Коронавирус: бүтүндөй Италия карантинде

A tourist wearing a mask sits at the tables of a restaurant in front of the Colosseum, in Rome, Italy, 9 March 2020.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Италиянын өкмөтү жарандарды үйдөн чыкпай турууга чакырды

Италиянын өкмөтү Covid-19 вирусунан улам бүт өлкө боюнча карантин жарыялады.

Дүйшөмбү күнү премьер-министри Жузеппе Конте жарандарды үйдө отурууга үндөп, саякатка уруксат менен гана чыгууга мүмкүн болорун билдирди.

Италияда дүйшөмбү күнү көз жумгандар саны 463 кишиге жетти жана жаңы коронавирусту жуктуруп алгандар саны боюнча бул өлкө Кытайдан кийинки эле экинчи орунга чыкты.

Учурда вирус Италиянын 20 аймагында жана туристтерге эң популярдуу болгон тарыхый жерлерде аныкталды. Ошондуктан карантинге кирген аймактарда туристтер агылып келген Милан жана Венеция бар.

Кандай чектөөлөр?

Премьер-министр Конте "Мен үйдө отурам" деген принциптеги чектөөлөрдү киргизди. Эми италиялыктар коомдук жайларга баруудан карманышы керек.

"Кечинде тааныштар менен ресторан, кафелерге баруудан баш тартуу зарыл. Биз ага жол бербейбиз, себеби ушундай жерлерде вирус тез жайылып жатат",-деди Конте.

Өлкөдө спорт мелдештери, футбол беттештери толугу менен токтотулду. Мектеп, университеттер 3-апрелге чейин жабылды. Бардык диний жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Кинотеатр, түнкү клубдар, фитнес-борборлор, бассейн, музей жана тоо лыжасы боюнча курорттор жабылды.

Өкмөт ишке байланыштуу же үй-бүлөдөгү олуттуу көйгөйдөн улам жол жүрүүгө мажбур болгондорго гана саякаттоого уруксат берилет деп жарыялады.

Учак жүргүнчүлөр эмне себептен саякатка чыкканын түшүндүрүп бериши керек. Ошондой эле Италияга учуп келгендердин олуттуу себеби болбосо, алар артка жөнөтүлөт. Ал эми жүргүнчү кемелерге толугу менен тыюу салынды.

Карантин эрежелерин бузгандар үч айга чейин камалат.

Видеонун түшүндүрмөсү,

Түштүк Кореяда беткап үчүн узун кезек: дрондон тартылган тасма

Дүйнөдөгү абал

Дүйнөдө 111 миңден ашуун киши вирусту жуктурду, 3,890 адам көз жумду.

Иранда болсо соңку 24 сааттын ичинде 43 адам коронавирустан улам каза тапты. Февралдын ортосунан бери Иранда 7,161 киши вирусту жуктуруп, 237 киши көз жумду. Айрым эксперттер бул сан кыйла жогору болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Израил болсо чет өлкөдөн келген ар бир кишини 14 күн бою карантинде кармоо чечимин кабыл алды. Бул кабарды өкмөт башчы жарыялады.