Коронавирус жаңы аймактарга жайылды: Кытай, Иран, андан ары кайда?

Бир нече европалык өлкөлөрдө Covid-19 вирусу биринчи жолу катталды. Анын Италиядагы илдеттин тарашына байланышы бар. Италияда вирусту жуктургандар саны 300 кишиге жетти.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Тегеран коопсуздук чараларын күчөттү

Италиядан кайтып келген жарандары ооруну жуктуруп алганы Австрия, Хорватия жана Швейцарияда белгилүү болду.

Тенерифде мейманканадагы миңге чукул киши карантинге алынды. Мейманканадагы коноктордун бири - италиялык дарыгерден коронавирус табылган.

Испаниянын материктин бөлүгүндө дагы биринчи жолу вирус табылды. Франция жана Германия Италиядан келген жарандарынан вирус табылганын айтып чыкты. Италиянын түндүгүнөн саякаттан кайтып келген окуучуларды Британия мектептери үйүнө жөнөтүүдө.

Иранда вирусту жуктурган жүздөй учур белгилүү болду. Көз карандысыз булактар сандар мындан да көп болушу мүмкүн дейт. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ираж Харирчи өзүнө дагы вирус жуктуруп алганын айткан.

"Иранда вирус кандай динамика менен тарап жатканын түшүнүүгө аракет кылып жатабыз. Көптөр диний майрамга чогулуп, башка шаарларга кетишкен. Бир нече күндөн кийин динамика так болот. Биз Иранга жана Италияга өкүлдөрүбүздү жөнөттүк. Башка мамлекеттер менен дагы тыгыз байланыштабыз. Эгерде техникалык жардам керек болсо, жардам сунуштайбыз",-деди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Майк Райан.

Сүрөттүн автордук укугу Facebook/Alison Frawley
Image caption Айрым маалыматтарга караганда, коопсуздук кызматы мейманканадагыларды сыртка чыгарбай жатат

Женева шаарындагы басма сөз жыйынында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус Кытайда вируска кабылгандардын саны кыскарып жатканын белгиледи.

"Ар бир мамлекетке үмүт жана ишеним берген жаңылык - вирустун жайылышын токтотсо болот. Бир нече мамлекет буга жетишти. Кытайдан тышкары 28 мамлекетте 2,074 киши коронавирусту жуктурган, 23 киши көз жумду."

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Бээжиндеги басма сөз жыйынында уюмдун өкүлдөрү Батыш өлкөлөрүн Кытай сыяктуу вирустун жайылышын токтотууга үндөдү.

"Бул аптада вирус жылып жатканын байкап жатабыз. Ошондуктан башка мамлекеттерди дагы Кытай сыяктуу чара көрүүгө чакырабыз. Бүтүндөй аймактарды тышкы дүйнө менен байланышты үзгүлө деген жерибиз жок. Бирок вирус тез тарап жаткан аймактарда карантин сакталышы керек. Ошондо вирус жакыр, саламаттыкты сактоо системасы өнүкпөгөн өлкөлөргө жетпейт. Мындай мамлекеттердин вирус менен күрөшүүгө дарамети жок",-деди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Брюс Айлворд.