Коронавирус: Кыргызстанда 10 жаңы учур, дүйнөдө вирус жуктургандар 1,5 млн.

Кыргызстанда Covid-19 инфекциясын жуктурган жаӊы 10 учур катталган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кыргызстанда Covid-19 инфекциясын жуктурган жаӊы 10 учур катталган

Коронавирус жуктуруп алгандар саны дүйнөдө 1,5 млн кишиге жетти. Covid-19 вирусунан каза тапкандар саны 88,5 миң.

9-апрелге карата Кыргызстанда Covid-19 инфекциясын жуктурган жаӊы 10 учур катталган. Бишкекте бир учур, Ош облусу, Ноокат районунда бирден, Ош шаарында үчөө, Жалал-Абад облусунда (Сузак району - 4, Аксы району - 1) беш учур.

Жаӊы катталган учурлардын ичинен 2 медкызматкерде аныкталды. Ошону менен жалпы 34 медкызматкер вирус жуктуруп алган.

Республикалык штаб кабарлагандай, Кыргызстанда жалпы тастыкталган 280 учур катталды. Стационарларда 246 бейтап жатат, алардын ичинен 10 адам оор абалда жана анын ичинен бешөө реанимацияда.

Ооруга чалдыккандардын жаш-курагы:

  • 15 жашка чейинкилер - 30, анын ичинен бир жашка чейинки эки наристе
  • 16 жаштан 19 жашка чейин - 11
  • 20 жаштан 35 жашка чейин - 71
  • 35 жаштан 55 жашка чейин - 101
  • 55 жаштан улуулар - 67

Британияда шаршембиде өлүм-житим көп катталды. Бир суткада 938 бейтап каза тапкан. Жалпысы болуп жети миң киши көз жумду. Вирусту 61,5 миң киши жуктуруп алган.

Лондондун мэри Садик Хан Би-Би-Сиге берген маегинде Британияда эпидемиянын туу чокусу алдыдагы бир жарым, эки аптада болушу мүмкүн экенин айтты. Ошондуктан карантин бир аптада алынбайт деди ал. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан британ премьер-министри Борис Жонсондун абалы жакшы деп кабарланды.