Орусиянын түрмөсү: үч сааттын ичиндеги өлүм

Roman Sarychev
Image caption Роман Сарычевдин сүйлөшкөн кызы Мария Пимахова менен түшкөн сүрөтү

Жылдын башында Москванын түндүк-чыгышындагы Ярославль шаарындагы абактын эки кызматкери камакка алынган. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, түрмөдөгүлөрдү ур-токмокко алышты деп айыпталган.

Орусиянын өкмөтү жаза аткаруу кызматындагы кемчиликтерди жоюп жатканын маалымдаганы менен, түрмөгө камалгандар, алардын жакындары жана адам укугун коргогон активисттер абал эч өзгөрбөгөнүн айтышууда.

Би-Би-Синин кабарчысы Олег Болдырев жылдын башында катталган үрөй учурган окуяны иликтеди:

Роман Сарычев сабалган бөлмөнү көргөн жокмун. Жок, бул мен жасаган шалаакылык эмес. Бул бөлмөгө кирүүгө уруксат эч кимге берилбейт. Ал тикенек зым жана бийик дубалдын артында жашырылган. Бирок Брянск облусундагы Алтынчы колония тууралуу көптөр уккан.

Бул жерде Роман Сарычевди жаза аткаруу кызматкерлери катуу тепкилеп, ал түрмөгө отурганына үч саат болгондо каза тапкан. Түрмөдөн чыккан айрым кишилер Алтынчы колониянын кыйноого алчу бөлмөсү кандай экенин сүрөттөп беришти.

Бөлмөнүн терезеси жок, чатыры төмөн. Бөлмө сары түскө боелгон. Түрмөгө жаңы кесилгендер жерди карап, колуна кишен салынган бойдон кууш коридор аркылуу чакан бөлмөгө кирет. Жаза аткаруу кызматкерлери уруп, тээп, аларды "ордуна коюп" жатканда, рок музыкасы ойноп турат.

Бул жөрөлгөнүн термини дагы бар экен - "кабыл алуу". Жаза аткаруучулар жаңы гана соттолуп, абакка келгендерди коркутуп, опузалашат. Отуз эки жаштагы Сарычевди ушунчалык катуу тепкенде, анын омурткасы сынып кетиптир. Бул боюнча тергөө иштери уланып жатат. Кызыгы, бул окуя көптөрдү таң калтырган жок. Орусиянын түрмөлөрүндө соттолгондорду ур-токмокко алуу кадыресе көрүнүш.

Сүрөттүн автордук укугу Stanislav Krasilnikov/Tass
Image caption Сосновкадагы күчөтүлгөн режимдеги түрмө

Жаза аткаруу кызматы өткөн жылы абактагы 2700 киши каза тапканын билдирген. Алардын көбү табигый себептерден көз жумганы айтылат. Бирок абактагылар ур-токмокко кабылып жатканы боюнча дооматтар көп жылдан бери үзүлбөй келет.

2018-жылы Ярославлдагы түрмөдө жаза аткаруу кызматкерлери абакка кесилген кишини катуу сабап жатканын көрсөткөн видео ашкереленип, коомдо чуу чыккан. Видеодо абактагы адамды күзөтчүлөр столго байлап, катуу сабашкан болчу.

Сүрөттүн автордук укугу Kirill Kukhmar/TASS
Image caption Ярославлдагы түрмөдө бир нече жолу чуулгандуу окуялар катталган

Бир жылдан кийин Финляндияга чектеш Карелиянын түрмөсүнөн чыккандар ур-токмокко кабылып, бир киши өлгөнүн журналисттерге айтып беришкен. Өткөн жылы Карелия түрмөсүнүн башчысы абактагыларды кыйноого алганы үчүн соттолгон.

Бул окуялардын көбү бир нече айдан кийин гана коомго белгилүү болду. Көп учурда кыйноого күбө болгондор абактан бошогондон кийин окуяны ачык айтып беришет. Эгерде үрөй учурган окуядан улам чуу чыкса, жаза аткаруу кызматкерлери жоопко тартылат. Жакшы маани берилбей калган болсо, бул кызматкерлер ишин уланта берген.

