Сакал, хиджаб жана интернет. Кытай бийлиги эмне үчүн мусулмандарды лагерге жөнөтүүдө?

Redacted copy of The Karakax List in Chinese

Би-Би-Синин колуна тийген документтер Кытай бийлиги Шинжаң аймагында жүз миңдеген мусулмандардын тагдырын кандай максат менен чечип жатканын ашкереледи.

Кытай бийлиги дооматтарды четке кагып, терроризм жана диний экстремизм менен күрөшүп жатканын айтууда.

Өткөн жылы Би-Би-Синин ушул булагы коопсуздугуна коркунуч жаралып жатканына карабастан, Шинжаңдан олуттуу документтерди ачыкка чыгарган эле.

Кытайдын Шинжаңдагы саясаты боюнча алдыңкы эксперттердин бири, окумуштуу Эдриан Зенз документтер жасалма эмес экенин айтууда.

"Колго тийген жаңы документтер Бээжин диний азчылыктарды куугунтуктап жатканын далилдейт",-дейт окумуштуу.

Image caption Кытайдын Шинжаңдагы саясаты боюнча алдыңкы эксперттердин бири, окумуштуу Эдриан Зенз

Эдриан Зенздин айтымында, документтерде көрсөтүлгөн "Төртүнчү окутуу борборуна" Би-Би-Си өткөн жылы май айында Бээжиндин чакыруусу менен барган.

Өткөн жылы Би-Би-Си аныктаган далилдердин көбү жаңы документ менен дал келди. Анда 311 кишинин жеке маалыматы, диний ишеними, интернетти аз же көп колдонгону, жүздөгөн туугандары жана кошуналары менен мамилеси жазылган.

Документтин аягына Кытай бийлиги өзүнүн чечимин жазган. Эгерде эмитен эле тарбия лагеринде кармалып турган болсо, анда бул кишини "кое берсе болобу же жокпу" деген чечим жазылган.

Бул далилдер Кытайдын лагерлерди "билим берүү борборлору" деп атаганы, ал жайга "экстремисттик идеологияга" азгырылган жарандардын өз ыктыяры менен келгени чындыкка дал келбей турганын аныктады.

Окумуштуу Зенз мырзанын айтымында, жаңы документтер адамды лагерге алып барууда кандай механизмдер колдонулуп, жетекчи эмнеге таянып чечим кабыл алып жатканын көрсөтөт.

Мисалы, документтеги 598 катарда 38 жаштагы Хелчем аттуу аял тууралуу жазылган. Ал хиджап кийгени үчүн тарбия лагерине жөнөтүлгөн. Башкалар паспортко тапшырганы үчүн камалган. Кытай бийлиги алар чет өлкөгө чыгып кетүүгө аракеттенет деп кооптонгон. Учурда Шинжаңдан чет өлкөгө чыгуу аракети "радикализмдин" белгиси катары каралууда. Тизмедеги 66 орундагы 34 жаштагы Меметохти аттуу эркек "коомго эч кандай коркунуч жок" деген мүнөздөмө алса дагы, паспортко тапшырганы үчүн тарбия лагерине жөнөтүлгөн.

239 катарда 28 жаштагы Нурмемет аттуу киши интернет баракчасына шилтемени басып, чет өлкөлүк баракчага кирип кеткени үчүн кайра тарбиялоо лагерине жөнөтүлгөн. Бул киши дагы "коомго эч кандай коркунуч келтирбейт" деген мүнөздөмө алган.

Документте көрсөтүлгөн кишилердин баары Каракаш аймагынын тургундары. Бул жерде негизинен уйгурлар жашайт. Ислам динин тутунган уйгурлар тили, маданияты менен Борбор Азия элине жакынырак.

Соңку жылдары миллиондогон хан кытайлары Шинжаңга көчүп келгени улут аралык кагылышууларга түрткү болду. Бирок Шинжаңда тарбия лагерлерине жөнөтүлгөндөр жалаң эле уйгурлар эмес. Кыргыз жана казак азчылыктары дагы куугунтукталууда.

Окумуштуу Зенз документти "Каракаш тизмеси" деп атап, ал Кытай бийлиги диний ишенимди коркунуч катары карап жатканын айтууда.

Image caption Шинжаңдагы тарбиялоо лагерлеринин бири

Кытай бийлигинин тарбия өнөктүгү 2017-жылы башталган. Анда коммунисттик партияга жакын адамдар уйгур жана башка азчылыктардын үйлөрүн кыдырып, маалымат чогулткан. Мисалы, үйдө канча куран бар экени же алар кандай кийинип жатканы жазылган.

