Коронавирус: Италияда бир күндө 133 киши өлүп, 16 млн калкы бар аймак карантинде

Италия бийлиги өлкөнүн түндүк аймагы карантинге алынганын жарыялады. Бул региондорго кирип-чыгууга тыюу салынды. Карантин зонасында 16 млн кем эмес киши жашайт.

Coronavirus screenings are in place at Italian airports

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жекшембиде Италияда коронавирустан дагы 133 киши өлгөнү белгилүү болду. Өлкө боюнча жалпысы болуп көз жумгандар саны 366 кишиге жетти.

Ооруну жуктуруп алгандар саны 7375 киши, бир күндө 25 пайзыга көбөйдү. Италия жаңы коронавирусту жуктуруп алгандар саны боюнча Кытайдан кийинки эле экинчи орунга чыгып, Түштүк Корея үчүнчү орунга түштү (7313).

Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте тарабынан сунушталган чектөөлөр Ломбардия аймагына толугу менен, ошондой эле башка облустардын курамындагы 14 провинцияга тиешелүү. Карантинге кирген аймактарда туристтер үчүн популярдуу болгон Милан жана Венеция бар. Чектөөлөр 3-апрелге чейин уланат.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Адатта 8-мартта элге жык-жыйма толуп турган Миландагы аянт бош турат

Бийликтин жаңы чектөөлөрүнө ылайык, тургундар 10 млн калк жашаган Ломбардия административдик облусунан чыгып кете алышпайт жана аймакка келүүгө болбойт. Бул региондун административдик борбору Милан шаары.

Өкмөт башычы Конте изоляцияда 14 провинция: Модена, Парма, Пьяченца, Реджо-Эмилия, Римини, Песаро, Урбино, Алессандрия, Асти, Новара, Вербано-Кузио-Оссола, Верчелли, Падуя, Тревизо жана Венеция бар.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Миландыктар азык-түлүктөрдү камдап алууда

"Биз улуттук масштабда кыйын кырдаалга тушуктук. Вирустун жайылышын чектөө жана окуянын мындай өнүгүшүнө жол бербешибиз керек",- деген премьер-министр.

Азыркы маалга чейин Италиянын түндүгүндөгү 50 миң киши жашаган район гана карантиндик чараларга алынган эле.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кишинин аягы тыйылбаган белгилүү жайлар ээнсиреп калды

Анализ

Марк Лоуэн, Би-Би-Синин Римдеги кабарчысы

Италияда өткөн апта өтө оор болгону жана өлкө коронавирустун жайылышын токтото алабы деген маселе активдүү талкууланып жатат.

Эгерде вирусту жуктургандар саны кыскарганы байкалганда, оорунун жайылышын алдын алуу чаралары иштеди дегенди түшүндүрмөк. Бирок андай болгон жок.

Ооруну жуктуруп алгандар саны өсүп жатат, өкмөт жаңы фазага өттү. Бул толук изоляция эмес: учактар, поезд мурдакыдай эле иштеп жатат. Болгону өтө чукул абалда, зарыл болгондо гана кирип-чыгууга уруксат берилди. Полиция кишилерди токтотуп, кандай себептен улам карантин зонасын таштап чыгып кетип жатканын же киргенин сурай алат. Бул кечиккен кадамдар эмеспи деген суроо бар. Коронавирус аныкталганга чейин эле Италияны бир сыйра айланып чыкты деген божомол бар. Эми өлкөнүн 22 регионунун баарынан илдет табылды.

Италия бийлиги вирустун тарашын токтотуу үчүн өтө олуттуу жана күчөтүлгөн чараларга барууда. Бирок мушташтан кийин колдорун курулай шилтеп жаткандай көрүнүп жаткан жокпу?

Map: Map of Italy coronavirus quarantine

Италияда бардык диний жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Кинотеатр, түнкү клубдар, фитнес-борборлор, бассейн, музей жана тоо лыжасы бонча курорттор жабылды. Карантин зонасындагы ресторан жана кафелер 06:00дон баштап 18:00гө чейин иштей берет. Бирок келген кишилер бир метр алыстыкта олтурушу керек.

Тургундарга көп убактысын үйдө өткөрүү сунушталууда.Карантин эрежелерин бузгандар үч айга чейин абакка камалат. (AbA)