ЭКӨУ: Коронавирус дүйнөлүк экономиканы бир топ жылга артка тартты

Коронавирустан дүйнөлүк фондулук биржалар төмөндөдү Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Коронавирустан дүйнөлүк фондулук биржалар төмөндөдү

Covid-19 пандемиясынан кийин экономиканын өсүшүн дароо калыбына келтирүүгө мүмкүн деп ишенүүгө болбойт. Мындай пикирин Би-Би-Си менен маегинде Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү (ЭКӨУ) уюмунун жетекчиси Анхель Гурриа билдирди.

Анын айтымында, бул үчүн көп жылдар сарпталат.

Гуррианын айтымында, коронавирус алып келген чыгымдар азыр эле 2008-жылдагы жана 2001-жылдын 11-сентябрдагы терактан кийинки каржылык каатчылыктан ашып түштү.

"Канча киши жумушсуз калат жана жумушсуздук менен күрөшүүгө канча каражат сарпталарын биз билбейбиз. Ошол эле маалда жүз миңдеген чакан жана орто ишканаларды кайра жандандыруу үчүн канча керектелерин дагы билбейбиз",-деди Гурриа.

Коронавирустан дүйнөлүк фондулук биржалар төмөндөдү.

Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмуна дүйнөлүк экономиканын 80 пайыз үлүшүнө ээ болгон 36 өлкө кирет.

Уюмдун март айынын башындагы пандемияга байланыштуу дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн өсүшү эки эсеге кыскарат деген божомолу азыр эми өтө эле ашкере оптимисттик көз караш сыяктуу көрүнүп калды, деди Гурриа.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Дүйнөлүк маанидеги шаарлардын көчөлөрү бош калды

Рецессия коркунучу

Гуррианын айтымында, алдыдагы айларда айрым дүйнөлүк ири экономикалар рецессияга кабылат. Эгерде өлкөдө эки квартал катарынан ички дүң өнүм төмөндөсө, анда техникалык рецессия катталат.

Көп өлкөлөр коронавирус пандемиясы учурунда ишкерлери жана жумушчуларды колдоо үчүн чукул чараларга барууда.

Борис Жонсон башында турган Улуу Британия өкмөтү карантин учурунда иштебей калган жарандардын маяналарын же иштеп тапкан каражаттарынын 80 пайызын төлөп берүүгө убада кылды.

АКШ президенти Дональд Трамп ар бир америкалык жаранга компенсация иретинде миң доллардан төлөп берилерин жарыялады.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Дональд Трамп америкалыктарга компенсация төлөп берүүнү убада кылды

Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун жетекчиси бюджетти үнөмдөөнүн адаттагы эрежелеринен баш тартууга чакырды. Ал бюджеттин таңкыстыгы жана мамлекеттик карыздардын өсүшү карызы көп өлкөлөр үчүн өтө оор болорун эскертти. (AbA)

Тектеш темалар