Бириккен Араб Эмирлигинин шейхи кыздарын уурдап кеткени үчүн айыпталды

Канбийке Хайя өткөн жылы эки баласы менен Британияга качып келген

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Канбийке Хайя өткөн жылы эки баласы менен Британияга качып келген

Адам уурдоо, зордоп артка кайтаруу, кыйноо жана опузалоо. Канбийке Хайя бинт аль-Хуссейн мурунку жолдошу, Дубайдын башкаруучусу, миллиардер шейх Мухаммед бен Рашид ал-Мактумду ушундай беренелер менен айыптаган. Бейшембиде британдык Жогорку Сот шейхти күнөөлүү деп тапты.

Шейх Мухаммед соттун чечимин коомчулукка ачык жарыялабашын өтүндү. Бирок сот анын доо арызын четке какты. Дубайдын башкаруучусу "сот алдында ачык жана чынчыл болгон эмес" деди сот. Шейх Мухаммед Жакынкы Чыгыштагы өтө таасирдүү адам. Анын башкаруусу алдында Дубай туристтердин эң популярдуу жайына айланды.

Шейх бул сот жараянын өзүнүн жеке иши катары эсептеп, ЖМКларды балдарынын жеке жашоосуна кийлигишпөөгө чакырды. Бул сот иши сегиз айга созулду. Жыйынтыгында сот шейх Мухаммед өзүнүн эки кызы Латифа менен Шамсаны уурдап кетүүгө жана БЭАге зордоп алып кеткенине жоопкер деп табылды. Шамса 2000-жылы Англияга качып келген. Бирок кийин аны шейхтин кишилери кармап алып, күч менен артка кайтарганы айтылат. Ал ошондон бери Дубайда кармалып турат. Британ полициясы анын уурдалышы боюнча ишти иликтөө үчүн Дубайга барууга аракет кылып, БАЭ бийлиги уруксат берген эмес.

Шамсанын сиңдиси Латифа дагы атасынан качып кетүүгө аракет кылган.

Латифанын окуясы

Буга чейин шейх Мухаммеддин кызы Латифа Дубайдан качып кетүүгө аракет кылып, Индиянын Гоа штатына жакын жээкте яхта менен баратканда кармалган. Качып кетээрдин алдында ал атасынын орой мамилеси тууралуу видео жазып кеткен. Биринчи жолу качууга аракет кылганда сабалып, караңгы бөлмөдө ит чыдагыс абалда кармалганын жазган.

Отуз үч жаштагы Латифанын кайсыл жерде экенин ачык айткыла деп, Amnesty International эл аралык уюму БАЭ бийлигине да кайрылганы бар. Буга жооп кылып эмирлик Латифанын Ирландиянын мурунку президенти Мэри Робинсон менен турган сүрөтүн жарыялайт.

Сүрөттүн булагы, UNITED ARAB EMIRATES FOREIGN MINISTRY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Шейх Латифа менен (солдо) Мэри Робинсондун (оңдо) жолугушуусунун демилгечиси канбийке Хайя болгон. Хайя бул окуяда расмий Дубайдын версиясын колдоп келген

Шейх Латифа менен (солдо) Мэри Робинсондун (оңдо) жолугушуусунун демилгечиси канбийке Хайя болгон. Хайя бул окуяда расмий Дубайдын версиясын колдоп келген

BBC Radio 4 берген интервьюсунда Робинсон канбийке үй-бүлөсүндө зомбулукка кабылганы тууралуу тасманы таратканына өкүнгөнү тууралуу айтып берген. Ошондой эле экс-президент канбийкеге жакындары кам көрүп жатканын айтат.

Бул сүрөт жарыялангандан кийин Робинсон укук коргоочулардын сынына кабылды. Аны эмирликтин бийлигинин сөзүн сүйлөп жатат деп айыпташкан. Латифанын ден- соолугу анын узак убакытка камалып турганынан кабар берет деп айтышкан.

Шейхтин жубайы, падышанын карындашы

Би-Би-Си булактары ырастагандай, мына ушул окуядан кийин канбийке Хайя эмирликте өзүн кооптуу сезе баштаган. Башында качып кетүүгө аракет кылган кыздарды куткаруу үчүн ушундай кадамга бардым деп Мухаммеддин айткандарына Хайя ишенген. Кийин ал шектенип, анысын ачык айта баштаганда, күйөөсүнүн каарына калганын айтат. Аны коркутуп-үркүтүп, опузалашкан. Лондондун Жогорку Соту шейх 2018-жылы өзү жана башкалар аркылуу жубайын коркутуу аракеттерин көргөн деп тапты.

Канбийке Хайя бинт аль-Хусейн Дубайдын башкаруучусу, БАЭнин вице-президенти, шейх Мухаммед бен Рашид ал-Мактумдун алтынчы аялы эле.

2019-жылдын апрелинде Хайя эки баласын алып, Британияга качып келген.

Кырк беш жаштагы канбийке Хайя Иорданиянын падышасы, маркум Хусейн ибн Талалдын (1935-1999) кызы. Иорданиянын азыркы падышасы Абдалла II менен бир тууган.

Ал Иорданияда төрөлүп, Британияда окуган. Алгач Бадминтондогу кыздар үчүн мектеп-интернатында, андан соң Брайенстон мектебинде билим алат. Кийин Оксфорд университетинин алдындагы коллежди бүтүргөн.

2004-жылы БАЭнин вице-президенти, шейх Мухаммед бен Рашид ал-Мактумга турмушка чыгат. Ал шейхтин эң кичүү (алтынчы) аялы эле.

2007-жылы кыздуу, 2012-жылы уулдуу болушкан.

Болжолу шейх Мухаммед бен Рашид ал-Мактумдун мындан башка аялдарынан 23 баласы бар. (AbA)