Карантин ордуна каникул: Путиндин "коронавирус пакетинде" дагы эмне бар?

Президент Путин Сүрөттүн автордук укугу ALEXEI DRUZHININ/TASS

Президент Владимир Путин коронавируска каршы күрөш жөнүндө Орусиянын калкына телекайрылуу менен чыгып сүйлөдү. Ал келерки жуманы бүтүндөй дем алыш деп жарыялап, конституциялык өзгөртүүлөр боюнча добуш берүүнү кийинкиге калтырды. Ошондой эле сыртка кетчү дивиденддерге жана банкта көп суммада акча кармагандарга салык салынарын, пенсиялык фондко төлөмдөр азайтыларын айтты. Путиндин «коронавирус пакетине» дагы эмне кирди?

Сүрөттүн автордук укугу SERGEI FADEICHEV/TASS
Image caption Путин каникулда эл үйүндө отурса, коронавирус басаңдайт деп ойлоп катуу карантин киргизген жок

Каникул

  • Путин 28-марттан тарта 5-апрелге чейинки күндөрдүн баарын иш күн эмес деп жарыялап, аны коронавирус инфекциясын басаңдатуу үчүн зарыл деди.
  • Дем алыш күндөрү эмгек акы сакталышы керек, бирок президент аны ким төлөп берерин так айтпады.
  • Ооруканалар, аптекалар, дүкөндөр, банктар, транспорт жана бийлик органдары ишин улантат, деди Путин. Башка ишканалар жана компаниялар узун каникулда иштейби-жокпу, так айтылбады.
  • Европа өлкөлөрүндөгүдөй катаң карантин киргизилбейт. Бирок Путин бардык сунуш-талаптарды аткаруу зарыл экенин баса белгиледи: "ар ким өзүн жана жакындарын сакташ керек", "тартип жана жоопкерчиликти көрсөтүү абзел". "Ишенип койгула, азыр үйдө отуруудан өткөн коопсуздук жок",-деди Путин.

Конституция

  • Путиндин демилгеси менен башталган Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүү 22-апрелде болбойт. Путин аны элдин ден соолугуна кам көрүү менен түшүндүрдү: "Элдин ден соолугу, жашоосу жана коопсуздугу биз үчүн абсолюттук артыкчылык. Ошондуктан добуш берүү башка күнгө которулат".
  • БШК ошол эле учурда добуш берүүгө даярдык көрүүнү токтотпойт, бирок өзүнүн пландарын шартка жараша өзгөртөт, деп билдирди Путиндин телекайрылуусунан кийин БШК башчысы Элла Памфилова.
Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Коронавирустун жайылышына карабастан Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад жылдырылган жок

Бизнес

  • Путиндин кайрылуусундагы эң чоң жаңылык чет өлкөгө чыга турган дивиденддерге салыктын өлчөмүн он беш пайызга көбөйтүү жөнүндө болду.
  • Бул салык жүгүн оорлотуу эмнеге керек? Путин жөнөкөй калк киреше салыгын 13% төлөп жатканда, бизнес өзүнүн кирешесинен өтө аз салык төлөп жатат дейт. "Азыркы учурда бул каражаттардын үчтөн экиси конкреттүү адамдардын кирешеси, жыйынтыгында оптималдаштыруу деп коюп, ар кандай жолдор менен салыктын реалдуу ставкасы араң 2% болуп жатат",-деди Путин.
  • Путин ошол эле убакта кош салыктан качуу жөнүндө келишимдерди кайра карап чыгуу тууралуу Орусиянын сунушун кабыл албаган өлкөлөргө өзүнчө шарт койду: "Эгер чет өлкөлүк өнөктөштөр биздин сунушту кабыл албаса, анда Орусия бул келишимдерден бир тараптуу чыгат"-деди президент.
  • Путин ошондой эле банктагы акчасы бир миллион рублдан ашкан адамдарга өзүнчө банк салыгын салууну сунуштады. Ставка 13% (киреше салыгындай). Салык банктагы акчанын жалпы суммасынан эмес, андан алынган пайыздык пайдадан алынууга тийиш.

Социалдык төлөмдөр

  • Путин жакынкы үч айда, апрель айынан баштап энелик капитал алып жаткан бардык үй-бүлөлөргө беш миңден кошумча төлөп берүүнү сунуш кылды.
  • Үч жаштан жети жашка чейинки балдарга тийиштүү төлөмдөрдү бир ай мурда, мисалы, июлда эмес июнда төлөп берүүнү тапшырды.
  • Согуш ардагерлери Жеңиштин 75-жылдыгына карата 75 миң рублду май айында эмес, апрель айында алууга тийиш.
  • Социалдык пособиялар менен жеңилдиктер жакынкы алты айда «инстанциялардын эшигин жыртпастан» автоматтык түрдө узартылып турат.
  • Жумушсуздук пособиялары минималдуу эмгек акынын көлөмүнө жеткирилет, бул сумма азыр 12130 рубль.
  • Керектөө жана ипотекалык кредиттерди төлөөгө каникул жарыяланат, эгер тийиштүү адамдын кирешеси 30 пайызга азайып кетсе.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар