Коронавирус Кытайга каршы маанайды курчуттубу?
- Тесса Воң
- BBC News, Singapore

Сүрөттүн булагы, AFP
Жаңы коронавирустан улам түзүлгөн синофобия дүйнөнүн булуң бурчунда ар түрдүү формада көрсөтүлүүдө
Самми Яң Берлиндеги ооруканага келгенде, аны киргизбей коюшкан. Башка бейтаптар эшиктен эч тоскоолдуксуз кире берген, бирок кытайлык Яң айымга эшикти ачпай коюшкан. Ошондо ал чоң көйгөй жаралганын сезгенин айтат.
Бир нече убакыттан кийин дарыгер аны кабыл алып, бул "сизге байланыштуу жеке маселе эмес, аны жүрөккө жакын кабыл албаңыз" деп айткан экен.
Яң айым Берлиндеги ооруканада жаңы коронавирустан улам кытайлык бейтаптарды кабыл албай жатканын Би-Би-Сиге айтып берди. Ал Кытайга бир нече жылдан бери бара элек болчу, Германияда искусство тармагында иш кылат. Дарыгер бул айымда вирус жок экенин билиши керек эле.
Covid-19 вирусу дүйнөгө тарап жатканда кытайлыктар жана өңү азиялык адамдарга каршы маанай күчөп жатканы байкалууда. Кытай жана кытайлыктарга каршы маанай же синофобия бир нече кылымдан бери келе жаткан көрүнүш. Коронавирус түзгөн коркунуч дүйнөнүн Кытай менен татаал мамилесин ашкерелегендей.
"Батышта жаңы, Чыгышта кадыресе көрүнүш"
Жаңы коронавирустан улам түзүлгөн синофобия дүйнөнүн булуң бурчунда ар түрдүү формада көрсөтүлүүдө. Кытайлардын саны көп болгон Европа, АКШ жана Австралия сыяктуу мамлекеттерде кытайлыктар "балит же маданиятсыз" деген стереотиптер кеңири тарап жатат. Айрым өлкөлөрдө кытайлыктарды "вирус" деп аташууда.
Жаңы коронавирус деңиз жана эт азыктары сатылган базарда тараган деген жаңылыктардан улам, "Кытайлыктар кыймылдагандын баарын жейт" деген сөз дагы көп айтылууда. Жада калса жаңы вирусту Кытай атайын чыгарып, бул аркылуу Бээжин башка элдерди кырып салгысы келет деген көз караш дагы калыптанды.
Сингапур жана Малайзия мамлекеттеринде Кытай жарандарын өлкөгө киргизбөө үчүн атайын петиция пайда болуп, ага жүз миңдеген адамдар кол койду. Жапонияда болсо кытайлыктарга "био террорчу" деген ат коюшту.
"Кытай Батыш мамлекеттеринен бир топ алыс, бул өлкөлөрдө синофобия Кытайды жакшы билбегендиктен пайда болгон. Ал эми Азия жана Түштүк Азияда кытайлыктарды мыкты билгени үчүн синофобия күч алууда",-дейт Гонконг университетинин окумуштуусу, профессор Дональд Лоу.
Азияда Кытай маанилүү оюнчулардын бири. Тарыхта Кытай менен жер талашкан, тарыхый тирешүү болгон же көптөгөн мигранттарды кабыл алган мамлекеттер арбын. Шинжаң аймагындагы уйгур, кыргыз, казак жана башка азчылыктар үчүн ачылган тарбия лагерлеринен улам Бээжин мусулмандарды дагы жок кылгысы келет деген пикир пайда болду.
Аймактагы өлкөлөр Кытайдын миллиондогон инвестицияларын жылуу кабыл алган. Бирок ошол эле учурда жергиликтүү калк Кытайдын экономикалык таасиринен кооптонуп турат. Кытайлык инвестициялар менен бирге жумушчулар, туристтер жана студенттер дагы дүйнөгө тарады.
Бээжин дүйнөгө өзүн башка мамлекеттер барбаган өлкөлөргө инвестиция салган, жоопкерчиликтүү мамлекет катары көрсөтүүдө. Кытайдын лидери Си Цзиньпин өлкөнү кубаттуу жана өзүнө ишенген мамлекет экенин бир нече жолу белгилеген. Андан тышкары АКШ-Кытай соода согушунан кийин Бээжин өз таламын талаша аларын көрсөттү.
Сүрөттүн булагы, EPA
Синофобияга каршы кыймыл дагы пайда болду. Италиядагы граффитиде "караңгылыктын эпидемиясы күч алууда...Биз корнонушубуз керек" деп жазылып турат.
Албетте, дүйнөнүн ар бурчунда Кытайга каршы маанай күчөп жатат деген катачылык болот. Маселен, Түштүк Америка, Африка жана Чыгыш Европада Кытай жана кытайлыктарга карата позитивдүү маанай калыптанганын Pew изилдөө борбору аныктаган.
Соңку жылдары, Кытайга каршы маанай АКШ тараптан дагы келип жатканы талашсыз. Президент Трамптын администрациясы синофобияны жайылтып жатат, дейт профессор Барри Саутман.
"Учурда Кытай АКШнын гегемониясына коркунуч жаратууда. Ошондуктан Кытай бийлигинин ар бир кадамын Вашингтон сындап келет. Бул маанайды дүйнөнүн ар бурчунда жайгашкан башка мамлекеттерде дагы кабыл алууда. АКШнын саясаты көп кылымдан бери келе жаткан синофобияны кеңири жайылтууда",-дейт окумуштуу Барри Саутман.
Сүрөттүн булагы, EPA
Кытайлык инвестициялар менен бирге жумушчулар, туристтер жана студенттер дүйнөгө тарады
"Жерге кулаган Кытайды тээп калуу"
Кытай дүйнөдө синофобия күч алып жатканын түшүнөт жана ага каршы чара көрүүдө. Соңку апталарда, Кытайдын мамлекеттик маалымат агенттиктери англис тилдүү абройлуу басылмалардын макалаларын сындап, журналисттер "расизм менен дискриминацияны" жайылтып жатат деген доомат коюуда.
Бээжин дүйнөдөгү медиа булактары Кытай вирус менен күрөшүүдө жетиштүү чара көрбөй жатат деген жаңылыктарды "адилетсиз" деп баалап, аны Кытайга каршы "дискриминация" деп аташууда.
"Кытай жерге кулаганда, аны тээп калууга аракеттенишүүдө" деп айтты CGTN каналынын алып баруучусу Лиу Ксин. Кытайдын расмийлери болсо, өзгөчө АКШ вируска жамынып Кытайга каршы маанай жаратып жатканын белгилешти.
Ага карабастан синофобия күч алып жатканы калетсиз. Самми Берлинде жашап жатып, биринчи жолу "коопсуздугуна тынчсызданып" жатканын жашырбайт. Ал азырынча көчөгө көп чыкпай турууну чечти.
"Мени вирус деп аташкандар менен айтышкым келбейт. Алар жаңылыктарды окуганды гана билет, маселени терең изилдебейт. Ошондуктан алардын көз карашын өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Бул өлкөдө көп жылдан бери жашап келе жатканымды айтсам дагы, алар бир гана кытайлыкты көрүшөт",-дейт Самми. (AT)