Кытай жаңы жылы учурунда жаш балдар көчөгө чыкпай, чоң кишилердей коркунучка кабылган жок деген пикирде. Себеби мектеп, бала бакчалар жабык эле. Кытайдын көп бөлүгүндө окуу жайлар жана бала бакчалар бир ай бою жабык турду.

Ошондуктан окумуштуунун айтымында, вирус жайыла берсе, балдардын дагы вирусту жуктуруу ыктымалдуулугу өсөт. Ага карабастан, азырынча андай коркунуч жок.

2003-жылы тараган SARS вирусу көрсөткөндөй, 12 жаштан ылдый вирусту жуктурган балдар ооруканага барбай эле сакайып кеткен.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Вирусту негизинен 40-59 жаштагылар жуктурган

Балдар коронавирусту жеңил көтөрөбү?

Медицина боюнча эксперттер тестиер менен өспүрүмдөр кызамык сыяктуу коронавирусту жеңил көтөрөт деген пикирде.

"Жаш балдардын иммундук системасы коронавируска туруштук бере алышы мүмкүн. Ошол эле учурда жаш балдар вирусту жеңил көтөргөндүктөн дарыгерлер вирусту жуктурган жаштарды байкабай деле калышы ыктымал",-дейт Кардиф университетинин изилдөөчүсү Андрю Фриман.

Чынында жаш балдар айрым вирустарды чоң кишилерге караганда жеңил көтөрөт.

Чоң кишилердин кант диабети же жүрө оорусу сыяктуу мурда кабылган илдеттери дагы болушу ыктымал. Ошондуктан иммундук системасы жаңы вируска алсыз болуп калат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кытайда он миңдегендер жаңы коронавирусту жуктурду

"Өпкөнү сезгенткен пневмония оорусу (коронавирусту жуктургандар пневмонияга кабылууда) негизинен иммунитети алсыз кишилерге таасир этет. Мындай көрүнүш респиратордук инфекцияларда кеңири байкалат",-дейт профессор Жоунз.

Кытайдын Ухань шаарындагы вируска кабылгандардын көбү мурда кайсыл бир инфекцияны жуктуруп, дарылангандар.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Симптомду көрсөтпөгөн жаш балдар вирусту жайылтып жатат деген пикирге эч далил жок

Жаш балдар вирустун симптомун көрсөпөй туруп, аны жайылтап жаткан жокпу?

Профессор Ийан Жоунз жаш балдар вирустук инфекцияларды тез жайылткан учурлар көп болорун мойнуна алат. Бирок коронавируска келгенде мындай жагдай жок. Учурда вируска кабылган жаш балдардын саны абдан аз.

Буга жаш балдардын күчтүү иммундук системасы жана вирус тарап жатканда тестиер менен өспүрүмдөрдүн үйдөн чыкпай отурганы себеп болушу ыктымал.