Кыздар мектебиндеги жаңжал. Индияда 68 кыздын этек кирин текшеришти

Индия Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Индиянын батышындагы Гуджарат штатынын коллежинде окуучу кыздар аларды тарбиячылар сабактан чыгарып, ич кийимдерин чечип аңтарып, этек кирин текшеришкени жөнүндө арызданышты. Коллеждин директору кызматынан четтетилди.

Дүйшөмбүдө каршылык акциясы болуп, маалымат таркагандан кийин коллеждин директорун, жатакананын башчысын жана дагы бир кызматкерди иштен четтетишти.

Андан мурда коллеждин кызматкерлеринин окуучу кыздарга жасаган орой мамилеси жөнүндө полицияга арыз түшкөн экен.

Арызды басынткан текшерүүгө кабылган кыздардын бири берген болушу мүмкүн.

Өткөн бейшембиде коллеждин 68 окуучусун сабактан дааратканга айдап барып, ар биринин ич кийимин чечип, директорго көргөзүп, текшерүүдөн өтүүгө мажбурлашкан.

Кыздарды басынткан бул окуя Бхудж шаарында болду. Кыздар Шри Сахаджананд кыздар коллежинин жогорку класстарында окушат. Бул коллежди Сваминараян деп аталган индуисттик бай жана диний секта негиздеген.

Кыздардын бирөөнүн атасы коллежке келгенинде анын кызы өзүнүн курбулары менен чыгып келери менен ыйлап жибергенин айтып берди. "Алар шок болуп турушту",-деди ал.

Текшерүүгө алынган кыздар жатаканада жашайт. Алардын көбү коллежке алыстан келгендер.

Кыздардын өзүнүн айтымында, коллежде менструация жөнүндө өзүнчө эреже бар, ага ылайык этек кири келген учурда кыздарга храмга же ашканага барууга, ал түгүл башка окуучуларга жакын жүргөнгө тыюу салынат. Жатакананын коменданты айрым кыздар бул эрежени бузуп жатат деп арызданып, ошондон кийин алардын этек кирин текшерүү башталган.

Ашканада этек кири келип жаткан кыздар башка окуучулардан бөлүнүп окчун отурушу керек. Эреже боюнча алар өзү тамак ичкен идишин жууп кеткенге, сабакта эң арткы катарда отурууга милдеттүү.

Кыздардын бири Би-Би-Сиге айтып бергендей, жатаканада атайы журнал ачылып, анда кыздар өзүнүн этек кири башталган учурда катталып турат. Соңку эки айда студенттердин бирөө дагы бул тизмеге катталган эмес. Кыздар жатакананын коменданты менен коллеждин кызматкерлеринин этек кири жөнүндө суроолорунан "тажап бүткөнүн" айтышууда.

Сүрөттүн автордук укугу BBC GUJARATI
Image caption Өткөн жумада кыздар коллеждеги басмырлоого каршы нааразылык акциясына чыгышты, бирок ага батынып келгендер анчалык көп болгон жок

Кыздардын айтымына караганда, иштин баары жатакананын короосунан табылган проклаткадан башталды. Аны таап алган комендант директорго арызданып, этек кири келип жаткан студенттер ашканага да, храмга да барып, башка кыздар менен чогуу отуруп, бүт эрежени бузуп жатканын айткан.

Кээ бир кыздар коллежде болгон иш жөнүндө эч ким укпасын деп алардын оозун басуу аракеттери болуп жатканын билдиришти.

Дин жана менструация

Окуучу кыздар менен болгон окуя Индиянын маалымат каражаттарында чоң резонанс жаратты жана индуизмдеги миллиондогон аялдардын азабын берген менструацияны тыюу темасын кайрадан көтөрүүгө себеп болууда.

Бейшембиде жогорку класстагы кыздардын тобу коллежде каршылык акциясын өткөрүп, аларды басмырлаган кызматкерлерди жазалоону талап кылышты. Ал эми жекшембиде жатаканага Аялдар укуктары боюнча улуттук комиссиянын делегациясы барды.

Комиссия инцидентти иликтөөгө чакырды жана коллеждин кызматкерлеринин ишин "абийирсиз өнөкөт" деп атады.

Бирок баары эле алардын тарабында болуп жаткан жок. Даршана Долакиа - коллеж менен байланыштагы университеттин проректору бүт күнөөнүн баарын кыздарга койду. Бирок кийин ал оюн өзгөртүп, болгон ишти иликтөө үчүн комиссия түзүү жөнүндө чечим чыгарды.

Этек кирдин айынан индиялык окуучу кыздар басмырлоого туш болуп жаткан бул биринчи окуя эмес. Үч жыл мурун өлкөнүн түштүгүндө ушуга окшош жаңжал болгон: окуу жайдагы жуунчу бөлмөнүн эшигинин кан көрүп калышып, 70 окуучу кызды жылаңачтап алып текшеришкен.

Индияда аялдарды менструация үчүн басмырлоо кеңири жайылган көрүнүш. Этек кири үчүн салынган тыюу күчүндө, бул учурда аялдар "таза эмес" деп саналат. Аларды социалдык жана диний иш чараларга киргизишпейт, ал эми храмдар менен ашканага жакын да жолотушпайт.

Индиянын шаарларында билимдүү көп аялдар мындай зыяндуу өнөкөт менен күрөшүүгө аракет кылууда. Соңку жылдары активисттер менструация организмдин кадимки функциясы экенин, ал үчүн дискриминация кылуу караңгылык экенин түшүндүрүп жатышат. Бирок бардык аракеттер эле үзүрүн берип жаткан жок.

2018-жылы Индиянын соту Керала штатындагы храмга бардык аялдарга кирүүгө салынган тыюуну мыйзамсыз деген маанилүү чечим чыгарган. Бирок массалык каршылык көп болгондуктан, сот бир жылдан кийин бул чечимди кайра карап чыгууга аргасыз болду.

Соттун бул чечимине каршы чыккандардын арасында аялдардын өздөрү да көп болду, бул этек кирине байланыштуу дискриминациянын коомдо өтө терең тамырлаганын көрсөтөт. (КС)