Казакстанда Сovid-19 инфекциясынан биринчи курмандык катталды

Сүрөттүн автордук укугу RUSLAN PRYANIKOV

Казакстанда Сovid-19 инфекциясынан каза тапкан биринчи курмандык 64 жаштагы аял болуп калды. Бул жөнүндө өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев өзү кабарлады.

«64 жаштагы аялдын каза болушу к/вирустун өзүнүн коркунучтуу экенин жана карантинди сактоонун абдан маанилүү экенин көрсөтөт",-деп жазды Токаев бейшембиде твиттерге.

Президент өзгөчө кырдаалды камсыз кылуу боюнча мамкомиссиянын «Нур-Султанда жана Алматыда өзгөчө абал, ошондой эле Чимкентте чектөөлөрдү киргизгенин кайталап айтты.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон аялдын Акмоло областынын жашоочусу экенин билдирүүдө.

"Бул оорулуу Акмоло областынын жашоочусу болчу, ал Нур-Султандагы көп тармактуу областтык ооруканада жаткан. Географиялык жагынан бул Нур-Султанда болуп жатканын эске алып, бул учур ушул регионго катталды»,-деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Расмий маалыматка караганда, оорулуу эки тараптуу туташ пневмония болуп, дем алуусу кыйындап, кант диабетине кошул-ташыл сепсис, гипертония жана атеросклероздон жабыркап келген.

Сүрөттүн автордук укугу Anadolu Agency
Image caption Баш калаа Астанада жана Алматыда өзгөчө кырдаал жарыяланган

Бейшембидеги маалымат боюнча өлкөдө коронавирус инфекциясынын 112 учуру катталды: Нур-Султанда 61, Алматыда - 40, Карагандада - төрт, Чимкентте -2, Жамбылда -2, Алматы, Актөбө, Түндүк Казакстанда областтарында бирден учур.

Ошол эле күнү Нур-Султан менен Алматыдагы ооруканадан эки адам коронавирустан сакайып чыккан эле. (КС)

Тектеш темалар