Терроризмди каржылаганы үчүн 8 жыл: пенсионер небересине жардам бергиси келген

Марьям
Image caption Марьям Бухурдинова балдары менен сириялык лагерде

Февралдын соңунда Орусиянын соту пенсионер Вера Андрееванын доо арызын карайт.

Буга чейинки соттук териштирүүдө, ал терроризмди каржылаган деп айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Вера Андреева Сирияга күйөөсүнүн артынан ээрчип кеткен небересине 300 миң рубль которгон экен.

Пенсионердин айтымында, небересине күйөөсү жана балдары менен үйүнө кайтып келүү үчүн акча жөнөткөн.

Азыр анын небереси Сириядагы лагерде жатат. Өзү болсо абакта кармалып турат. Ушул жылы Вера Андреева 67 жашка толот. Өзүнүн туулган күнүн абак жайда тосушу мүмкүн. Күйөөсү менен жолуккан учурда абак мөөнөтүнүн аягына чейин жашай аламбы деп айткан.

Марьям

"Таянемден башка эч кимими жок",-дейт Марьям. Паспорт боюнча анын аты-жөнү Марина Бухурдинова. «Марьям» деген ысымды турмушка чыккандан кийин алган.

Ал турмушка чыкканга чейин эле ислам динин кабыл алган экен. Анын айтымында, Москвадагы момпосуй чыгарган фабрикада иштеп жүрүп, "хиджаб кийген орус кыздарын көрүп" кызыгып калган.

"Хиджаб кийип баштаганымда бирге иштегендердин мага карата агрессивдүү мамилесин байкадым. Мени чыккынчылык кылгандай карашты. Өзүм үчүн ушундай жүрөм деп чечтим. Мунун эмнеси жаман, ар кимдин өз укугу эмеспи? Конституцияда дагы ошентип айтылган",-дейт ал.

Кесиптештери менен келишпестикти чечен улутундагы фабрика жетекчиси чечип берген: "Эгер өзү кааласа, хиджаб менен жүрө берсин. Силерге эмне?".

Марьям ошентип фабрикада иштеп, айлыгынын кайсыл бир бөлүгүн Калмыктагы чоң энесине жөнөтүп турган.

Таянеси анын ислам динин кабыл алганын түшүнүү менен кабылдаганын айтат. Бирок таятасы эмнеге хиджаб кийип алганын сурап, башын чайкап бир топ нааразы болуп жүргөн.

Марьям 14 жашында сиңдисин унаа сүзүп кетип, каза тапкан. 19 жашында апасынан ажыраган. Ошентип анын таята, таянесинен башка эч кимиси калган эмес.

"Атам жок эле... Ошондуктан мен чоң ата, чоң энемдин колунда өстүм",-дейт Марьям.

Дагестандык Герейхан Герейханов менен интернет аркылуу таанышкан. 22 жашында ага турмушка чыгат. Күйөөсүнүн бүлөсү Марьямды жактырган эмес. Герейхандын атасы тергөөчүлөр менен сүйлөшкөндө (анын көрсөтмөсү Би-Би-Сиде бар), уулу "ишенчээк, ак көңүл, куулук-шумдугу жок" бала экенин, ал эми Марьям болсо, "өтө энергиялуу, куу жана ичимтап " экенин айтып, көп жагынан Герейханга таасирин тийгизсе керек деп белгилейт.

"Жолдошумдун атасы мени эч качан жактырган эмес - мен орус кызы болсом, алар лезгиндер. Анан баласы дагы үйүнөн кетип калып, турмуш курганбыз",-деди Марьям.

Герейхандын агасы дагы тергөөчүлөргө берген көрсөтмөсүндө, иниси менен мамилеси жакшы болбогонун айткан. Анын айтымында, Герейхан исламдын ага белгисиз бир агымын карманчу. Айылдагы мечитке эч качан барган эмес. Диний көз караштары дал келбегенин атасы да, агасы да көрсөтмөсүндө белгилеп өтүшкөн.

Image caption Марьям менен Герейхан Сирияга кеткенге чейин эле баш кошушкан

Марьям менен Герейхан Дагестандан Сирияга кеткен тааныштарынан кабар алып турушкан. Алар коопсуз жерде шарият мыйзамдары менен жашап жатышканын, "иштештин кереги жок, үй, ай сайын каражат берип турганын" жазышкан.

Алды менен алар буга көп ишенишкен эмес, кантип эле ушундай болсун. Кийин алар "бекер үй" дегенге азгырылып кетишкен.

"Атабыз бизди күн сайын каарып эле туруп алды. Биз тынчыраак жашап, эч кимди азапка салбайбыз го",-деп ойлодук деп түшүндүрдү Марьям.

