Коронавирус: вакцина качан даяр болот?

Employees working in a lab Сүрөттүн автордук укугу Valery Matytsin
Image caption Окумуштуулар вакцинанын үстүнөн иштеп жатат

Covid-19 аттуу жаңы коронавирус кеңири жайылып жатканда, вакцинаны чыгарган фармацевтикалык компаниялар миллиарддаган доллар табышы мүмкүн деген пикир бар.

Бирок бул пикир чындыкка дал келбейт. Глобалдык вакцина базары быйыл 60 миллиард долларга чейин өсөт. Бул статистика фармацевтикалык компаниялардын кирешеси өсөт дегенди билдирбейт.

"Илдеттин жайылышын алдын алуу үчүн вакцина чыгаруу абдан оор. Ага көп каражат жана убакыт жумшалат. Ошондуктан фармацевтикалык компаниялар миллиарддаган доллар киреше алат деген ой жалган",-дейт АКШда жайгашкан Loncar Investments биотехнология компаниясынын башчысы Брад Лонкар.

Глобалдык вакцина тармагында Pfizer, Merck, GlaxoSmithKline (GSK), Sanofi жана Johnson & Johnson сыяктуу гигант компаниялар үстөмдүк кылат.

Өткөн жылы 54 миллиард долларга тете вакцина сатылган. Statista аналитикалык борбордун маалыматына ылайык, бул сан 2014-жылдан бери эки эсеге өстү. Буга эбола, гепатит, чочко ылаңы сыяктуу илдеттердин кеңири жайылышы себеп болду.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Коронавирус кеңири жайылып жатат

"Вакцина тармагында иш кылган компаниялардын мындай учурда резервдери бар деп ойлогондор көп. Бирок жаңы коронавирус тарап жатканда, эң чоң төрт компаниянын бири дагы вакцинанын үстүнөн иштеп жатканын жарыялаган жок",-дейт окумуштуу Эллен Хоэн.

Ири компаниялардан тышкары Covid-19 коронавирусу менен күрөшө турган вакцинанын үстүнөн чакан фирмалар иштеп жатат. Учурда бул вирустан улам миңден ашуун киши каза тапты.

АКШда жайгашкан Gilead биотехнология компаниясы коронавируска каршы Remdesivir дарысын сынап жатканын жарыялады. Gilead ВИЧ илдетине каршы дары чыгарганы менен белгилүү. Ал тапта, AbbVie компаниясы ВИЧ илдетине каршы эки дарыны аралаштырып чыгарган Kaletra аттуу вакцинасын Кытайдагы бейтаптарга берип, сынап жатат. Бирок бул компаниялар мурда чыгарылган дарыларды колдонууда.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Вакцина чыгарган фармацевтикалык компаниялар миллиарддаган киреше алат деп айтуу катачылык

Covid-19 коронавирусунун жайылышын токтотуу үчүн донорлор каражат сунуштап жатканы дары-дармек чыгарган компанияларга вакцинанын үстүнөн иштөөгө түрткү болуп жатат.

Вакцина табылган күнү дагы жаңы дары лабораториялык сыноодон өтүшү керек жана миңдеген бейтапка берилип, текшерилиши зарыл. Маселен 2002-2003-жылдары Кытайда "дем алуу органдарынын синдрому" же SARS вирусу жайылганда, вакцина табылгыча эле инфекция жоголуп кеткен. SARS вирусу 800 кишинин өмүрүн алса дагы, илдетке каршы вакцина азыркыга чейин даяр боло элек.

Эболага каршы вакцинаны Merck компаниясы чыгарып, ал 2015-жылы Африканын батышына жеткирилген. Ал учурда вакцинанын лицензиясы жок болчу, себеби кеңири лабораториялык сыноолордон өткөн эмес. Ага карабастан Гвинея сыяктуу мамлекеттер вакцинаны колдонгон. АКШ өткөн жылы гана бул вакцинага лицензия берди.

2019-жылы Johnson & Johnson компаниясы дагы эболага каршы вакцина чыгарып, аны Конго Демократиялык Республикасына жеткирди.

"Мен фармацевтикалык компаниялардын жактоочусу эмесмин. Бирок эболага каршы вакцинаны иштеп чыккан компаниялар чыгымга учурашты",-деди 2014-2015-жылы эболага каршы иш алып барган Роналд Клайн.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Merck компаниясы эболага каршы вакцинаны беш жылда гана чыгарды

Буга лицензия алуунун жолу татаал болгону себеп. Лабораториялык сыноолордон өткөндөн кийин деле компаниялар бир нече жыл күтүшү керек.

Маселен, 2009-2010-жылы чочко ылаңы кеңири жайылган учурда GlaxoSmithKline компаниясы чыгарган Pandemrix вакцинасы алты миллион кишиге берилген. Бирок кийин дары нарколепсия же уйку илдетине алып барары аныкталып, дары сатыкка чыккан эмес. Нарколепсияга кабылгандар күнүнө бир нече жолу уктайт.

Дал ушундай көйгөйлөрдөн улам Covid-19 коронавирусуна каршы вакцинанын үстүнөн иштейм деген чоң компаниялар жок.

"Вакцинаны иштеп чыгуу абдан татаал жана чыгымы көп. Ошондуктан фармацевтикалык компаниялар жылуу бөлмөсүн даярдап, кел, вакцинаны жасап ал деп айтышпайт",-деди Aspen институтунун директору, доктор Антони Фауци.

Ал Covid-19 коронавирусуна каршы вакцина дагы бир жылдан кийин гана пайда болоруна ишенет. Бирок ал үчүн чоң фармацевтикалык компаниялар дагы өз салымын кошуусу керек.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму болсо вакцина 18 айдын ичинде даяр болот деп ишендирүүдө.

Фармацевтикалык компаниялар вакцина чыгарууга киришкенде, вирустун жайылышы басаңдап калган мисалдар дагы көп. Мындай учурда компания чоң чыгымга туш болот. Серепчилердин айтымында, чоң фармацевтикалык компаниялар мындай узак мөөнөткө жасалчу инвестицияларга даяр эмес. (AT)

Тектеш темалар