Темир тикен артында: ЕБ чек арасындагы мигранттар кризиси

качкындар

Сүрөттүн булагы, Sakis MITROLIDIS / AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бул сүрөт 2-мартта Греция менен Түркиянын чек арасында тартылган. Мигранттардын агымын токтотуу үчүн грек бийлиги өткөрмө бекетке тикен зым тартып койду

Миңдеген кишилер, анын ичинде жаш балдар бир нече күндөн бери Түркия менен Греция чек арасында түнөп жатышат.

Сириялык качкындар Европага өтүп кетүүгө үмүттөнүүдө. Түркия бийлиги чек арасын ачып, мындан ары мигранттардын жолун тоспой турганын билдирди.

ИИМ жетекчиси Сулейман Сойлу Греция менен чек араны 130 миң чамалуу киши кесип өттү деп ырастады. Греция болгон күчү менен мигранттар агымын токтотуп калууга аракет кылууда.

Өткөн аптада президент Режеп Тайип Эрдоган Түркия качкындардын жаңы агымын токтото албайт деген билдирүү жасаган: "Биз чек араны ачтык(...) Биздин өлкөбүз качкындардын жаңы агымын тескей албайт".

Ушундан кийин Сирия менен Ирактан келген качкындар Европага өтүп кетүү үмүтү менен чек араларга жыйналууда.

Мыйзамсыз мигранттардын агымынан кооптонгон Греция өткөрмө бекеттерин темир зым менен тосуп алды. Бирок качкындардын көбү үмүт үзбөй чек арада кала берүүдө. Айрымдар күчкө салып болсо дагы өтүп кетүү аракетинде. Соңку күндөрү грек чек арачыларына таш ыргыткан учурлар катталды. Буга жооп кылып чек арачылар көздөн жаш агызган газ колдонду.

Шейшембиде интернетте жел кайык менен өтүп кетүүгө аракет кылгандарга чек арачылар эскертүү берип, ок атканы тартылган тасма чыкты. Кишиге толгон кайык аргасыз артка, Түркия тарапка кайрылган.

Кээ бирлери суу аркылуу чек араны кесип өтүп, Лесбос аралына жеткен. Тасмадан кайыкта отуздай киши, арасында балдар дагы олтурганын көрүүгө болот. Жергиликтүү тургундардын кыйкырып жатканы угулат: "Кеткиле, артка кетип калгыла!".

Сүрөттүн булагы, Sebnem Coskun/Anadolu Agency via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бул сүрөт 3-мартта тартылган. Качкындардын көбү негизинен сириялыктар, ирактыктар, оогандар

Эмне үчүн Европа?

85 млн калкы бар Түркияда азыркы маалда Сириядан эле келген качкындар саны 3,7 млн киши. Алардын 44 пайызга чукулу балдар. Бийлик мындан ары качкындардын агымын токтото албай турганын айтты.

2019-жылдагы маалымат боюнча качкындар атайын лагерлерде эмес, дээрлик 98 пайыз сириялык качкын Түркиянын шаар жана айылдарында күн кечирет. Көптөрү жумушсуз, үй-бүлөсүн бага албай калганын даттанып келишет. Ошондуктан алар Европада жашоо-шарты жакшырат деп үмүттөнүшөт.

Ушундай кырдаал 2016-жылы дагы түзүлгөн. Анда Евробиримдиктин өлкөлөрү Жакынкы Чыгыштан агылган мыйзамсыз мигранттарга араң туруштук берген.Ошондон кийин ЕБ менен Түркия ортосунда келишим түзүлгөн. Анда Түркиянын аймагында Европага өтүп кетүүнү үмүттөнгөн 2,73 миллион качкын бар эле.

Кандай келишим эле?

Ошондогу Түркия менен Евробиримдик келишиминде мындай каралган: Греция чек арадан өтүп кеткен сириялык качкындарды артка кайтарса, Түркия аларды кайра кабыл алат.

Бул үчүн Түркия ЕБдан мигрант жана качкындарга жардам иретинде 6 млрд. евро алат. Келишимде сириялык качкындар тууралуу гана айтылган. Башка өлкөдөн келген качкындарга тиешеси жок эле. Келишимге кол коюлгандан кийин Грецияга агылган качкындар саны кескин кыскарган.

Түркия соңку чечими менен 2016-жылдагы келишим шарттарын аткаруудан баш тартты. Президент Эрдоган качкындарды Сириянын коопсуз тилкелерине жайгаштырууга ЕБ эч кандай жардам көрсөткөн жок деп айтты.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Түркия-Греция чек арасындагы качкындар

Эмне үчүн азыр?

Идлибде 27-февралда сириялык авиациянын соккусунан 33 түрк аскери каза тапкандан кийин кырдаал курчуду. Түркия жерден дагы, абадан дагы жооп берген.

Идлиб Сириянын аймагындагы эң оор тилке болуп турат. Мына ушул аймакта Башар Асадды бийликтен кетирүүгө аракеттенген көтөрүлүшчүл күчтөр, ошондой эле жихадчылар топтолду. Өкмөттүк күчтөр декабрдан тарта аймакка чабуул баштады. Ошондон кийин качкындардын агымы күчөдү: миллионго чукул киши түрк чек арасына жакын жерге качып келип, баш калкалады. (AbA)