Чоң шаардагы коронавирус: илдеттин тарашын кантип алдын алса болот?

Таиланд парламенти

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Таиландда депутаттардын бири Жапонияга иш сапар менен барып келгени белгилүү болгондон кийин парламентти дезинфекция кылышты

Коронавирус Антарктидадан башка бардык континенттен табылды. Вирус Кытайдын чегинен сырткары аймакка тездик менен жайылууда.

Калк жыш отурукташкан ири шаарларда илдеттин жайылышы реалдуу коркунучка айланды. Шаар жашоосун коопсуз кылган айрым мисалдар менен бөлүшөлү.

Коомдук транспорт

Коомдук транспорт - вирустун тарап кетишинин эң кооптуу жолдорунун бири.

Вирустар аба аркылуу - чүчкүрүп-бышкырган учурдагы шилекейдин эң эле майда бөлүкчөсү аркылуу жугат.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Вирусту коомдук транспортто жуктуруп алуу кокрунучу чоң (сүрөттө Тегерандагы автобус)

Бир нече иликтөөлөр көрсөткөндөй, грипп жайылып жаткан мезгилде коомдук транспортту көп колдонгондор алты эсе көп ооруган. Мына ошондуктан көп өлкөнүн бийлиги: Түштүк Кореядан Иранга чейин коомдук транпортту - поезд, автобус жана аялдамаларды атайын каражаттар менен тазалоодо.

Эл чогулган жайлар

Киши көп чогулган жерлер, айталы, спорттук, маданий иш-чаралар дагы вирусту таратуу коркунучун жаратат. Көп өлкөлөр коронавируска байланыштуу мындай иш-чарлардан баш тартты. Covid-19 коронавирусуна байланыштуу Шанхайда өтө турган "Формула-1" жылдырылды.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жапония бийлиги элдин чогулуусуна тыюу салды

Азиянын чемпиондор лигасынын алты беттеши токтотулду. Беттештин жабыдалы боюнча төрт ирандык комнданын оюну белгисиз мөөнөткө токтотулду.

Европада италиялык командалар катыша турган регби жана футбол беттештери жылдырылды.

Эң олуттуу кадам Токиодо өтө турган "Олимпиада-2020" жылып кетиши мүмкүн. Оюндар 24-июлда башталышы керек эле.

Азырынча олимпиада отунун марафону жылды. Дүйнөлүк олимпиада комитети эгерде коронавирус пандемияга алайнса, оюндар дагы токтотулушу мүмкүн экенин айтты.

Коронавирус бир катар диний жөрөлгөлөргө дагы таасирин тийгизди. Сауд Арабиясы Мекке жана Мединага ажылык зыяраттарын убактылуу токтотту.

Мектептер

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Таиланд, Иран, Ирак жана Италия мектептерди жапты

Коронавируска байланыштуу дүйнө боюнча өкмөттөргө башталгыч класстардын окуу жадбыланы өзгөртүү сунушталууда.

Жапония, Таиланд, Иран жана Иракта мектеп жана университеттер убактылуу жабылды. Британия менен АКШ өкмөтү мектептерди жабуу сунушун берген жок.

Коронавирус кеңири жайылга өлкөлөрдөн баласы менен келген ата-энелерге эки аптага чейин үйдөн чыкпоо сунушу берилип жатат. Балдарын мектепке жибербөө тууралуу көрсөтмө беришти.

Офистер

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Компанияларга иштердин көпчүлүгүн үйдө олтуруп аткаруу сунушу берилүүдө

Коронавирус өзгөчө технологиясы өнүккөн өлкөлөрдөгү компаниялардын ишине таасирин тийгизүүдө.

Сан-Диего жана Сан-Францискодо өзгөчө кырдаал абалы киргизилип, офис кызматкерлерин бир катар кеңештер берилди. Маселен, офиске келген кишилер менен кол берип учурашпоо эрежеси кирди.

АКШнын ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору эгерде дене табы көтөрүлүп, инфекциянын белгилери байкалган болсо, жумушчулардын ишти үзгүлтүккө учуратканы үчүн жазалабай, колдоо көрсөтүүнү сунуш кылды.

Маалымат берүү

Кишилер эң жөнөкөй эрежелерди туура колдонушу зарыл: колду туура жууп тууруу коронавирустун алдын алуунун эң натыйжалуу жолу деди дарыгерлер.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Ооруканалар

Азырынча жаңы коронавируска каршы вакцина жок. Ооруканаларды негизги максаты - инфекцияны күчөтпөө үчүн күрөш.

Медициналык мекемелер бейтаптарды бөлүп коюуну, обочолотууну сунуштап, дарыгерлерди атайын корголгон кийимдер менен жүрүүгө милдеттендирди.

АКШ менен Британиянын бийлиги эгерде илдеттин масштабы өсө турган болсо, ооруканаларда орун калбай калат деп чочулап жатат.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ирак, Басра шаарындагы текшерүү

Бирок эксперттер эгерде коронавирус дүйнө боюнча жайыла турган болсо, мындай чаралар натыйжа бербей калат деп эсептейт.

Анын үстүнө мындай чараны бардык эле жерде ишке ашыруу мүмкүн эмес.

"Кытай сыяктуу бүтүндөй шаарларды жаап коюш айрым гана өлкөлөрдүн колунан келиши мүмкүн",-деп жазды "Твиттер" баракчасына Хопкинс ден-соолук борборунун директору Том Инглсби. (AbA)