2015-жылдын 18-майында Марина Бухурдинова күйөөсү жана колундагы баласы менен Орусия чек арасынан чыгып кеткен. Ошол бойдон үйүнө кайтып келишкен эмес.

Сирия

"Бул жакка жетип келиш оңой эле болгон. Кайтып баруу кыйынга турууда,-дейт Марьям. Алар Түркияга келип, андан Сирияга өтүшкөн. -Дагестандан Азербайжанга өтүп, Бакуга чейин такси менен бардык. Андан ары учакта (Түркияга) кеттик".

Сирияга баргандан кийин алардын документтерин жана телефонун дароо эле алып коюшкан. Марьямдын бул сөзүн Би-Би-Си менен маектешкен башка кыз-келиндер дагы ырастап беришти.

Марьям биринчи барганда жайгашкан Сириянын Тель-Абьяд шаарындагы келгиндердин агымы тууралуу эскерди. Бул стратегиялык жактан маанилүү шаарды ошол маалда «Ислам мамлекети» террордук уюмунун жоочулары көзөмөлдөп турган. Көптөгөн күбөлөр дал ушул Тель-Абьяд аркылуу жоочулар аткезчилик менен өткөн курал жана күйүүчү май, уюмдун катарына келген жаңы күчтөрдү кабыл алып турганын айтып беришкен.

Тель-Абьяддан Марьямдарды Раккага жөнөтүшкөн.

"Раккага келерибиз менен биринчи эле күнү шаарда бомбалоо болду. Эсим чыкты. Жаныбызда акчабыз дагы, документибиз дагы жок. Ал жактан кайтып келиш оңой эмес эле. Ал жерде артка кеткен жолду сурай албайсың. Сени өлтүрүп салышат. Өзгөчө эркек кишилерди",-дейт Марьям.

Алар үй-бүлөсү менен чогуу шаардан шаарга көчүп бир нече убакыт жашашкан. Көп өтпөй күйөөсүнө келип, "шарияттын окуусунан өтүшү керектигин айтып", эки айга алып кетишкен. Үйгө келгенде эч нерсе сүйлөбөй эле, шалдырап олтуруп калчу дейт. Кийин тамак-аш бербей, эрте менен тургузуп, он чакырым чуркатарын айтып берген. Андан соң бир кесим нан менен варенье беришкен. Анан кайрадан машыгуу. Түндө дөңгөлөктөрдү отко жагып, аларды ошону аралатып чуркаткан учурлар болгон.

"Беткап кийип алган араб алар уктап жатканда балдардын петарддарын ыргытып кеткенин" айтып берген дейт Марьям.

Герейхан лагерден кайтып келгенден кийин уулу менен чогуу унаа сүзүп кеткен. Экөөнүн тең буттары сынган. Ошол маалда Марьям кош бойлуу эле.

"Аларга операция кылуу үчүн арабдар менен бир топ жаңжалдаштым. Күйөөмдүн бутуна темир коюшту. Кош бойлуу болгонума карабай, экөөнү тең дааратканага жөлөп-таяп алып барып жүрдүм. Уулумдун бир буту эки жеринен сынган эле. Кыйшык бүтүп калды. Аксап басат, аны түздөш үчүн кайра сындырыш керек экен".

Бул окуя 2017-жылдын август айында болду.

2018-жылды Герейхандын үй-бүлөсү Дейр-эз-Зор провинциясынын түштүк-чыгышындагы Гараниж айылында тоскон. Марьямдын айтымында, мына ушул жерде аялдар менен балдарды күрттөргө багынып берүүгө уруксат беришкен. Эркек кишилерге курчоодон качып чыгууга уруксат беришкен эмес. Жоочулар атып салабыз деп коркутушкан.

"Чыдамым жетпей калды"

2019-жылы 24-январда эрте менен пенсионер Вера Андреева Ростов облусундагы Сальск шаарындагы банкка келип, Грузияга 99 миң 855 рубль 60 тыйын (1480 доллар) которгон.

Эмне үчүн Грузияга?

"Ошол лагерде ушу менен алектенген араб бар экен. Маселен, качан, каякка акча которуш керек экендигин айтат. Анан банк эсептерин берет. Көрүнүп тургандай, анын кишилери болсо керек. Түркия, Грузиябы, кайсыл жактан сурасаң, эсептерди берет экен",-деп жооп берген пенсионер Вера Андреева.

