Кытай дүйнөлүк бренддеги фабрикаларда уйгурларды күчкө салып иштетип жатабы?

Докладда Циндао шаарындагы бут кийим чыгарган Taekwang ишканасында дагы уйгурлар мажбурлоо жолу менен эмгекке тартылганы айтылган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Докладда Циндао шаарындагы бут кийим чыгарган Taekwang ишканасында дагы уйгурлар мажбурлоо жолу менен эмгекке тартылганы айтылган

Кытайдын бийлиги миңдеген мусулман уйгурду мажбурлоо жолу менен эмгекке тартып жатканы тууралуу Австралиядагы саясий стратегия институтунун докладында айтылды.

Эксперттердин маалыматында, он миңдеген уйгур жана башка мусулман азчылыктары дүйнөлүк брендге айланган ири ишканаларда мажбурлоо жолу менен эмгекке тартылган.

Аталган институт өз докладында 2017-2019-жылдар аралыгында Шиңжаң-Уйгур автоном районунан сырткары аймактарда 80 миңдей уйгур күчтөп эмгекке тартылганын баяндайт. Алар өлкөнүн түрдүү аймактарындагы фабрикаларга ишке тартылган.

Институттун маалыматында, Кытайдын тогуз провинциясындагы 27 фабрикада 2017-жылдан бери Шиңжаң-Уйгур автоном аймагынан келгендердин эмгегин пайдаланышат. Уйгурлар иштеген фабрикалар дүйнөдөгү 83 брендге продукцияларды берип турат. Анын ичинде Nike, Zara, Adidas, H&M, Uniqlo, Victoria's Secret, BMW жана Land Rover, Lenovo, LG, Dell, ASUS, Acer, Samsung, Apple жана башкалар бар.

Кытай бийлиги бул маалыматтарды четке какты.

Докладда автоном аймактын тургундарын күчкө салып фабрикаларга алып баруу мамлекеттик Xinjiang Aid агенттиги аркылуу жүргүзүлгөн деп айтылды.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Шиңжаң-Уйгур автоном районундагы "тарбия" лагерлеринин бири

Уйгурлар мындай күч менен сунушталган эмгек келишимине кол коюуга аргасыз макул болушкан. Эгерде баш тартса, анда аларды абак жазасы күтмөк дейт эксперттер. Бирок фабрикаларда деле уйгурлар абактагыдай шартта эле кармалышкан деп айтылды.

Жумушчулар жатаканаларда жашап, жумуштан кийин тил үйрөткөн сабактарга барып, "идеологиялык даярдыктан" өтүшкөн. Алар дайыма байкоого алынып, диний жөрөлгөлөрүнө катуу тыюу салынган.

Декабрда кытай бийлиги уйгурлар жана этникалык азчылыктар кармалып турган "тарбия лагерлери" тууралуу сын-пикирлерге жооп берген. Бийлик мындай борборлордо "кайра тарбиялоо үчүн" экстремисттер кармалып турганын билдирген эле.

Шиңжаң-Уйгур автоном районунан жумушчу күчтөрдү пайдаланып жатат деген сындарды дагы Бээжин кескин четке какты.

Аталган автоном районундагыларды массалык түрдө лагерлерге камап жатканы тууралуу маалыматтар 2018-жылы чыга баштады. Укук коргоочулар "тарбия лагерлеринде" миллион чамалуу уйгур мусулмандар кармалып турганын айтып келүүдө. Австралиядагы саясий стратегия институтунун докладында кытай бийлиги фабрикаларга мажбурлап иштетүүнү "уйгурларды тарбиялоонун" бир жолу катары карап жатканы белгиленген.

Аты аталган дүйнөлүк ири бренддер докладды изилдеп жатканын билдиришти. (AbA)