Эрдогандын чечими Европаны чочулатты: качкындардын жаңы толкуну каптайбы?

качкындар

Сүрөттүн булагы, AFP

Түркиянын абадан коргонуу күчтөрү Идлиб провинциясында сириялык эки аскер учагын атып түшүрдү. Ошол эле маалда кургак жердеги кагылышуулар дагы интенсивдүү түрдө уланды.

Идлибде 27-февралда сириялык авиациянын соккусунан 33 түрк аскери каза тапкандан кийин кырдаал курчуду.

Грециянын бийлиги Түркия менен кургактагы жана деңиздеги чек араларын кайтарууну күчөтүү чечимин кабыл алды. Себеби, мигранттардын агымынан чочулап турат.

Түркия Европага өтүп кетүүгө умтулган качкындарды кармабай турганын айтты. Жекшембиде грек аралдарына кайык менен 500 киши келген. Кургактагы чек арасынан 10 миң мигрант токтотулду.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Түркия-Греция чек арасындагы качкындар

Айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар болуп, көздөн жаш агызчу газ колдонулду.

Греция өкмөтүнүн расмий өкүлү Стелиос Пецас өлкөгө чоң басым болуп жатканын билдирди. "Түркия муну колдоп жатат. Бул жүрүштөр Евробиримдик менен Түркиянын биргелешкен декларациясындагы милдеттерди бузгандык",-деди ал.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ишембиде Түркия качкындардын жаңы агымын токтото албайт деп билдирүү жасады.

"Биз чек араны ачтык(...) Биздин өлкөбүз качкындардын жаңы агымын тескей албайт",-деди Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Түркиянын аймагында Сириядан, Ооганстан жана башка өлкөлөрдөн качып келген 3,7 миллион качкын бар. Европа Биримдигинин 2016-жылдагы келишим шарттарына ылайык, түрк бийлиги качкындардын андан ары чыгып кетишин токтотуу үчүн 6 млрд евро каржылык жардамга макул болгон.

Качкындардын 3,5 млн чамалуусу Башар Асадка оппозиция болгон күчтөр көзөмөлдөгөн Сириянын Идлиб провинциясынын Түркия менен чек арага жакын аймагында кармалып турат.

Өткөн жылдын декабрынан тарта сириялык өкмөт Ирандын жана Орусиянын колдоосу менен Идлибге чабуулга өтүп, калктуу конуштарды биринин артынан экинчисин ээлеп жатат. Эгерде провинция толугу менен алардын көзөмөлүнө өтсө, Түркиядагы качкындар саны эки эсе көбөйүшү мүмкүн.

Эрдогандын чечими Идлибдеги аба сокксунан 33 түрк аскери мерт болгондон кийин кабыл алынды. Болжолу аба соккуларын Сириянын өкмөттүк күчтөрү жолдогону айтылууда.

Сүрөттүн булагы, AFP

2019-жылдын декабрындагы БУУнун маалыматы боюнча, Асаддын армиясы Идлиб аймагына чабуулга өткөндө, жарым миллиондой жайкын тургун качып чыккан. Лагерлер качкындарга толду. Түрк бийлиги көп сандагы кишилерди кабыл алууга мүмкүн эместигин айтып жатат.

Сүрөттүн булагы, AFP

Европага өтүп кетүүгө аракет кылган качкындардын жаңы толкуну кризиске алып келет. Мындай учур 2015-2016-жылдары катталган эле. Анда Евробиримдиктин өлкөлөрү Жакынкы Чыгыштан агылган мыйзамсыз мигранттарга араң туруштук берген.(AbA)