Чарчап калган баласы менен виртуалдуу реалдуулукта жолуккан эне. Бул коштошууга мүмкүнчүлүк түзөбү?

A press handout shows the poster of the VR Special Documentary Сүрөттүн автордук укугу MBC
Image caption Jang Ji-sung wanted a last chance to say a proper good-bye to her seven-year-old

Жакынынан айрылган киши кайгыга батат. Бирок бул турмуштун бир бөлүгү. Өзгөчө жаш баланын өлүмү - өмүр боюу жүрөктү ооруткан бүтпөс кайгы. Түштүк Кореянын тургуну оор жоготуудан кийин өз кайгысы менен виртуалдуу реалдуулуктун жардамы аркылуу күрөшкөн. Бул коомчулуктагы кызуу талкууларга жем таштады.

Жаң Жи Суңдун жети жаштагы кызы На Йон илдеттен улам көз жумган. Жи Суңга жардам берүү үчүн жергиликтүү ТВ компаниялардын бири сегиз айдын ичинде На Йондун үч ченемдүү сүрөтүн иштеп чыкты. Алар актердун жардамы менен тестиердин кыймылын туурап, үнүн дагы окшоштурган.

Документалдык тасма тарткандар энеси менен кызы жолуккан паркты даярдашкан. Бул паркка алар На Йон тирүү кезинде барышкан экен.

Документалдык тасманын аты - "Сага жолукканда". Тасма Түштүк Кореяда MBC каналында обого чыгып, миллиондогон көрөрмандарды тартты. Энеси чарчап калган кызы менен жолуккан учурду абдан эмоционалдуу сцена катары баалагандар болду.

Виртуалдуу реалдуулукта На Йон энесине чуркап барып: "Апа, каякта жүрдүң? Мени ойлоп жаттыңбы?" деген суроолорду берет. Жаң Жи Суң болсо кызына колун сунуп, аны кучагына алууга аракеттенип ыйлайт.

Окуяга Жаң Жи Суңдун башка үй-бүлө мүчөлөрү дагы күбө болгон. Алар өтө кайгырып, жүрөгү ооруганын айтышкан.

Көзү өтүп кеткен жакыныңа жолугуу

Документалдык тасмадан кийин айрымдар "өтүп кеткен жакындарыңа виртуалдуу реалдуулукту жолугушуунун моралдык жана психологиялык кесепети бар" экенин белгилешүүдө. Мындай технология адамдын жоготуусун кабыл алып, турмушун улантууга тоскоолдук жаратат деген көз караш бар. Ошол эле учурда, MBC каналы "кайгыга баткан эненин эмоциясынан акча жана даңк табууга аракеттенди" деген сындарга кабылды.

Документалдык тасманын 10 мүнөткө созулган кыскача видеосу YouTube сайтына жүктөлүп, аны 13 миллиондон ашуун киши көрдү, 19 миңден ашуун адам өз пикирин жазды. Көрөрмандар мындай сынактар Жаң Жи Суң сыяктуу энелерди андан ары дагы кайгыга батырышы мүмкүн экенин эскертишсе, мындай окуяга туш болгон адам "же бейиш же тозокко" баргандай сезимге кабыларын айтышкан.

Сүрөттүн автордук укугу MBC
Image caption Документалдык тасманы тарткандар сегиз ай бою даярдык чараларын көрүшкөн

Ага карабастан Жаң Жи Суң документалдык тасма тартылгандан кийин жеңилдеп калганын айткан. Кызы чарчап калган соң Жи Суң кызынын ысымын денесине тату чектирип жана үйүнүн ар бурчуна анын сүрөтүн илген. Кызынын ыйлап жатканы түшүнө улам кире берген экен. Виртуалдуу реалдуулукта жолукканда Жи Суң "кызым жылмайып жатканын эстеп калганын" айтат.

Психологдор мындай учурда Жи Суң жеңилдеп каларын Би-Би-Сиге айтышууда.

"Катуу кайгыга баткан кишилерге жакындары менен коштошуп алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү психологиялык саламаттыкка жардам берет",-дейт психолог Сеун Гуи Ко.

Ёнсе университетинин окумуштуусу Доң Гви Ли болсо, виртуалдуу реалдуулук фобия, деменция жана депрессия сыяктуу психологиялык илдеттерди дарылоо үчүн колдонулуп келгенин белгиледи. Маселен, Британияда деменцияга кабылган карыяларга виртуалдуу реалдуулукта 1953-жылы Королева Елизавета II тактыга отурган салтанаты көрсөтүлгөн. Ошол учурга кайтып баргандар, мээде сакталган башка маалыматты, маанилүү фактыларды дагы эстешкен.

Бирок профессор Ли документалдык тасмадагы каарман сыяктуу кайгыга баткан кишилерге виртуалдуу реалдуулукту колдонуу, психологдун жардамы менен коштолушу керек экенин баса белгиледи.

Сүрөттүн автордук укугу MBC/ YouTube
Image caption Айрым психологдор Жи Суңдун виртуалдуу реалдуулуктагы тажрыйбасы ага жардам берерин айтышууда

Коштошуу

"Сага жолукканда" документалдык тасмасынын режиссеру Хуин Сеук Ли программа кылдаттык менен даярдалганын Би-Би-Сиге айтып берди. Виртуалдуу реалдуулук бир гана Жаң Жи Суңдун эсинде калган окуялардын негизинде куралган.

Документалдык тасманын аягында На Йон энесине чарчап калганын айтып, "сизди дайыма жакшы көрөм" деген сөзүнөн кийин колуна гүл карматат. Кызы менен энеси бири-бири менен коштошуп, На Йон уктап калат. Ошондо На Йондун денеси ак көпөлөккө айланып, асманга учуп кетет.

* Би-Би-Си Корей кызматынын кабарчысы Хиожуң Кимдин макаласы.

Тектеш темалар