Пенсионер небересине бир нече жолу ушундай жол менен акча которуп келген. 2018-жылы акча которууларга полициянын көзү түшөт. Андреева ысымдуу аял которгон акчалар өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун каржылоо каналы катары шектеле баштайт. Ошондо гана ИИМ кызматкерлеринен Вера Андреева небереси жана күйөө баласы Герейхан "ИМге" мүчө болгон үчүн издөөдө жүргөнүн уккан.

Андреева полиция кызматкерлерине берген түшүндүрмөсүндө, акчаны небереси артка кайтып келүү үчүн жөнөткөнүн айтып берген.

Image caption Вера Андреева, сүрөт үй-бүлө мүчөлөрүнүн уруксаты менен жарыяланды

Тергөөчүлөр менен болгон сүйлөшүүдөн бир нече күндөн кийин небереси кайра акча сурап кайрылат.

Марьям ошол маалда "ИМ" жоочуларынын аялдары кармалган лагерде эле. Күйөөсү болсо экстремисттик уюм көзөмөлдөп турган Дейр-эз-Зор провинциясында болгон.

"Жолдошум качып кетүүгө жардам кыла турган арабды тааптыр. Ал болсо акча сурап, [Биз качып кете алабыз деп үмүттөнгөнбүз], баарыбызды үйгө (Орусияга) жөнөтөм деп айтыптыр",-деп түшүндүрөт Марьям. Араб киши 4,5 миң доллар сураган (Марьям аларга 300 миң рубль керек экен деп эсептейт). Акчаны Герейхандын атасы таап, Андреевага берген.

Борбордук банктагы чектөөлөрдөн улам акчанын баарын дароо которо алган эмес. Ошондуктан Вера Андреева аны үчкө бөлүп, бир бөлүгүн өзү жөнөткөн. Калган сумманы жөнөтүүгө туугандары жардам берген.

Ушул которуулар Андреевага каршы кылмыш ишин козгоого негиз болду. 25-декабрда Түштүк аймактык аскер соту бир күндө ишти карап, пенсионерди айыптуу деп тапкан. Ага терроризмди каржылоо боюнча айып тагылып, сегиз жылга эркинен ажыратылат. Сот залынан камакка алышкан. Ал азыр убактылуу кармоочу жайда доо арыздын каралышын күтүп жатат.

"Ортону бөлуп турган айнек аркылуу сүйлөшөбүз,-деп кыска түшүндүрдү күйөөсү Геннадий. Ал дагы пенсионер, бирок бала бакчада кошумча жумуш кылат. - Ал мага (СИЗОго барып жолукканда) "чыдамым жетпейт, мөөнөтүм бүткөнчө жашабайт окшойм" деп айтты".

Вера Андрееванын онкологиялык оорусу бар.

"Таятам абдан ачууланат,-дейт Марьям. -Мени айыптайт. Бирок баары бир телефон чалам. Ал менин таятам да. Түшүнөм ага азыр абдан оор, карыганда жалгыз калды. Эгерде таянемдин жаза мөөнөтүн алууга мүмкүн болсо, моюнума алаар элем".

Вера Андрееванын доо арызы каралган учурда адвокат беришет. Геннадийдин өзү адвокат жалдаганга акчасы калбай калды. Тааныштары адвокат таап берүүгө аракет кылып жатышат.

Лагерь

Андреева жөнөткөн каражаттын небересине пайдасы тийген жок. Ачка артка келди деп айтып берди Андрееванын жолдошу.

Герейхан 2019-жылдын мартында Гаранижден чыгып кеткен.

"Мен кетип баратам. Силерди жакшы көрөм, балдарды окутуп, алар менен бол. Орусияда жолугабыз деп үмүттөнөм",-деген кат калтырган. Ошол бойдон байланыш үзүлдү.

Азыр Марьям күрддөр кайтарган Рож лагеринде кармалып турат. Сирияга келгенине өтө чоң өкүнүчтө экенин айтты.

Image caption Рож лагери

Марьям "ИМ" жоочулары кармалган түрмөдөгү сүрөттөрдү интернеттен көрүп калып, күйөөсүн тааныган.

Бир нече жыл мурун Орусия сириялык лагерлерден аялдар менен балдарды чыгарып кеткен. Азыр алып чыгып кетпей калды. Анын себебин расмий түшүндүргөн эмес. Өлкө бийлиги жетим балдарды гана алып чыгып кетүүдө. Акыркы айларда балдар омбудсмени Анна Кузнецова сириялык Аль-Хол лагеринен ата-энесинен ажырап калган бир нече баланы алып чыкты. Аларды жакын туугандарынын колуна беришкен. Кузнецова бул иш улантыларын убада кылды. (AbA)

Тектеш темалар