Билл Гейтс: коронавирус вакцинасы бир жарым жылда даяр болот

Билл Гейтс

Сүрөттүн булагы, AFP

Америкалык миллиардер жана филантроп Билл Гейтс Би-Би-Сиге берген интервьюсунда, коронавируска каршы вакцина бир жарым жылда даяр болушу мүмкүн деп айтты. Аны массалык түрдө чыгаруу үчүн адаттагы процедураларды жумшартууга туура келет дейт ал.

Марттын орто ченинде Би-Би-Синин медицина боюнча кабарчысы Жеймс Галлахер Covid-19 вирусуна каршы вакцинанын бир нече варианттары иштелип чыгып, сыноо үчүн жаныбарларга колдонулуп баштаганын билдирген эле. Эгерде тесттер ийгиликтүү болсо, аны адамга сынап көрүү ушул жылы эле өткөрүлөт.

Окумуштуулардын аракетин дүйнөдө коронавирустун бир нече түрү бар экени бир топ татаалдаштыруусу мүмкүн. Ошол эле маалда британдык алдыңкы окумуштуулардын бири Жереми Фаррар "айрым кишилердин анализдери экинчи жолу Covid-19 вирусуна кабылганын көрсөтүп жатканы - бул дагы вакцинанын иштеп чыгууну таталдаштырган фактор болуп калат" деп айтты.

Анын айтымында, Түштүк Кореяда 100 чамалуу бейтапта ушундай болгон. Бул кишилер экинчи ирет дагы жуктуруп алганбы же вирус канда активдүү бойдон кала береби? Окумуштуулар азырынча буга жооп таба элек.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Вакцина иштеп чыгуу үчүн дүйнө жүзү боюнча окумуштуулар аракет кылууда

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү кайрымдуулук фонду аркылуу Covid-19 вирусуна каршы вакцина иштеп чыгууну каржылап жаткандардын бири. Билл Гейтс глобалдык пандемия тууралуу мурда эле эскерткенин айтат.

"Мен жана медицина тармагындагы эксперттер пандемия адамзат качандыр бир туш болгон ири катастрофа болуп калышы мүмкүн экенин мурда эле эскертип келгенбиз,-деди Гейтс Би-Би-Си менен маегинде. - 2015-жылы эле коркунуч тууралуу Жаңы Англиядагы билдирүүмдө айтып өткөм".

"Эпидемиядан сактануу үчүн жетиштүү каражат бөлө алган жокпуз. Ооба, эпидемияга каршы коалиция түзүп (CEPI), жаңы вакцина иштеп чыгууга мүмкүн болду. Бирок биз болгону жумуштун 5 эле пайызга жакынын аткара алдык".

Гейтстин айтымында, көп өлкөлөр буга маани да бербей коюшту жана "эч ким буга даярдык көргөн жок".

Марттын ортосунда АКШда коронавируска каршы вакцина сыноодон өтүп жатканы тууралуу кабарланган. Бирок эксперттер сыноо ийгиликтүү болгон күндө да, жалпыга жеткиликтүү болуп даярдалышына бир жарым жыл кетет деп эскерткен эле. (AbA)