Фейк жаңылыктар доорунда глобалдык пандемия адамзат үчүн жаңы чакырык

WhatsApp

Сүрөттүн булагы, Reuters

Фейк жаңылыктар доорунда глобалдык пандемия адамзат үчүн жаңы чакырык болуп калды.

Улуу Британия Түштүк Чыгыш Азия боюнча блогер жана популярдуу эксперттер үчүн коронавирус тууралуу жалган маалыматтар менен күрөшүүгө 500 миң фунт бөлө турган болду.

Дүйнө дүрбөлөң салган фейк маалыматтарга кабатыр

Апта башында Кыргызстандын Ички иштер министрлиги бир сутка ичинде короновирус тууралуу жалган маалымат тараткан 15 факты катталганын билдирди. Бул тууралуу министрликтин расмий сайтында айтылат.

"Маселен, баш калаа Бишкектин тургуну Instagram аркылуу "короновирус катталган, элди дүрбөтпөш үчүн ачык айтпай жатышат" деп жазган аялдын өздүгү аныкталды",-деп жазат ИИМ.

Бул боюнча Жазык кодексинин 344-беренеси («Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган экенин билип туруп маалымат таратуу») менен кылмыш иши козголгон. ИИМ жарандарга кайрылып, жалган маалыматтарды бөлүшүү жана таратуудан алыс болууга чакырууда.

"Мыйзамды билбегендик, кылмыш жоопкерчилигинен куткарбайт" деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин коронавирус катталганы боюнча жалган маалымат таратканы үчүн Оштун Өзгөн районунун аймактык ооруканасынын дарыгери элден кечирим сураган эле. Кийин ал өз арызы менен кызматтан кеткени белгилүү болгон. Ал "социалдык тармактарда тамашалап, жалган маалымат таратканына өкүнгөнүн" билдирген эле. Бул ишти милиция иликтөөгө алган.

Ошол эле маалда дүрбөлөңдөн пайдаланып, азык-түлүктү, анын ичинде унду кымбат баада саткан учурлар ачыкка чыгып, милиция тарабынан бир нече факты боюнча кылмыш иши козголду.

Өткөн апталарда орус бийлиги баш калаа Москвада коронавирус боюнча фейк маалыматтарды кат алышуу кызматтары жана коомдук сайттар аркылуу тараткандар изделип жатканн айтып чыккан. Анда Москвада массалык түрдө коронавирус жуктуруп алгандар тууралуу бийлик жаап-жашырып жатканы айтылган. Мындай маалыматты "өзгөчө жакын кабыл алган топторго" таратышкан, кат алышуу кызматтарындагы мектеп, бала бакчада балдары бар энелердин "топторуна" таратышкан дейт Group-IB компаниясы.

Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларусия жана Украинадагы коомдук сайттарда жана кат алышуу кызматтарында "коронавирусту банан же башка мөмө-жемиштер аркылуу жуктуруп алса болот" деген фейк кабарлар кеңири тарады. Ошондой эле айрымдар муну "биологиялык курал" катары көрсөткөн маалыматтарды таратып жатышат.

Кибер кылмышкерлер жана хакерлер тобу коронавирустан улам жаралган дүрбөлөңдү пайдаланып, жеке маалыматтарга чабуул жасаган. Алар вирус тууралуу шилтемелерди, кеңештерди жөнөтүп маалымат алууга аракет кылууда, сак болгула, деп эскертти Улуттук киберкоопсуздук борбору.(AbA)