"Каракаш тизмеси" 2017-жылы башталган өнөктүк каякка алып барганын көрсөтөт. Себеби мындай деңгээлдеги так маалымат тарбия лагерине жөнөтүлгөн кишинин өзүндө дагы жок болсо керек.Документтерде Шинжаңдын батыш тарабындагы үч миң кишинин жеке маалыматы камтылган. Анда адамдын кандай кийингени, күнүнө канча жолу сыйынганы, жада калса туугандарына канчалык жакын экени жазылган.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кытай мечиттерди жок кылууда

Кытайдын жашыруун лагерлери

Документте тарбия лагерине жөнөтүлгөн адамдын чет өлкөдөгү тааныштары дагы жазылган. "Каракаш тизмесине" негизинен чет өлкөдө туугандары же достору бар адамдар кирген экен. Кытай бийлиги чет өлкөдө туугандары бар жарандарына шектенүү менен карап келет.

179, 315 жана 345 орундагы 65 жаштагы Жусуп аттуу кишиге мүнөздөмө берилет. Эки кызы "2014-2015-жылдары хиджап жана бурка кийген", уулу Ислам диний окууга жакын жана үй-бүлөсүнүн "хан кытайларына каршы маанайы" байкалды деп жазылган. Жусупка карата чыккан чечим - "окутууну улантуу".

Чакан кыштактарда чогулган маалымат Шинжаңдагы чоң базага киргизилет. Бул базаны "Биргелешкен иш алып баруу платформасы" деп аталат. Базада көчөдөгү көзөмөл камералардан тарта смартфон тиркемесине чейин жашыруун топтолгон маалыматтар бар.

Зенз мырза программа жасалма акылды колдонуп, көп маалыматты тез арада эсептеп чыгып, коопсуздук кызматкерлерине жана башка расмийлерге "эскертүүлөрдү" берип турарына ишенет. Мисалы, байкабай чет өлкөлүк интернет баракчасына кирип калган адамды дал ушул программа аныктап чыкса керек.

Ага карабастан, Шинжаңдагы жагдайды эске алганда татаал технология деле колдонулбаганы байкалат. Көп учурда "баарын кармагыла" деген саясат жүргөнү байкалат. "Каракаш тизмесинде" дагы 88 киши "ишеним жок" деген мүнөздөмө алганы үчүн тарбия лагерине жөнөтүлгөн же "окутуусун улантуу" керек экени айтылган.

Кытай бийлиги Шинжаңда "адамдын диний эркиндиги" эске алынган саясатты жүргүзүп жатканын айтууда. Ал эми "билим берүү борборлору" экстремизм жана терроризм менен күрөшөт деп ишендирүүдө.

"Каракаш тизмесинде" кылмышка аралашкандар тууралуу дагы маалымат бар. 311 кишинин алтоо терроризмге даярдык көрүп жатканы үчүн тарбия лагерине жөнөтүлгөн. Бирок документте көбүнчө диний ишенимине басым жасалган. 100 киши үйүндөгү "динге жакын маанайы" үчүн лагерде кармалууда.

Документте эч кандай мөөр же Бээжин тараптан белги жок. Ошондуктан аны тастыктоо абдан татаал. "Каракаш тизмеси" өткөн жылы июнь айында өлкөдөн чыгарылып, бозгунда жүргөн, ысымын атагысы келбеген уйгурдун колуна тийген. Ал документтердин баарын журналисттерге берип, бир гана "Каракаш тизмесин" алып калган. Өткөн жылы ал тараткан документтер кеңири чагылдырылгандан кийин, "Каракаш тизмесин" Амстердам шаарында жашаган белгилүү уйгур Асийе Абдулахебге өткөрүп берген. Ал дагы документтер жасалма эмес экенине ишенет.

Image caption Амстердам шаарында жашаган белгилүү уйгур Асийе Абдулахеб

"Расмий мөөр басылбаса дагы документтер жасалма эмес. Кишилердин жеке маалыматтары абдан так жазылган. Аны Кытай өкмөтү жасалма деп айта албайт",-деди Асийе Абдулахеб.

Чет өлкөдө жүргөн башка уйгурлардай эле Асийенин Шинжаңдагы туугандары менен байланышы үзүлгөн. Бирок мындай олуттуу документти жашыруун кармап турууну туура эмес көргөн.

"Албетте, жакындарымдын коопсуздугуна кабатыр болом. Бирок жакындарыбызды коргойбуз деп тынч отура берсек, мындай кылмыштар токтобойт",-дейт ал.

Өткөн жылдын аягында Кытай бийлиги "билим берүү борборлорундагы" окуу бүткөнүн жарыялаган. Бирок бул "тарбия лагерлери" жабылды дегенди билдирбейт. (AT)

Тема боюнча башка макалалар