Ярославлдагы түрмөдөгү окуя видеого тартылып калганы үчүн коом буга абдан маани берди. Жаза аткаруу кызматкерлеринин төшүнө сөзсүз түрдө камера илинет. Бирок көп учурда кызматкерлер камераларды өчүрүп салышат. Мисалы, Алтынчы колонияда Роман Сарычев сабалып жатканда, бир дагы кызматкердин төшүндөгү камера иштеген эмес.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Алтынчы колония

Сарычев интернетте мыйзамсыз казино ачканы үчүн соттолгон. Ал айып пул төлөп, абактан бошогонго аракет кылган. Бирок сот аны эки жарым жылга абакка кескен. Сарычев 8-декабрда кечки саат 19:40да тергөө абагынан Алтынчы колонияга которулган. Кечки саат 22:40да дарыгерлер жардам бере албай, каза тапкан.

Кийинки күнү Сарычевдин энеси Элена уулу тапшырган анализдерди алайын деп түрмөгө байланышкан экен. Ошондо баласы каза тапканын айтышкан. Сарычевдин эжеси түрмөгө кайра байланышып, иниси эмне болуп каза тапканын сураганда, бир "окуя болду" деп жооп беришкен.

Сарычевдин өлүмүнөн кийин Майор Сергей Шевцов камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланып жатат. Түрмөдө адам укуктарынын тебеленишине байкоо салган активисттердин айтымында, офицер кылмышка жалгыз барды деп айтууга болбойт.

Image caption Сарычевдин энеси Элена жана сүйлөшкөн кызы Мария Пимазова

Би-Би-Си кабарчылары Сарычев менен бирге Алтынчы колонияга которулган дагы бир кишинин энеси менен сүйлөштү. Ал уулу түрмөгө жаңы киргенде кыйноого алынганын айтып берди. Кууш коридорго жаза аткаруу кызматкерлери тизилип, ал коридордун башынан аягына чейин өткүчө күзөтчүлөр уруп, тепкилешкен.

Түрмөдөн бошогондор Майор Сергей Шевцовду жакшы билишет.

"Ал жана дагы бир кызматкер, кайманы аты Сметана болчу, абактагыларды уруп, опузалап жүрүшчү. Тартипти сактоо же акча өндүрүү үчүн эмес, бийлик колунда экенин көрсөтүү үчүн бул кадамга барчу",-деди түрмөдөн чыккан кишилердин бири.

2018-жылы Сметана кайманы ат менен белгилүү болгон Иван Маршалко абакта отургандардын бирин шейшеп менен муунтуп өлтүргөн. Бул окуядан кийин ал 12 жылга кесилген.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Алтынчы колонияда бир нече чуулгандуу окуялар чыкты. Соңку жылдары абактагылар эки жолу нааразылыгын билдирип, жаза аткаруу кызматынын атынан айрым топтор абактагыларды кыйноого алып жатканын айтып чыгышкан эле. Алтынчы колонияда отуруп чыккандардын билдиришинче, ондогон соттолуучу ур-токмоктон өлүп, окуя тергөөгө алынбай калган.

Дарыгерлер Сарычевдин катуу сабалганын жакындарына айтышкан. "Уулуңарды оюнчуктай эле ыргытышыптыр" деп айткан экен дарыгерлердин бири. Алар уулунун сүрөттөрүн ачык жарыялап, окуянын аягына чейин иликтенишине таасир этебиз дейт. Бирок Алтынчы колония Орусиядагы жалгыз абак эмес. Мындан башка шаарлардын түрмөлөрүндө эмне болуп жатат деген суроо чыгат.

Сарычевди жерге берип жатышканда, Марияга кат келген. Бул катты Роман Сарычев тергөө абагынан Алтынчы колонияга которула электе жазыптыр.

Тектеш темалар