Сирияда кырдаал чыңалууда: Түркия менен Орусия жаңжал чегинде

турецкий патруль Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Февралдын башынан тарта Сириянын Идлиб провинциясында кырдаал курчуп кетти. Дүйшөмбүдө Асаддын армиясы жолдогон соккудан түрк аскерлери каза тапты. Түркия мунун жообу катуу болоорун айтуу менен эле чектелбей, Орусия менен мамилени кайра карап чыгышы мүмкүн экенин эскертти. Анкара менен Москва ортосундагы келишпестик өөрчүп кетпейби?

Сириянын армиясы Иранга ыктаган аскер топтору менен чогуу Идлиб провинциясына чабуул койду. Бул өз кезегинде Түркиянын нааразылыгын жана тынчсыздануусун пайда кылды.

Биринчиден, Түркия үчүн Идлиб стратегиялык жактан өтө маанилүү. Анкара бул чөлкөмдү өзүнүн таасириндеги тилке катары көрөт. 2017-жылдагы Сочи келишимине ылайык, Идлибде коопсуз тилке болушу керек эле. Коопсуз тилке түркиялык аскер тосоттору жана оор техника менен курчалмак.

Буга чейин Идлибди көзөмөлдөө максаты менен өткөрүлгөн операцияда Түркия аскерлери жоготууга учураган. Эгерде азыр өзүнүн ээлеген турумдарын калтырып чегинип кетсе, Эрдоган Түркиянын өзүндө репутациясына доо кетирип алышы мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түркия Асаддын күчтөрүнүн чабуулу Орусиянын катыштыгы жок ийгиликтүү болмок эмес деп эсептейт

Экинчиден, Асаддын күчтөрүнүн Идлиб провинциясына чабуулу бир гана радикалдуу топторго гана багытталбастан, Түркия колдогон оппозициялык уюшмаларга дагы сокку урат.

Түркиялык инструкторлор машыктырып, жабдыган сириялык оппозициянын бөлүктөрү "Улуттук армияга" бириккен. Буга чейин алар "Сириянын эркин армиясы" катары белгилүү болчу. Анкара "Улуттук армия" альянсынан кол үзүп кетпейт. Анткени алар күрд кошуундары менен күрөштө жана радикалдуу топторго каршы турууда Түркияга көмөк көрсөтүүдө.

Соңку маалыматтарга караганда, акыркы күндөрү Сирияда он төрт түркиялык аскер каза тапты. Эрдоган "эгерде Идлибде дагы бир түрк аскери жабыр тартса", Анкара сириялык күчтөргө "колу жеткен жердин баарында" сокку урарын эскертти.

"Сирияга дароо жооп кайтардык жана жогорку даражадагы расмийлерге нааразылыгыбызды жеткирдик. Өзгөчө Идлиб аймагында аларга катуу жооп кайтардык. Бирок ал жетишсиз, биз аракетибизди уланта беребиз. Биздин аскерлерге кол салган сайын, эселеп жообун алат. Муну биз ачык айтабыз",-деди президент Эрдоган.

Түркиянын президенти шарт койду: февралдын соңуна чейин Орусия колдогон Асаддын күчтөрү Идлибден аскерлерин толугу менен чыгарып кетиши керек.

Сүрөттүн автордук укугу Anadolu Agency
Image caption Идлиб провинциясындагы чакан аймакта өлкөнүн башка аймактарынан качып келген 3-4 миллион чамалуу бозгун башкалкалап жатат

Анкараны тынчсыздандырган дагы бир фактор - качкындардын абалы. Эрдоган Сирия менен Орусия Идлиб провинциясында жайкын тургундарга атайын сокку жолдоду деп билдирүү жасаган.

Анын айтымында, Орусиянын колдоосуна таянган Асаддын күчтөрү "Идлибдин күнөөсүз жана азап тарткан тургундарын түрк чек арасына жөнөтүп жатат". Мындай жагдай Сирия-Түркия чек арасындагы гуманитардык катастрофага алып келиши мүмкүн. Себеби, Идлибде өтө көп сандагы качкындар жыйылып калды.

Гуманитардык уюмдардын маалыматында, провинцияда болжолу 3,5 млн. жайкын тургун бар. Асаддын бийлигин каалабаган Сириянын бардык аймактарынан качып чыккандар Идлиб аймагына жыйылды.

2019-жылдын декабрындагы БУУнун маалыматы боюнча, Асаддын армиясы Идлиб аймагына чабуулга өткөндө жарым миллиондой жайкын тургун качып чыккан. Лагерлер качкындарга толду. Түрк бийлиги көп сандагы кишилерди кабыл алууга мүмкүн эместигин айтып жатат.

Европага өтүп кетүүгө аракет кылган качкындардын жаңы толкуну кризиске алып келет. Мындай учур 2015-2016-жылдары катталган эле. Анда Евробиримдиктин өлкөлөрү Жакынкы Чыгыштан агылган мыйзамсыз мигранттарга араң туруштук берген.

Би-Би-Синин Түрк кызматынын кабарчысы Эчи Көкседеф белгилегендей, азыркы кырдаалда Түркия менен Орусия ортосундагы мамиле өтө олуттуу. Ал муну 2015-жылы Түркия орусиялык аскер учагын атып түшүргөн абалга салыштырды.

"Бир жагынан Эрдоган ички саясий айдыңда упайын жоготкусу келбейт. Бирок ошол эле маалда Орусия менен экономикалык маанилүү байланыштарды үзүүгө даяр эмес",-деди журналист.

Москванын дарегине кескин билдирүүлөрдү жолдогону менен президент Эрдоган Түркия менен Орусия келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүүсү керектигин белгилеген.(AbA)