Уханда карантин чаралары алынды. Дүйнө мурдагы жашоо ыргагына качан түшөт?

Карантин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Коронавирустун очогу болгон Ухань мурдакы жашоосуна кайтты. Бийлик бардык чектөөлөрдү алып жатат. Шаардагы соода борборлору ишин баштады.

Австрия чектөөлөрдү бошоңдоткон биринчи Европа өлкөсү болуп калышы мүмкүн. Кийинки аптадан баштап дүкөндөр ачыла баштайт деп күтүлүүдө.

Франция, Бельгия, Финляндия жана Испания изоляциядан чыгуунун планын иштеп чыгууга аракеттенүүдө. Бирок эксперттер вирустун экинчи толкуну болушу мүмкүн экенин эскертүүдө.

Мунун баары качан бүтөт? Элдин баары эле көчөдө ээн-эркин басып, жумушка, дүкөнгө, базарга барууну каалап турат. New York Times басылмасы суроону башкача коюп жатат: "Изоляциядан качан чыгуу керек экенин биз кантип билебиз?".

Кыргызстандагы карантин чаралары 15-апрелге чейин уланат. Британиядагы чаралар 14-апрелге чейин уланууга тийиш. Бирок коронавирустун тароо динамикасын эсепке алганда, чараларды дагы узартышы мүмкүн.

Ухандагы чектөөлөр толук эки айдан кийин алынды. Демек, бардык жерде ушундай болушу мүмкүнбү?

Covid-19 очогу болгон Ухань шаары 23-январдан тарта катаал чектөөлөргө туш болду. Тургундар үйдөн чыкпоого милдеттендирилип, кыймыл дээрлик токтогон. Аба, темир жол каттамдары толук жабылган. Шарга кирип-чыгууга тыюу салынып, аскерлер менен курчалган эле.

Толук эки айдан кийин, 25-мартта гана Хубэй провинциясынын борборунда карантин чаралары бошоңдоду.

Жыл башынан бери 7-апрелде Кытайда коронавирустан өлүм-житим катталган жок. Ушул күнкү расмий сандарда 32 жаңы учур аныкталганы, баарысы сырттан келгени айтылды. Хубэйде бир дагы учур катталган эмес.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ухань, 1-марттагы сүрөт: ыктыярчылар дезинфекция кылып жатышат

Ушундан улам башка өлкөлөр дагы кадимки жашоо ыргагына эки айдан кийин анан кайтуусу керекпи деген суроо туулат.

Сөзсүз эле мындай эмес. Биринчиден, батыш эксперттери Кытайдын расмий маалыматтарынын тактыгынан күмөн санайт. Ухандын бийлиги деле коркунучтуу вирусту көпкө чейин жашырууга аракет кылган.

Флорида университетинин эпидемиологу Айра Лонгини "чектөөлөр алынары менен вирус кайра жайылышы мүмкүн" деп эскертти.

Мындан чыгуунун жолу кандай?

Изоляциядан чыгуу боюнча жалпыга түшүнүктүү стратегияны Америкадагы ишкерлер институту сунуштады.

1-кадам: Вирустун жайылышын токтотуу. Азыр көп өлкөлөр дал ушул баскычта турат. Вирусту таратпоо айласы менен кыймылды чектеп, мектептерди жаап, кишилердин карым-катнашына чектөөлөрдү койду.

Андан кийин тесттерди көп өткөрүп, вирус жуккандарды аныктап чыгуу маанилүү. Ошону менен анын тарашын чектөө. Изилдөөчүлөр аптасына кеминде 750 миң тест жөнүндө кеп кылууда. Ал эми вирустун жеткен чегине барган учурда миллион тест талап кылынат. Саламаттыкты сактоо тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Дарыгерлерди коргоочу кийимдер менен камсыздоо. Бейтапты дароо изоляцияга алып, анын абалын 14 күн көзөмөлдөө керек. Бул үчүн өлкөнүн мүмкүнчүлүгү болушу керек. Анткени миңдеген бейтаптарды ушунтип көзөмөлдөөгө туура келип калат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кийинки баскычка кантип өтөт?

  • Жаңы катталган учурлардын кескин азайышына жеткенден кийин гана, кеминде 14 күндөн соң
  • Ооруканалар оор абалдагы бейтаптарды кароого мүмкүнчүлүгү жетип, кризистик акыбалдан чыгып кеткен болсо
  • Covid-19 аныктоо үчүн вирустун белгилери байкалгандардын баарынан тест алууга мүмкүн болгондо
  • Вирус аныкталган кишинин байланыштарына мониторинг жүргүзө алганда

Экинчи кадам, акырындап кезек менен жабылган мекемелерди ачуу. Бул этапта мектепти ачып, бизнес өз ишин баштаса болот. Кишилер болсо аралыкты сактоо менен көчөгө чыга алат. Бирок эл чогулган иш чараларга тыюу салынат. Анткени вирустун экинчи толкунун алдын алуу зарыл. 60 жаштан өйдөңкү курактагыларды, ошондой эле тобокел топко киргендерди карым-катнаштан оолак кармоо керек.

Бул баскычта жаңы учурлар каттала баштаса, штат дароо реакция кылганга даяр турат.

Ал эми үчүнчү кадамга вакцина даяр болгондо гана өтүүгө болот.

Чынында эле бул өтө узак жол. Эксперттер чектөө чаралары 18 ай - вакцинаны иштеп чыкканга чейин сакталышы зарыл экенине көңүл буруп жатышат. Бирок кишилер жумушсуз олтуруп ушунча убакытка чыдамы жетеби деген суроо бар.

Азыркы көрүлүп жаткан чаралар канчалык заманбап жана ийгиликтүү болбосун, пандемияны толук токтото албайт. Вирус жашап жаткандыктан, анын чегин басып өткөндө да чыга бериши мүмкүн.

Америкалык Atlantic басылмасы үч сценарий боюнча божомолун жазды.

Биринчи, бардык өлкөлөр бир учурда коронавирусту токтотот (бирок мындай болушу күмөндүү).

Экинчи, калктын белгилүү бир бөлүгүндө иммунитет пайда болгончо күтүп туруу. Ошондо вирус жаңы "кожоюнун" таппай калат (мындай болгондо, өлүм-житим көп болушу мүмкүн).

Үчүнчүсү, вирус менен катаал күрөштү вакцина табылганча уланта берүү. Акыркы вариант оптималдуу көрүнөт. Бирок ал узак жана татаал жол. (AbA)