Diamond Princess: Карантин эмнеге натыйжа берген жок?

Вирус табылган жүргүнчүлөр жана алар менен контакт болгон адамдар лайнерден далайга чейин чыкпайт Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Вирус табылган жүргүнчүлөр жана алар менен контакт болгон адамдар лайнерден далайга чейин чыкпайт

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Жапониянын Йокогама портунда карантинде турган Diamond Princess саякат кемесиндеги кыргызстандык жаран коронавирус жуктуруп алганын ырастады.

Расмий маалыматка караганда, кыргыз жараны жапон ооруканаларынын биринде дарыланууда жана абалы жакшы.

Жапонияда коронавирус чыккандыктан он төрт күн карантинге коюлган Diamond Princess саякат лайнериндеги жүргүнчүлөр сыртка чыгарыла баштаганы өткөн аптада айтылган эле. Биринчи беш жүз жүргүнчү Йокогама портунда жээкке түшүрүлгөн.

"Даймонд принцесс" саякат кемеси 5-февралда эки апталык карантинге алынган. Анын бортунда 3700дөн ашуун жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү болгон. Алардын дээрлик жарымы Жапония жарандары, калгандары 56 өлкөдөн келген саякатчылар.

Саякат кемеси Йокогама портунан 20-январда Кагосима - Гонконг - Окинава багыты боюнча чыгып кетип, 3-февралда кайтып келген. Ушул убакыттын ичинде кемедеги бир нече киши саламаттыгы боюнча даттанып кайрылат. Ошондон кийин жапон бийлиги алардын баарын текшерүүдөн өткөрүүнү чечет.

5-февралда дарыгерлер он кишиден Covid-19 жаңы коронавирусу козгогон пневмония илдетин таап чыккан. Аларды Канагава префектурасындагы ооруканага жаткырышкан эле.

Жапон бийлиги саякатчыларга коронавирус 80 жаштагы Гонконгдон келген жүргүнчүдөн жуккан болушу мүмкүн деп шек санаган. Ал Жапонияга учак аркылуу келип, "Даймонд принцесс" саякат кемесинде 20-25-январга чейин болуп, Гонконгго баргандан кийин гана коронавирус жуктуруп алганы билинген.

Кемедеги жүргүнчүлөрдүн ичинен коронавирус 621 кишиден табылган. Бул Covid-19 менен ооруган адамдар эң көп топтолгон Кытайдын сырткары өзүнчө жер болуп калган эле.

Инфекция жүргүнчүлөр ичинде тез жайылган. Кээ бир өлкөлөр өздөрүнүн жарандарын карантинге чейин эле алып чыгып кетүүнү чечти. Өткөн аптада вирус табылган эки жаранын Орусия чыгарып кеткен. Андан мурда кемеден орусиялык башка адам түшүп кеткен эле. Жапон университетинин инфекциялык оорулар кафедрасынын профессору Кобе Кентаро Ивата саякат кемесине кирип, текшерүү жүргүзгөн дарыгерлердин бири. Ал буга чейин Африкада эбола вирусу чыкканда, ошол аймакка барып иштеген. "Даймонд принцесс" кемесинде болуп келгенден кийин, жапон дарыгери YouTube баракчасындагы кайрылуусунда Африкада өзүн бир топ коопсуз сезгенин айткан.

"Анткени Африкада вирус кайсыл жерде бар, кайсыл жерде жок экенин так билчүмүн жана бейтаптар дагы мага белгилүү эле. Ал жерде кызыл сызык менен жашыл сызыктын чеги так көрсөтүлгөн болчу. Эбола менен күрөшүп жатканда өтө этият болушуң керек. Ошол эле маалда эмне менен күрөшүп жатканыңды жана кантип сактанышты билесиң. Ал эми "Даймонд принцесстеги" кырдаалда вирус кайда экенин эч ким билбейт",-деп айтып берген профессор Кобе Кентаро Ивата.

Би-Би-Си менен маегинде Ивата дүйнө жүзү эпидемия менен күрөшүүдө так белгиленген карантин зонасын түзүүдө. Ал эми "Даймонд принцесс" саякат кемесинде андай жок деп айткан.

Кемеден түшкөндөрдүн жагдайы кандай болот?

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Өткөн аптада вирус табылбаган жүргүнчүлөрдүн алды жээкке түшүрүлгөн

19-февралдан тарта жапон бийликтери вируска чалдыкпаган адамдарга жээкке түшкөнгө уруксат бере баштаган эле.

"Лайнерден түшкөн биринчи жүргүнчүлөр тез басып аларды күтүп турган автобустарга бет алышты. Айрымдар такси алууну чечти. Коронавирустан таза чыккандар гана кеткенге уруксат алды. Вирус табылган 543 адам жакын жердеги ооруканаларга жеткирилген болчу",-деп кабарлаган Би-Би-Си кабарчысы Лаура Бейкер.

Кээ бир өлкөлөр кемедеги карантиндин эффективдүү экенине ишенбей, бул кемеде болуп кайтып келген жарандарын өздөрү дагы он төрт күн карантинде кармоодо. Бул жерде элүүдөн ашык өлкөнүн жүргүнчүлөрү бар, ошондуктан бул саякат лайнери глобалдык инфекциянын жаңы толкунун тараткан булак болуп калбайбы деген кооптонуу чоң.

Жүргүнчүлөрдүн арасында Кыргызстандын бир жараны бар экени белгилүү болгон. Буга чейин аны менен бир каютадагы жүргүнчүдөн вирус табылган. Ошондуктан кыргыз жаранын кемеден дароо чыгарып жибербей, байкоого алып жатышкан эле.

Алар нормалдуу жашоого бир нече күндөн кийин гана кайтып барышат. Ага чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болот, деп билдирген Жапониянын саламаттыкты сактоо министрлиги. Эксперттер эмне үчүн карантин бул кемеде натыйжа берген жок деп суроо салды.

"Даймонд принцесстеги" карантин коронавирустун андан ары тарашына бөгөт коёт деп ишенишкен. Бирок эки аптадан кийин борттогу 542 кишиден вирус табылды. Айрым маалыматтарда кемеде карантин эрежелери так сакталбаганы айтылып жатат. Жапон бийлиги баары эрежеси менен болгонун, жүргүнчүлөрдүн көбү карантинге чейин эле вирусту жуктуруп алышканын айтып чыкты. (AbA)