Коронавирус Европага жетти: Италия түндүгү карантинде

Police officer wearing a protective face mask stands next to carnival revellers at Venice Carnival. 23 Feb 2020 Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Венеция карнавалына миңдеген туристтер агылып келет

Дем алыш күндөрү Италиянын түндүк облустарында коронавирус катталды. Вирустан улам пайда болгон пневмониядан төрт киши көз жумган. Жуктуруп алгандар саны 150гө жетти.

Жекшембиде өлкө бийлиги коронавирустун жайылып кетишин алдын алуу максатында айрым шаарларга карантин киргизди.

Италиянын расмийлери коронавирустун жайылышынан улам Венеция карнавалы эки күн эрте токтотту.

Италияда 152 киши Covid-19 вирусун жуктурганы аныкталган үч киши көз жумду. Бул Европа аймагындагы вирусту жуктургандардын эң көп саны. Ошондуктан өлкөнүн расмийлери Милан жана Венецияга жакын аймактарга карантинге байланыштуу чектөөлөрдү киргизди. Болжолу менен 50 миң киши эки апта бою Венето жана Ломбардия шаарчаларынан чыга албайт.

"Кооптуу тилке" саналган аймактан тышкары жакын шаар жана кыштактарда дагы дүкөндөр, мектептер жабылып, спорттук мелдештер токтотулду. Анын ичинде футбол оюндары дагы бар.

Коңшу Австрия Венециядан келе жаткан поездди чек арада токтотуп, дене табы көтөрүлгөн эки жүргүнчүнү ооруканага жеткирген. Бирок кийин алардан коронавирус аныкталбаганы тастыкталды.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Түштүк Корея менен Иран дагы Covid-19 вирусуна каршы чараларды күчөтүүдө. Бул эки мамлекетте коронавируска кабылгандардын саны кескин өстү. Түштүк Кореяда 600 киши вирусту жуктуруп, алты адам көз жумду. Өлкөнүн расмийлери, коронавирус "эң жогорку коркунуч" жаратат деп билдирди.

Иранда болсо жекшемби күнү жаңы коронавируска 43 адам кабылганы тастыкталган. Алардын көбү ыйык деп саналган Кум шаарында катталды. Өлкөдө вирустан сегиз адам көз жумду. Бул Кытайдан тышкары мамлекеттеги эң көп сандагы адамдык жоготуу. Коронавирус түзгөн коркунучтан улам Иран 14 провинциясында мектеп, университет жана маданий борборлорду жапты. Ошол эле маалда Иранга коңшу өлкөлөр дагы чек араларын жапканы белгилүү болду. Булар: Ирак, Пакистан, Армения, Ооганстан жана Түркия. Кытайда 76 миң киши вируска кабылып, 2,442 адам көз жумду.

Башка мамлекеттерде эмне болуп жатат:

  • Ишемби кунү Орусия "Даймонд принцесс" кемесиндеги сегиз жаранын эвакуациялады. Алардын үчөө коронавируска кабылган. Алар Казан шаарындагы карантин борборунда кармалат.
  • Британияда дагы "Даймонд принцесс" кемесиндеги 32 жаранын чыгарып кетти. Кемедеги төрт британиялыкта Covid-19 вирусу аныкталган. Ошону менен Британияда 13 киши вирусту жуктурду.
  • Коронавируска шектелип, "Даймонд Принцесс" саякат кемесинде карантинге алынган Кыргызстандын жараны Жапониядагы Йокохамадагы мамлекеттик ооруканага жаткырылган. Тышкы иштер министрлиги аны менен Кыргызстандын Токиодогу элчилиги тыгыз байланышта экенин билдирди. Расмий маалыматтарда кыргыз жараны вирус жуктурубаганы айтылды.
  • Израил Түштүк Кореядан келген 200 жүргүнчүсү бар учакты кабыл алуудан баш тартты. Учактагы 12 Израилдин жараны карантинге жеткирилип, башка жүргүнчүлөрдү артка жөнөтүштү.

Тектеш темалар