Путин менен Эрдоган алты саат сүйлөштү: Идлибдеги ок атышпоо келишими

Эрдоган и Путин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Москвадагы узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган Сириянын Идлиб провинциясындагы согушуп жаткан тараптар 6-марттан тарта ок атуунун токтот деп жарыялады.

Орусия менен Түркия президенттеринин сүйлөшүүсү беш саат 40 минутага созулуп, анын үч саатын эки президент көзмө-көз сүйлөштү.

Жыйынтыгында коопсуз коридор, 6-марттан тарта ок атышпоо жана байкоочу тосотторду чыңдоо боюнча макулдашууга жетишти.

"Бул макулдашуулар Идлибдеги деэскалация аймагындагы согуштук аракеттерди жана жайкын тургундардын азаптануусун токтот деп үмүттөнөм",-деди Путин.

Сириянын Идлиб аймагында өкмөттүк күчтөр менен көтөрүлүшчүл топтор (Орусия террористтер санаган) салгылашып жатканы менен буга Түркияны куралдуу күчтөрү жана орусиялык аскерлер дагы активдүү аралашууда.

Түркиянын күчтөрү аба соккусуна кабылып, бир нече аскерин жоготту. Жакынкы Чыгыш боюнча эксперттер сүйлөшүүлөрдөгү Эрдогандын негизги максаты Идлиб боюнча ок атышпоого жетишүү болчу, ага жетти деп белгилеп жатышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жолугушуу алдында

Жолугушуу алдында Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва сүйлөшүүлөрдө "Сирия боюнча Сочи келишимин карманып, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү үчүн жана террорчулар менен күрөштө Дамаскты колдоого алуу" позициясын карманаарын билдирген эле.

Ишембиде Эрдоган билдирүү жасап, Путинге "сириялык президент Башар Асаддын режими менен Түркияны өзүнчө калтыр" деп кайрылганын айтты.

"Мен кечинде Путинге айттым: Силер ал жерде (Сирияда) эмне кылып жатасыңар? Биздин жолубузду тоспой, режим менен (Асаддын) өзүнчө койгула... бизге ишенгиле, эмне керек болсо биз аны жасайбыз",-деп айттым деген түрк лидери. Түрк армиясы Сириянын аймагына Асаддын чакыруусу менен эмес, Сирия элинин өтүнүчү менен кирген деди Эрдоган.

Путиндин басма сөз катчысы Песков Орусия сириялык легитимдүү бийликтин суранычы менен аракеттенип жаткан жалгыз өлкө деп жооп берген.

"Башка өлкөлөрдүн аскер күчтөрү Сирияда эл аралык укуктардын нормаларына жана принциптерине карама-каршы келген шартта жүрөт",-деп кошумчалаган Песков.

Идлибде 27-февралда сириялык авиациянын соккусунан 33 түрк аскери каза тапкандан кийин кырдаал курчуду. Түркия жерден дагы, абадан дагы буга жооп кылды.

"Идлибдеги кризис президент Эрдогандын тышкы саясатындагы мүчүлүштүктөрдүн белгиси. Түркиянын лидери Вашингтон менен Москваны тең салмакта кармай албай калды. Бирок Орусия Түркияны кайра АКШны көздөй түртүүдөн баш тартышы ыктымал. Андан тышкары, Идлибдеги салгылашууларды токтотууга Орусиянын гана таасири бар деген көз караш калыптанды",-дейт Би-Би-Синин коргонуу жана дипломатия боюнча кабарчысы Жонотан Маркус. (AbA)