Covid-19: жаңы коронавирус тууралуу үч факты

Хубэйде бир эле күндө 15 миңге чукул киши вирусту жуктуруп алды. Мындай чоң секирик болуп кеткенин адистер коронавирустун симптомдорун кеңири карап калганы менен түшүндүрүүдө.

Ага карабастан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жалпы абал "өзгөрүүсүз калууда" деп билдирди. Себеби вирусту жуктургандардын чоң секириги бир өлкөдө, Кытайда гана катталган.

Covid-19 жаңы коронавирусу тууралуу эмне белгилүү жана ал канчалык коркунучтуу?

Вирус 60 миң кишиге жугуп, жыйырмадан ашуун мамлекетке тарады. Эң көп каза тапкандардын саны Кытайда. Өлкөдө миңден ашуун адам көз жумду.

"Учурда маалымат каражаттарынын, каржы базарынын жана саясатчылардын көңүл борборунда туруп жаткан вирус тууралуу эки ай мурун бизге эч нерсе белгисиз болчу",-деп моюнуна алды Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебреисус.

Уюмдун башчысы жаңы коронавирус тууралуу көп суроолорго азырынча так жооп жок экенин билдирди.

Ага карабастан Covid-19 вирусун башка инфекцияларга салыштырганда, абал анчалык кооптуу эмес экенин байкаса болот. Маселен, жөнөкөй сасык тумоодон жылына 500 миң киши көз жумат.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Ошондо Covid-19 канчалык кооптуу?

Соңку статистикага ылайык, Covid-19 вирусун жуктурган 100 кишинин бири көз жумат. Кытайда 2003-жылы тараган "дем алуу органдарынын синдрому" же SARS вирусу кыйла кооптуу болгон. SARS вирусун жуктурган он кишинин бири көз жумган.

Ага карабастан соңку коронавирустун статистикасы өзгөрүшү ыктымал.

Андан тышкары SARS вирусун жуктургандар симптомдорду дароо көрсөткөн. Ошондуктан бейтаптарды бөлүп салуу оңой болгон. SARS вирусунун симптомдору тез аныкталып, бейтаптар карантинде кармалган.

Covid-19 болсо SARS вирусунан кыйла айырмаланып турат. Жаңы коронавирусту жуктургандар жөтөлүү же дене табынын ысышы сыяктуу жеңил симптомдорду көрсөтөт.

Вирусту жуктургандар өздөрү да байкабай, медициналык жардам албай жүрө бериши ыктымал. Демек, алар вирусту андан ары дагы тарата берет.

Вирустан кантип коргонсо болот?

Учурда вирусту жуктурган адам жөтөлгөндөн кийин, инфекция аба аркылуу тарап жатат. Ошондой эле азырынча вируска каршы вакцина чыга элек. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вакцина 18 айдын ичинде даяр болот деп ишендирүүдө.

Ошондуктан дарыгерлер колду улам самындап жууп турууну, гигиенага көңүл бурууну жана көчөдө бет кап тагынып жүрүүгө үндөп жатат. Бирок бет кап вирустан канчалык коргой алары талаштуу. Хирургияда колдонулган бет кап кишини толугу менен коргобойт.

Ага карабастан вирусту жуктурган адам бет кап кийип жүрсө, аны башкаларга жуктуруу коркунучун азайтат. Бул болсо вирустун жайылышын басаңдатышы мүмкүн. (AT)

Тектеш темалар