АКШдагы мормондор: көп аял алуу кайрадан талкууда

Мормондордун тарыхый чиркөөсү. Юта штатынын борбору Салт-Лейк-Сити Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мормондордун тарыхый чиркөөсү. Юта штатынын борбору Салт-Лейк-Сити

АКШнын Юта штатында көп аял алуу же полигамия Кылмыш кодексинен алынышы мүмкүн. Штаттын мыйзам чыгаруучулары көп аял алууну коомдук унаага билетсиз чыккандай эле жеңил кылмыш катары эсептөөнү сунуштады.

Андайлар азыркы мыйзам боюнча беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Полигамиялык нике же бир нече аял менен жашоо Ютада жүздөгөн жылдардан бери бар. Расмийлер бул маселеге "сен сураба, мен айтпайм" деген позицияда болуп келген жана күнөөлүүлөрдүн артынан түшкөн эмес.

Муну олуттуу кылмыштардын катарынан алып салуу боюнча мыйзам долбоорунун автору андай үй-бүлөлөр куугунтукталып, жаап-жашырууга алып келип жатканын жана курмандыктар ачык айтып чыгуудан коркконун айтты.

Image caption Түрколог Чарлз Карлсон

Бирок жаңы долбоорду сындагандар бул мыйзам бузгандарды күчөтүп, берилген эркиндиктен аша чаап колдонууга алып барат дешүүдө.

Түрколог, Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучусу, түбү Юта штатынан Чарлз Карлсон көп аял алгандар жашыруун жашайт дейт.

Ал Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып полигамия АКШнын федералдык мыйзамына каршы келет деди:

"Көп аял алган эркектер демейде жашыруун жашайт, көбүнчө балдарын, аялдарын алып Мексикага кетип калышат. Бүгүнкү күнү полигамияга чиркөө да уруксат бербейт. Анткени бул мыйзамга каршы. Ошондуктан алар тыюу салынбаган жерлерге кетүүгө аргасыз. Бирок динди эскиче кармангандар полигамия болуш керек дешет".

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Юталык дин аалымы мормондордун негиздөөчүсү Джозеф Смиттин көп аялы болгонун айтып, акцияга чыккан. 2009-жыл, 3-октябрь

Карлсон штат сенатынын чечими көп нерсени өзгөртпөй турганын айтып, мындай сунуштар сотто четке кагылып келгенин кошумчалады.

"Бул тажрыйба чиркөөгө кайра кайтып келет деп ойлобойм. Дин аны жактаган күндө да, Юта Федералдык мыйзамга баш ийет. Аялдардын саны өтө көп болгондуктан полигамия келип чыккан. Алар колония катары элин көбөйтүш үчүн да ушуга барышкан. Бирок АКШ мыйзамы кийин ага тыюу салган", - деди Би-Би-Сиге Карлсон.

Ютада болжолдуу 30 миңдей адам мыйзамсыз нике менен жашайт. Ал жердегилердин басымдуусу мормондор же мормонизмдин жактоочулары. Мормонизм 19-кылымдын биринчи жарымында христианчылыктан бөлүнүп чыккан дин түшүнүгү.

Тектеш темалар