Түштүк Кореяда беткап үчүн узун кезек: дрондон тартылган тасма

Түштүк Кореядагы коронавирустун очогуна айланган Тэгу шаарында жүздөгөн кишилер беткап үчүн кезекте турат.

Вирусту жуктургандар саны боюнча Түштүк Корея Кытайдан кийинки эле экинчи орунда болуп калды. 22-февралда өлкө бийлиги 229 жаңы учур катталганын билдирди. Ошону менен коронавируска кабылгандар саны 433 кишиге жети.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ким Ган Нип вирустун жайылышы “олуттуу маани бере турган чекке жетти” деп билдирүү жасады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөнүн отуздан ашуун өлкөсүндө вирусту жуктуруп алган фактылар катталганын айтууда.