Германия: кальянканада экстремист тогуз адамды атып өлтүрдү

Сүрөттүн булагы, EPA
Кылмыш болгон жерге полициянын кошумча күчтөрү тартылды
Франкфурттан чыгышта жайгашкан Ханау шаарында белгисиз бирөө кальянканада отургандарга ок атып, тогуз адам каза тапты. Кол салууга шектүү адамдын өзү да өлүү табылды. Анын жанынан дагы бир адамдын жансыз денеси чыкты.
Жергиликтүү бийликтин билдирүүсүнө караганда, ок аткан адам өтө эле ашынган көз караштагы экстремист болгон деп айтууга негиз бар.
Ок атуу бейшембиге караган түнү Ханаудагы кальян кызматын көрсөткөн эки барда болду. Башында кылмышкер шаардын чок ортосундагы бардын ичинде адамдарга ок атып, машина менен изин жашырып кеткен. Андан көп узабай эле шаардын батыш жагындагы бардан дагы адамдарга куралдуу кол салуу болгону жөнүндө билдирүү түштү.
Биринчи кальянканада өлтүрүлгөнү үч адам, экинчисинде беш адам деп маалымат таркады.
Башында өлгөндөр саны сегиз деп кабарланган. Оор жарадар болгондордун бирөө кийин жан берди.
Жаракат алгандар бешөө экени айтылып жаткан.
Кальянканада отургандар көбүнчө күрд улутундагы адамдар болгон деп жатышат.
Кол салуунун максаты эмне экени белгисиз.
Полиция кылмышкерди издөө боюнча чоң операция баштады. Бир аз убакыттан кийин шектүү адам Ханаудагы өзүнүн үйүндө өлүү табылды.
Полициянын баамында кылмышкер үйүнө качып баргандан кийин өзүн өзү атып өлтүргөн болушу мүмкүн.

Ханау шаарында 90 миң чамал калк жашайт.
Биринчи инцидент жергиликтүү убакыт боюнча саат 22.00 дө болду. Ок атылып жатканын уккан адамдар аны жергиликтүү ММКларга билдиришкенин Франс-пресс жазып чыкты.
Гессен аймагынын ички иштер министри Петер Бойт болгон ишти террордук акт катары карап жатышканын айтты. Алдын ала маалыматтарга караганда, экстремисттик кол салуунун артында ксенофобиялык максат турат.
Кылмышка шектүү адам Германиянын жараны, анын курал алып жүрүүгө уруксаты болгон, машинасынан ок-дарылар табылган.
Bild газетасынын билдиргенине караганда, кандуу булоон жасаган адам ашынган улутчул болгон, бул анын калтырган катынан жана видео жазуудан да билинет. (КС)