Дипломатиялык тирешүүгө алып барган Covid-19

  • Фернандо Дуарте
  • BBC World Service
Fists decorated with the American and Chinese flags

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Covid-19 кризисинен улам АКШ менен Кытай кайым айтышты

Испанияда коронавирус тез жайылып, өлкө бир топ кыйынчылыкка туш болду. Мамлекеттин бийлиги маанилүү медициналык жабдыктарды алыскы аймактарына жеткирүү аракетин көрүп жатканда, Түркия менен кайым айтыша кетти. Буга Анкаранын жүздөгөн респираторлорду чек арада кармап турганы себеп болду.

Испаниянын медиасы жергиликтүү өкмөт өкүлдөрүнүн абалды "уурулук" деп атаганын жазып чыккан. Эки мамлекеттин Тышкы иштер министрлиги бир апта бою сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин, респираторлор Испанияга өткөн. Бул Covid-19 вирусу пайда кылган дипломатиялык тирешүүлөрдүн бир гана мисалы.

Кайсыл мамлекеттер кайым айтышууда?

Эксперттердин айтымында, медиа Кытай менен АКШнын дипломатиялык тирешине көңүл буруп, башка мамлекеттердин кайым айтышуусу көз жаздымда калды. Албетте, АКШнын президенти Трамп Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму "Кытайга гана көңүл бурат", ошондуктан уюмга "каражат бөлүүнү токтотобуз" деп опузалаганы жаңылыктардын сап башына чыкты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Испаниянын ооруканалары Түркия чек арадан өткөрбөй турган респираторлорду бир апта бою күттү

Ага карабастан дипломатиялык тирешүүлөр башка аймактарда дагы катталды. Алардын баарында Кытайдын тиешеси бар.

"Оор учурда мамлекеттер биригип, бири-бирине жардам сунушташы керек эле. Бирок бул теория бойдон калды. Кризис учурунда мамлекеттер жабылып, кызматташуунун ордуна атандашууга көңүл бурду",-дейт Лондондогу Экономика жана саясат мектебинин окумуштуусу София Гастон.

Бул көз карашка Европа Биримдигин мисал катары алсак болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Италиянын премьер-министри Европа Биримдигинин коронавирус кризисине карата аракетин кескин сындады

Италияда Covid-19 вирусу тез жайылып, инфекциядан көз жумгандар саны өсүп жатканда, өлкөнүн бийлиги коңшу мамлекеттерден дары-дармек менен медициналык жабдык жөнөтүүнү өтүнгөн. Италия жардам сураганына карабастан Франция менен Германия медициналык каражаттардын экспортуна тыюу салды.

Италиянын Европа Биримдигиндеги өкүлү, аймакта "биримдик" барбы деген суроо жолдоду. Андан тышкары, пандемиядан жабыркаган мамлекеттерге каржылык жардам көрсөтүү боюнча дагы пикир келишпестиктер бар. Бул идеяга Германия, Австрия, Финляндия жана Нидерланддар каршы болуп жатат. Ал эми Испания, Франция, Бельгия жана Греция сыяктуу мамлекеттер колдоп жатышат. Эксперттер коронавирус Евробиримдикке мүчө мамлекеттер арасында пикир келишпестиктер көп экенин ачык көрсөткөнүн айтышууда.

Кытайдын "беткап дипломатиясы"

Италия Кытайдын "беткап дипломатиясына" туш болгон мамлекеттердин бири. Европа Биримдигинде пикир келишпестик күч алып жатканда, өз мамлекетинде вирусту жайылышын токтото алган Кытай башка өлкөлөргө жардам жөнөтүүдө.

Бээжин Римге медициналык каражаттарды, вирусту аныктоочу тесттерди, жада калса кытайлык дарыгерлерди жөнөттү. Италияда #grazieCina (Кытайга ыраазыбыз) хэштегы коомдук сайттарда кеңири тарады.

Эл аралык мамилелер боюнча адис Гесу Атнонио Баэз Кытай Вашингтон бош калтырган орунду ээлеп алууну көздөп турат деген пикирде. Президент Трамптын "Американы биринчи орунга коюу" саясаты бул багытта вакуум жараткан эле.

Чынында, Вашингтондун коронавируска каршы саясаты дүйнөнүн булуң-бурчунда сындалууда. Кытай менен АКШнын кайым айтышуусунан тышкары, президент Трамп Covid-19 вакцинасынын үстүнөн иштеп жаткан германиялык компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, вакцина даяр болгондо аны бир гана АКШга жөнөтүү укугун алуу аракети Берлинди катуу ачуулантты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Трамптын гидроксихлорохиндин препаратын экспорттоого тыюу салганына Индия кескин нааразы болду

Жакында эле Индия президент Трамптын гидроксихлорохин препаратынын экспортуна тыюу салганын кескин нааразылыгын билдирди.

АКШнын президенти Трамп хлорохин препаратынын (гидроксихлорохиндин кыскача термини) мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз кылгандан кийин, бул препаратка талап кескин өстү. Буга чейин гидроксихлорохин малярияга каршы гана колдонулган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму хлорохин же гидроксихлорохин Covid-19 вирусуна каршы күрөшө аларын тастыктаган далилдер жок экенин бир нече жолу билдирди. Ага карабастан, жакында эле президент Трамп басма сөз жыйынында "эмнени жоготуп жатасың? Дарыны ичип ал" деп айтты.

"АКШ дипломатиялык кубаттуу мамлекет катары кризисти жайгарууга киришкен жок. Ошондуктан бош орунда Кытай ээлеп калды",-деп түшүндүрдү Баэз.

Кытайдын "беткап дипломатиясы" бардык мамлекеттерде ийгиликтүү болгон жок. Мисалы, Бээжин Бразилияга жардам жөнөткөнүнө карабастан, жергиликтүү калк арасында Кытайга карата терс көз караш өзгөргөн жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кытай дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттерге медициналык жардам жөнөттү

Өнүгүү институтунун изилдөөчүсү Анналиса Приззон, азыркы абал кеңири кызматташууга мүмкүнчүлүк түздү деген пикирде.

"Кризис өнүккөн өлкөлөрдө дайыма эле туура жооп жок экенин ачыктады. Мисалы, Кытай Италияга вирус менен кантип күрөшүү керек экенин көрсөтүп берүүдө",-дейт Приззон.

Ага карабастан Лондондогу Экономика жана Саясат мектебинин окумуштуусу София Гастон кызматташуу жетишсиз болуп жатат деген пикирде.

"Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жатышат, өзгөчө Батыш мамлекеттери. Себеби, бул аймакта популизм менен улутчулдук күч алып жатат. Мындай кырдаалда кызматташуу канчалык маанилүү экенин көрсөтүшү керек эле. Анын ордуна алар бири-бири менен кайым айтышууда",-дейт Гастон. (AT)