Ушундай шартта дагы канча убакыт жашайбыз?

Two women observe social distancing measures in York Сүрөттүн автордук укугу AFP

Коронавируска байланыштуу көп өлкөнүн бийлиги жарандарына чектөөлөрдү киргизип, "зарылчылык болбосо сыртка чыкпай, үйдө олтургула" деп эскертүүдө. Эгерде көчөгө чыкса, анда бири-биринен эки метр аралыкты кармануусу зарыл.

Дарыгерлер мындай чаралар коронавирустун жайылышын төмөндөтөт деп эсептейт.

Социалдык аралыкты кармоо чаралары жөнөкөй эмес. Психологиялык жагынан дагы, практикалык жагынан да оңой эмес. Бирок бул чараны жарым жылдай кармоого туура келет дейт эксперттер. Бул өзгөчө улгайган кишилер жана өнөкөт оорусу барлар үчүн маанилүү.

Британ бийлигинин бул сунушу Өзгөчө кырдаалдар учурунда илимий кеңеш берүүчү топтун (SAGE) тыянактарына негизделген. Алар өкмөткө чектөө чараларын жыл боюу калтыруу кеңешин беришкен. Кырдаалга жараша кээде жумшартып, айрым учурда катаалдаштырып турса болот деп айтышкан.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Нью-Йорктогу дүкөндө кардарлар аралыкты карманып жатышат

Катаал чараларга мектептерди жабылышы жана элдин кыймылына кирген чектөөлөр кирет.

Мындай жол менен вирустун жайылышын алдын алып, эпидемия учурунда медицииналык мекемелер толуп-ташып, оорчулук жаралышына жол бербөө.

Так маалыматтарга караганда, жуктургандар арасындагы өлүм 0.5-1% түзөт.

Көчөдө кишилер аз болгон учурда аралыкты сактоо жеңил болот. Ошондуктан кишилердин уйдө олтуруусу маанилүү деп эскертилип жатат.

Илимий иштер боюнча Би-Би-Си баяндамачысы Жеймс Гэллахердин анализи

Бул көпкө уланат.

Өкмөттүк чаралардын негизи болгон илимий эсептөөлөр көрсөткөндөй, мурдакыдай нормалдуу жашоодон болжолу бир жылга баш тартууга туура келет.

Бул мезгилдин жарымында азыркы катаал карантин чаралары сакталат. Айталы, мектептердин жабылышынан тартып, кыймылды чектеген чаралар.

Муну менен катаал чаралар бошоңдоп, кайра чыңалып турушу мүмкүн. Бул оорулуулар санын көзөмөлдөө аракеттерине байланыштуу.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Өкмөттөрдүн негизги максаты - инфекциянын чоң секирик жасап, жайылып кетүүсүн токтотуу. Эгерде мындайга жол берилсе, жоготуулар саны көп болот. Анткени оор абалдагы бейтаптарды кароого мүмкүнчүлүк болбой калат. Ошондуктан өкмөттүк стратегиялар бейтаптардын саны өсүп кетпешин көзөмөлгө алуу.

Кадимки жашоодогу шарттарды катаалдаштыруу узак убакытка созулганы менен бул аркылуу канчалаган өмүрлөрдү сактап калууга мүмкүн. (AbA)

Тектеш темалар